Атамбаев: Энергетика тармагындагы башкаруу натыйжасыз

Сүрөттүн булагы, President.kg

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин энергетика маселелерине арналган жыйнында бул тармактагы башкаруу системасын натыйжасыз деп мүнөздөдү.

Президент өлкөдөгү энергетика тармагындагы кыйынчылыктарды электр энергияны колдонуучулар өсүп жатканы менен байланыштырды.

“Карапайым калк ичинде “толтура суубуз, ГЭСтерибиз туруп, неге электр тартыш?” деген суроо дайыма коюлуп келатат. А бирок, турмуш ордунда турган жок да! Экономикабыз тынбай өсүүдө, жаңы үйлөр, имараттар, өнөржай ишканалары ишке берилип жатат, калкыбыздын да саны өсүп жатат, Кудайга шүгүр! Ошого жараша электроэнергияны керектөө да тынымсыз өсүп жатат. 2009-жылдан берки беш жылда электр энергиясын керектөө 1,5 эсеге өстү.

Анын үстүнө табигый шарттар да өзгөрүп турат экен: бир жылы суу мол болуп, башка жылы тескерисинче суу тартыш болушу мүмкүн” , - деди президент.

Ошону менен бирге Атамбаев бул тармактагы башкаруу системасы дагы өзгөрүүгө муктаж деп белгиледи: “Ачык айтканда, тармакты башкаруунун азыркы системасы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга жараксыздыгын көрсөттү.

Энергетикалык компаниялардын башкаруу органдарынын саясаты тармактын өзүнүн саясатына карама-каршы келген кырдаал жаралды.

Коррупция да бул тармакты өнүктүрбөй, четинен ыдыратып жатканы белгилүү. Энергетикадагы эбегейсиз каржы агымдары, анын ичинде мамлекеттик сатып алууларга багытталган агымдар тармактагы чиновниктердин көзүн кызартып, алкымын тыйдырбай жатат».

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен суу ресурстарына эң бай аймактардын бирине кирет. Бирок электр энергия өндүрүшү Советтик мезгилден бери сенектикти баштан өткөрүп, соңку жылдары суу жана электр энергия тартыштыгын баштан өткөрүүдө.