Электр энергиясы ким үчүн арзандайт?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Президенттин жарлыгы менен аз камдуу үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына тарифтер төмөндөдү. Электрдин 1 кВтс үчүн алар 77 тыйындан төлөп келсе, жаңы жылдан тарта 50 тыйындан гана төлөп калышат.

жаңы указ

Гүлзина Чүй облусундагы Новониколаевка айылында жашайт. Чиедей эки баласы бар, жесир:

“Жер үйдө турам. Көмүр алайын десем кымбат. 350 сомдон эки мүшөк алсам деле бир жумага жетпей калат. Ошон үчүн свет менен жылынабыз, плитка жагам. Меники ошондо 450 сомдой чыгат. Азыркы учурда иштебейм, ошондуктан ушул акча деле мен үчүн кымбат”, -дейт ал.

Электр энергиясы биринчи кезекте 16 жашка чейинки балдары бар жакыр үй-бүлөлөргө арзандайт делип жатат. Ошондой эле мамлекет тарабынан жөлөк пул алгандар үчүн да мындай жеңилдиктер берилет.

“Мамлекеттен алган 1 миң 600 сом пособием эчтекеге жетпейт. Квартирада турам, керек болсо бул акча ижара акымды да жаппайт”, -дейт Гүлзина.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Би-Би-Сиге билдиришинче, өлкө боюнча аз камдуу 112 миң 707 үй-бүлө бар. Президент электр энергиясын кымбатчылык шартында социалдык колдоо катары арзандатып жатканын айтты.

Гүлзина эки уулун жалгыз тарбиялайт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлзина эки уулун жалгыз тарбиялайт

“Социалдык камсыздоо министрлиги бизге тизме берет, ошол тизме менен биз абоненттерге жеңилдик беребиз. Биз тараптан бардык иш-чаралар дайын. 1-январдан баштап бул тарифтер күчүнө кирет”,- деди журналисттерге Энергетика министри Доскул Бекмурзаев.

Эскертүү, эгер андай үй-бүлөлөр 700 киловаттан ашык электр жарыгын колдонсо, 2 сом 16 тыйындан төлөмөкчү.

Президенттин бул жарлыгы өлкөдө энергетикалык кризис курчуп, эң башкы гидроэлектростанция Токтогул ГЭСи жазында авариялык кырдаалга кептелет деген кооптонууларга туш келди.

Энергетика жаатында эксперт Мырзатай Султаналиев Кыргызстанда энергетикадагы тариф маселеси саясатташып кеткенин айтууда:

“Өкмөт андан көрө Социалдык министрлик аркылуу муктаж үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына кеткен чыгымды жапкандай акчалай колдоо көрсөтсө туура болот. Азыр байы-кедейи деле электрдин 1 кВтс үчүн 77 тыйындан төлөп атат. Эгерде анын баасын 1 сом 30га тыйынга көтөрүп, жакырларга ошого кеткен тыйынын берсе, тикелей субсидия кылышмак эле. Ошону менен энергетиктердин да маселеси чечилип калмак”.

Улуттук электрохолдинг электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улуттук электрохолдинг электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

7-декабрга карата Токтогул ГЭСинде суунун деңгээли 10,874.16 миллиард кубометрди түздү.

Кышында суунун деңгээли дагы үч-төрт миллиард кубометрге түшөт деп күтүлүп жатат. Мындай шартта ГЭСтин жабдуусуна күч келе баштайт. Анын кесепети дагы эки-үч жылга тийиши мүмкүн.

Андыктан элге өлкөдөгү энергетикалык акыбал боюнча ачык маалымат берүү сунушталууда.

 “Үнөмдөбөсөк болбойт. Электр энергия жетпей калат деп ачыгын айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Андай шартта эл өзү эле азап чегет да. Импорт маселесин чечүү керек. Бишкек ЖЭБде жайы-кышы кубаттуулукту арттыруу керек. Азыр чакан ГЭСтерди куруу боюнча сөз болуп атат. Бирок алар чоң деле кубаттуулук бере албайт. Кабак көмүр бассейнинде жылуулук электр станциясын ишке киргизмейин бул акыбалдан чыга албайбыз”,- деди энергетика тармагынын ардагери Мырзатай Султаналиев.

Президент Садыр Жапаров демилгелеп жаткан калктын аялуу катмары үчүн жаңы тариф канчага чейин созулары азырынча белгисиз.

Балдары жок, кирешеси үч миң сомдон жогору үй-бүлөлөр үчүн мындай жеңилдиктер каралган эмес.