Эгемендик жылдарында энергетикада эмне өзгөрдү?

    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстан көз карандысыздыгынын 28 жылдыгын белгилөө алдында турат. Эгемендик жылдардан бери өлкөнүн энергетика тармагы кризиске туш болуп, коррупцияланып кеткени тууралуу сындар токтобой келет. Азаттык майрамын утурлай Би-Би-Си дал ушул темада эксперт Расул Үмбеталиев менен маектешип, алгач бул убакыт аралыгында өлкө энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздай алдыбы? деген суроону узатты.

Токтогул ГЭС

Р. Үмбеталиев: 28-жыл ичинде Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздай алган жок. Маселен, "Датка Кемин", Токтогул, Күрпү-Сай, Үч-Коргон, Ат-Башы жана башка ГЭСтерди толук кандуу жаңылоо жүргөн жок. Биринчиден, Кыргызстандын элинин саны жыл сайын 120-130 миңге көбөйүп жатат. Экинчиден социалдык курулуштар өнүгүүдө. Мектептер, турак-жайлар курулуп, жыл сайын электр энергиясын керектөө дагы өсүп жатат. Мамлекет ал маселени толук кандуу чече алган жок. Көз карандысыздыкты камсыздамак түгүл энергетикалык кризиске кептелүүдө. Өндүрүлүп жаткан электр энергиянын көлөмү колдонулуп жаткан көлөмгө шайкеш келбей жатат. Анан биз кантип энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздай алдык деп айта алабыз.

Би-Би-Си: Быйылкы жылдын июлунан тартып кыргыз-казак өкмөтү энергетика тармагында товар алмашуу жүргүзүп жатпайбы. Бул жерде Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгын канчалык коргоп жатат?

Р. Үмбеталиев: Кыргызстан өз кызыкчылыгын эч кандай коргогон жок. Тескерисинче, мамлекетке чоң зыян келип жатат. "Улуттук энергохолдингдин" жетекчилиги 1-октябрга карата Токтогул суу сактагычына 17 млрд. куб суу топтолот деп мактанып жатат. Эгер Казакстанга сууну бербегенде 2019-жылдын 1-октябрына карата 19,5 млрд. куб суу топтолмок. Товар алмашуу мындай болбошу керек. Менин эсебим боюнча кыргыз өкмөтү коңшу мамлекетке 860-880 млн. кВт/саат электр энергиясын берип койду. Баасын билесиңерби канчадан? Баасы 00,1 тыйындан. Дагы бир жолу айтып кетейин 1 тыйын эмес, 00,1 тыйын.

Би-Би-Си: Эми ушул коңшу мамлекеттер менен суу-энергетикалык ресурстарды чогуу сарамжалдуу колдонуунун кандай жолун көрүп турасыз?

Р. Үмбеталиев: Биринчиден, биз суунун агымына карап экспортту, импортту эсептеп чыгышыбыз керек. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 18-19 млрд. кубдан кем болбошу керек. Экинчиден, эгер коңшу мамлекеттерге электр энергиясын сата турган болсок, тарифти жогорулатуу зарыл. Эмне үчүн өзүбүздүн элге 1 кВт/саат электр энергиясын 2 сом 16 тыйындан сатып, Казакстанга 1 сом 30 тыйындан беришибиз керек? Бул туура эмес саясат.

Би-Би-Си: Өлкө жакында эле жашыл экономика концепциясын кабыл албадыбы. Жашыл экономикага өтүүгө Кыргызстандын энергетикасы канчалык даяр?

Р. Үмбеталиев: Эч кандай даярдык жок. Бишкек жылуулук-электр борборун модернизациялоо башталганда эле ошончо ири суммага ар бир районго заманбап жаңы электр станцияларын курууну сунуштагам. Эски жылуулук-электр борборун жаңылоонун кажети жок болчу. Тескерисинче, эски системаларды жок кылышыбыз керек. Жашыл экономиканы өнүктүрөбүз десек, көмүр менен эмес, газ жана электр энергиясы менен иштей турган жылуулук борборлорун салышыбыз керек. Тилекке каршы бизде андай болбой жатпайбы. Эски жылуулук борборлорду оңдоду аты кылып алып, көмүрдү шыкап жатабыз. Анан каяктагы жашыл экономика? Мындай жылуулук борборлорду азайталы, электр станцияларынын санын көбөйтөлү деп айтып жатып тилим тешилди. Бишкек электр-жылуулук борбору жыл сайын 1 млн. 200 - 1 млн. 300 миң тонна көмүр жагат. Андан 40-50 миң уулу заттар күл менен тышкы чөйрөгө чыгып жатат.

Би-Би-Си: Маегибиздин башында өлкө энергетикалык кризистен чыга албай жатканын айтып кеттиңиз. Эми ошол тансыктыктан чыгуунун кандай жолун сунуштайсыз?

Р. Үмбеталиев: Биринчиден, "Улуттук энрегохолдинг" ишканасын жоюу керек. Анын ордуна мурдагыдай эле энергетика министрлигин түзүү учур талабы. Мамлекет үлүшүн толук министрликке өткөрүп берип, тиешелүү концепция, стратегия кабыл алынып түп тамыры менен реформалоо керек. Бөлүштүрүү, өндүрүш, электр энергиясын ташуучу компаниялардын барын бириктирип, ортомчу ишканаларды жоюп, чыгашалуу ишканаларды менчикке өткөрүп берүү жолу менен маселени жөнгө салса болот.