Турдакун Усубалиев 95 жашта, илим менен алек

Сүрөттүн булагы, c
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Бишкектик журналист
Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп, мамлекетти дээрлик чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиевдин бүгүн туулган күнү. Анын 95 жылдыгы Бишкекте мамлекеттик масштабда өттү. Усубалиев өзү сыркоолоп үйдөн чыкпай турат дейт жакындары. Аны замандаштары азыркы борбор калааны, Кыргызстандын өнөр-жай тармагын жана маанилүү объектилерди курганын көп баалашат.
Кыргызстан тарыхында мамлекетти эң узак убакытка башкарган Турдакун Усубалиевге президент Алмазбек Атамбаев юбилейинин алдында айына 20 миң сомдон өмүр бою берилчү стипендия чектеди. Бүгүн туулган күнүндө болсо президент куттуктоо катын жолдоп, эл кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан өйдө койгон мамлекеттик ишмерге Усубалиев мыкты үлгү экенин билдирди.
1961-жылдан 1985-жылга чейин 24 жыл Кыргызстан коммунисттик партиясынын башында турган Турдакун Усубалиевге жетекчи катары азыр көпчүлүк мыкты баасын берип турган кез. Анын учурунда азыркы борбор калаа жана Кыргызстандын маанилүү объектилери, инфраструктурасы түптөлгөн. Медицинада көп эмгектенген Накен Касиев анын бир эле ушул тармактагы иштерине токтолду.

Сүрөттүн булагы, m
“Кардиалогиялык борборду өзү прораб болуп аягына чейин курдурган. Азыркыга чейин кызмат кылып келаткан онкологиялык бейтапкананы салдырган. Ар бир райондо оорукана курулган. Азыр ошолорго бир да кошумча кылбай колдонуп келе жатабыз”, - деди Касиев.
Кыргызстан советтер союзу учурунда өнөр-жай өлкөсүнө айланып бараткан. Ага карабай малчылар бир эле учурда малдын санын болуп көрбөгөндөй арттырып, төрт миллиондон ашык калкы бар Кыргызстанда койдун башы12 миллионго жеткен, деп эскеришет замандаштары. Анын учурунда 150дөн ашык ири өнөр-жай имараттары курулган. Өзү жазгандай, 511 миңден көп батир салдырып, эки жарым миллиондон ашык адамдын турак-жай маселеси чечилген. Ал эми академик Владимир Плоских Усубулиевдин илимге кошкон салымына ыраазы.
“Анын курулуштагы демилгелери, саясий ишмердүүлүгү боюнча көп айтышты. Бирок илимге кошкон салымын анча белгилешпейт. Мен ошону өзгөчө баалар элем. Усубалиевдин учурунда бизде космостук изилдөөлөр боюнча институт ачылган. Биздин илимдер академиясына айдын топурагын алчу аппаратты жасашкан. Ушул кишинин учурунда илимдер академиясы өзүнүн туу чокусуна жеткен, андан кийин начарлап баштады”, деген оюн ортотго салды Плоских.
Ал эми Кыргыз ССРинин эл артисти Ирина Деркембаева опера жана балет театрында иштеп жүргөндө ага Усубалиев маданиятка гана көңүл буруп аткандай сезилчү.
“Мен опера жана балет театрында иштеп жүргөндө ал маданият тармагына өзгөчө көңүл бурчу, маданиятты бийик деңгээлге жеткирген. Бул тармакка дайыма бюджеттен каражат бөлүп тураар эле. Биз такай гострольдорго чыкчубуз. Биздин маданияттын таңы ошондо аткан. Анын үй-бүлөсү дагы мыкты, жакшы балдары, неберелери, чеберелери бар”, - деди Ирина Деркембаева.
Үй-бүлөсү демекчи, Усубалиевдин жакындары бүгүнку маарекенин башында турду. Карындашы Сайра Усубалиева агасынын үй-бүлөсү тууралуу буларга токтолду:

Сүрөттүн булагы, c
“Ал басып, туруп, үйгө кирип чыгат. Ушунча баалап жаткан элине рахмат. Мамлекетти 24 жыл башкарган киши үй-бүлөсүн башкара албай калмак беле, балдары жакшы. Небере, чеберелери баары өз ордун тапкан, ошолор азыр карап жатат”.
Юбилейлик чоң жыйынга Турдакун Усубалиев өзү келген жок. Элди небереси Эрмек Усубалиев күзөтүп турду. Ал дарыгерлер төшөктө жатуу режимин жазып бергенине карабай чоң атасы кээде жазып турат дейт.
“Турдакун Усубалиевичтин абалы жакшы. Бир аз суук тийип калган экен дарыгерлер төшөктө жатсын дешти. Акыркы эки-үч жылда такай сууда сузүп турчу, жок дегенде кырк мүнөт басчу. Мурдагыдай көп жазбаса да акыркы эки жарым жыл ичинде беш китеп жазды”, - дейт Эрмек Усубалиев.
Советтер союзу учурунда Кыргызстанды дээрлик чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиев эегемендүүлүктө эки жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Саясатка аралашып турган кезде ага карата, ишине, чечимдерине ар кандай сындар да айтылбай койгон эмес. Азыр өлкөнүн аксакалы катарында.
Кантсе да өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы “Токтогул” башында турган ГЭСтердин, лампа, цемент заводдорунун, китепканалардын, маданият үйлөрдүн курулушу, дыйканчылык жерлеринин кеңейтилиши сыяктуу бир топ алгылыктуу иштеринен көрүнүп турат.








