Турдакун Усубалиев: Кыргызстандын коңшулары суу акысын төлөшү керек, башка жол жок
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, usubalievfoundation
Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн аныктай турган чоң маселелердин бири – региондогу суу колдонуу. Акыркы чек ара жаңжалдары муну далилдегендей болду. Кыргызстандын суу колдонуу ресуртарын көбүн курдурган, маселени ичинен билген Турдакун Усубалиевдин кеңири маегин эгемендик күнүн утурлай сунуштайбыз.
Турдакун Усубалиев 90-жылдардын экинчи жарымынан баштап 2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеп турган учурда энергетикадагы көйгөйлүү маселелерди көп көтөрдү. Кыргызстандагы суу объектилерин, суу ресурстарын жана суу чарба курулуштарын мамлекет аралык биргелешип пайдалануу, анын чыгымдарын биргелешип көтөрүү жөнүндө мыйзамды иштеп чыкты. Анда Кыргызстан сууну товар деп тааный турганы, мамлекет аралык суу ресурстарын пайдаланууда акы төлөнүшү керек деп каралган.

Сүрөттүн булагы, WWW.ENERGO.GOV.KG
Ошол мыйзам кабыл алынганда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сынга алып, суу үчүн акы төлөнбөйт, бул эл аралык нормаларга каршы келет деген пикир айткан болчу. Өзбекстандын ошол убактагы премьер-министри Өткүр Султанов дагы бул мыйзамга өтө эле терс пикирин айтып, Өзбекстандагы газеталарга басылган.
Ошондо Усубалиев Назарбаевге да, Султановго ачык кат менен кайрылып, алардын койгон дооматына негиздүү далилдер менен жооп кайтарып, Кыргызстандын суу-энергетикалык ресурстарын биргелешип куруу, биргелешип пайдалануу бардык тараптын кызыкчылыгына туура келерин, анын региондогу экология үчүн мааниси чоң экенин белгилеген жайы бар. Усубалиевдин чакырыгы боюнча коңшу өлкөлөр Кыргызстандагы суу сактагычтарды кайсы бир деңгээлде биргелешип пайдаланууда. Бирок Кыргызстанда гидроэлектр станцияларын курууга коңшулар кол сунган жок.
Ошол убакта Турдакун Усубалиев регионалдык энергетикалык кызматташтык темасында Би-Би-Сиге өзүнчө маек курган эле.
Т. Усубалиев: Бул маселени биз көп жылдан бери коюп келатабыз. Ушул дарыяларыбыздын гидро энергиясын биргелешип өздөштүрөлү, бул биздин элибиз үчүн, регионубуздун экологиясы үчүн абдан пайдалуу. Ачыгын айтсак, Өзбекстанда, Казакстанда көмүр жаккан электр станциялары абдан көп, алар биздин региондогу абаны жылытып, бул өз кезегинде биздин тоолордогу мөңгүнү эритип, суу ресурстарын азайтып баратат. Мына ушуга көңүл буралы деген маселени биз коюп келатабыз.
Суусуз, таза суусуз Борбордук Азиянын өсүп-өнүгүшү абдан кыйын. Бирок биздин коңшу мамлекеттер бул проблеманы чечүүгө катышууга көп көңүл бурбай келатышат. Эгерде биз Кыргызстандын дарыяларынын гидро энергетикалык ресурстарын биргелешип өздөштүрсөк, бул жалпы Борбордук Азиянын элинин максатына ылайык келет деген ойдобуз. Бул практика жүзүндө далилденип отурат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Өзбекстан менен Казакстан Токтогул суу сактагычын энергетикалык режимде гана колдонуп, өзүнүн кызыкчылыгына гана пайдаланып жатат, аны вегетациялык режимде дагы иштетиш керек эле деп доомат коюп жатышпайбы.
Т. Усубалиев: Өзбекстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн бизге койгон күнөөсүнүн негизи жок. Мына ушул маселеге токтоло кетейин. Советтик доордо биз Токтогул ГЭСин курдук. Ошондо өзүнчө макулдашуу болгон. Кышында Токтогул суу сактагычына сууну топтоп беребиз, электр энергия чыгарбайбыз. Ал эми жаздан баштап күзгө чейин бул сууларды Өзбекстанга, Казакстанга пахта жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарыш үчүн берип турабыз. Мына ошондой болуп келген. Ал үчүн биз кышында Өзбекстандын жана Казакстандын эсебинен газ, көмүр жана нефти продуктуларын алчубуз. Кыргызстан үчүн дагы, коңшу мамлекеттер үчүн дагы чечилбей турган эч кандай проблема болгон эмес.
Ал эми СССР тарагандан кийин биздин коңшу республикалар өздөрүнүн газын, көмүрүн жана нефть продуктуларын бизге валютага сата баштады. Алар мунун баары өзүбүздүн жаратылыш байлыгыбыз, биз аны силерге бере албайбыз дешти. Анда биз да маселе койдук. Суу сактагычтар биздин жерде, суу дагы биздин мамлекетибиздин байлыгы. Силердин аймакка агып жаткан бардык суу үчүн эмес, биз силер үчүн топтоп берип аткан суу үчүн силер тийиштүү акысын төлөшүңүздөр керек деп маселе койдук. Биздин койгон маселебизди эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ дагы колдоп жатат. Анткени, биз алар үчүн иштеп атабыз. Суу сактагычтарды курууга көп каражат сарптаганбыз, аны тейлеп жатабыз. Бул биздин мамлекеттин менчиги. Бул практика бизде эле эмес, аны дүйнөлүк практикадан да көрүп атабыз.
Би-Би-Си: Ошол эл аралык практикага дагы өзүнчө токтоло кетсеңиз, кайсыл өлкөлөрдө кандай мисалдар бар?
Т. Усубалиев: Мисал үчүн Канада менен АКШны айталы. Колумбия деген чоң дарыя бар. Ал Канададан башталып Американын аймагын аралап агат. Жайында суу ташып, Канаданын да, Американын да жерин басат. Ошондо Канада менен Американын өкмөттөрү келишим түзүп, анын негизинде Канада өзүнүн аймагында биздин Токтогулдай чоң суу сактагыч куруп берди. Аны курууга кеткен каражатты Америка төлөп берди. Андан сырткары, Америка бул суу сактагыч үчүн Канадага жылына 64 миллион доллар акча берип турат. Эмне үчүн? Анткени, бул суу сактагыч курулгандан кийин Американын жерин ташкындаган суу баспай калды. Андан башка Колумбия дарыясы Американын аймагында үч электр станциясы курулган. Алар Канаданын аймагында суу сактагыч курулгандан кийин электр чыгарууну көбөйтүштү. Мына ушунун эсебинен АКШнын өкмөтү Канаданын өкмөтүнө жылына 284 миллион доллар берип турат.
Биз өзүбүздүн коңшу мамлекеттерге мына ушундай эл аралык тажрыйба бар, аны колдонолу деп айтып атабыз. Биздин суу сактагычтар менен Канаданын суу сактагычтарынын ортосунда кандай айырма бар? Бирок биздин коңшуларыбыз сууну кудай берди, жаратылыш берди деп көнбөй келатышат. Биз суу сактагычтарга көп каражат сарып кылып атабыз, жылына аларды кармоого, тейлөөгө Кыргызстан 25 миллион доллар жумшап келатат. Эми анын коңшуларыбызга тийиштүүсү 14,5 миллион доллар. Биз ошону төлөп бергилеп деп маселе коюп жатабыз.
Казакстан акыркы жылдары биз койгон маселенин маанисин түшүнө баштады. Азыр алар суу сактагычтарды кармоого жумшалган каражаттардын тийиштүү бөлүгүн төлөй баштады. Маселен, Орто-Токой суу сактагычын алалы. Мында беш жүз миллион куб суу топтолот. Мунун элүү пайызга чейинкисин Казакстан пайдаланат. Киров суу сактагычын алалы, анда 550 миллион кубометр суу жыйналат. Анын дагы теңин Казакстан пайдаланат. Мына ушул суу сактагычтарды кармоого кетип жаткан чыгымдардын тийиштүү бөлүгүн азыр Казакстандын өкмөтү төлөй баштады. Бирок бул маселеге биздин коңшу өзбек мамлекетинин өкмөтү көнө элек. Башкача жол жок, Кыргызстандагы сууларды мамлекеттер биргелешип пайдаланып, ага кеткен чыгымдарды биргелешип көтөрүш керек. Суу сактагычтарды эксплуатациялоого Кыргызстандын сарп кылып жаткан чыгымдарды, эмгегин коңшу мамлекеттер адилет баалашы керек.
Мына ушул жылы Казакстандын парламенти Кыргызстандын парламентине Чардары суу сактагычы абдан толуп кетти, көп айылдарды суу каптап атат, Токтогул суу сактагычында көп кое бербей, сууну кармап тургула деп кайрылуу жасады. Биз муну негизинен колдодук. Бирок биздин парламент ошого жараша алар Кыргызстанга тийиштүү өлчөмдөгү газды, көмүрдү жана нефть продуктуларын бериш керек маселе койдук. Казакстандын парламенти буга макул болду. Бул маселе чечилди. Ушундай эле кайрылууну Өзбекстандын парламентине жибердик, баарын толук төкпөй-чачпай жаздык. Кандай зор иштерди Кыргызстан өзбек мамлекети үчүн иштеп берип жатканын белгилеп, аны өзбек өкмөтү туура баалашын биз сурандык. Бирок азырынча жооп келе элек. Эгер жооп келсе, биз өзүбүз берген убаданы сөзсүз аткарабыз.
Би-Би-Си: Коңшу өлкөлөр совет доорунда Кыргызстанды отун менен камсыз кылгандан тышкары, анын ГЭСтери иштеп чыккан электр энергияны да чоң көлөмдө сатып алышчу эмес беле.
Т. Усубалиев: Өткөн доордо анык адилеттүү, объективдүү социалисттик рынок болгон. Эки сөз менен айтканда, биз сууну топтоп берчүбүз, суу үчүн Өзбекстан менен Казакстан бизге тийиштүү суммада газ, көмүр жана нефть продуктуларын берип келген. Ошондой эле Токтогул ГЭСинен жалпы алганда үч миллиард электр электр энергияны берчүбүз. Алар анын тийиштүү баасын төлөп берип турушкан.
Советтик доордо ошол Токтогул ГЭСи курулгандан кийин биз беш жүз киловаттык электр линиясын Өзбекстанга жана Казакстанга тартып бергенбиз. Ал эми Советтер союзу тарагандан кийин бул эки мамлекет силердин электр энергияңардын кереги жок деп, экөө биригип араң бир миллиардка жетпеген электр энергиясын сатып алып жатышат. Муну кандай деп түшүнүүгө болот? А биз ошол Казакстанга, Өзбекстанга кетип жаткан электр энергияны өзүбүз алыш үчүн биздеги тармак жетпей жатат. Биз анда ошол тармакты куруп алалы, силер ошого тийиштүү каражатты бергиле десек, бул маселени чечүүгө коңшуларыбыз дагы көнбөй атат.








