Садыр Жапаров: 2024-2025-жылдарга барып, энергетиканы кризистен алып чыгабыз
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Садыр Жапаров бүгүн Интернеттеги жеке баракчасы аркылуу элге кайрылуу менен чыгып, энергетикалык кризиске байланыштуу коомдо өсүп жаткан нааразылыктарга жооп берди.
"Антпесем, мени, келе калып эле энергетика системасын кризиске батырып салгандай көрсөтүп, сындап жаткан айрым жарандарыбыз соц түйүндөрдөн түшпөй жатышат",- деди президент.
Жапаров энергетика жаатында каатчылыкка мурунку бийликти күнөөлөдү. Соңку он жылда өлкөдө бир дагы ГЭС салынган эместигин, суунун башында туруп, кошуна өлкөлөрдөн кышкысын электр энергиясын сатып алуу Кыргызстан үчүн "өтө уят иш" экенин белгиледи.
"Арзан баада алса дагы мейли дейсиң го. Бир киловатын беш сомдон алышып, элге 77 тыйындан берип турушкан. Албетте беш сомдон деп кагаз жүзүндө көрсөтүлгөнү менен чыныгы баасы арзан эле болсо керек? Калганы чоңдордун чөнтөгүнө кетип турган. Балким, ушундай кызыкчылыктарды улантып, жыргап жашай бериш үчүн өзүбүздө жаңы ГЭСтерди курушкан эместир?", -деп суроо коет Жапаров.
Президент энергетика тармагынын ички жана тышкы карызы буга чейин140 миллиард сомго жеткенин, Кыргызстан азыр ал карыздан четинен кутула баштаганын билдирди.
Садыр Жапаров Кыргызстан энергетикалык кризистен 2024-2025-жылдарга барып чыгарын убадалады.

Сүрөттүн булагы, Official
Энергетикалык кризис: электрди үнөмдөөнүн жаңы чарасы
Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү адаттагыдан аз болуп, Кара-Кечеде да кышка көмүр казуу кеч башталып, өлкөдө энергетикалык каатчылык орун алды.
Улуттук энергохолдинг быйыл кезектеп жарык өчүрүүлөр орун албашын убадалап келет. Бирок коомдук сайттарда шаардын ар кайсы бурчунда электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жатканы тууралуу арыздануулар көбөйдү.
Новопавловко айылынын тургуну Нурлан Кыдыков жарык улам-улам эле өчүп,жергиликтүү тургундар свет эле эмес, суусуз да калып жатканын айтып берди:
“Мына түндө 12.16да өчүрүшкөн. Ошону менен таңкы 05.30дарга барып күйдү. Башка райондо жашаган туугандырым аларда да жарык өчүрүлүп жатканын айтышууда. Свет өчкөндө суу кошо өчкөн. Эрте ңменен жууналы десек суу жок, араң дегенде 8.30да беришти”.
Ал арада "Түндүк электр" ишканасы электр кубатына дагы бир чектөө киргизип жатат. Мындан ары бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек иштеп, бул көлөмдөн ашыра колдонгон абоненттердин жарыгы автоматтуу түрдө өчүрүлө турган болду.

Сүрөттүн булагы, Social media
“Кантта бажам турат, анын үйүндө үч фазалуу да. Улам эле светим өчүп калып атат деп атат. Эл үчүн аябай эле ыңгайсыз болуп жатат. Аристон деген бар, чайнек, холодильник деген сайылат, компьютер иштетебиз. Ошону бары бириксе 5 киловатттан ашып эле кетет да”,- дейт Сокулук тургуну Нурлан Кыдыков.
Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү учурда 11,9 млрд кубометрди түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 3 млрд кубометрге аз болууда.
Эгер суунун көлөмү кышында 6 млрд кубометрге түшсө, ГЭС иштебей калат. Андыктан кыргыз өкмөтү энергияны үнөмдөө чараларына өтө баштады.
“Кыргызстандын облус, шаарларына коюлган лимит бар, андан ашыкча колдонулуп кетип атат. Бүгүнкү күнгө 767 миллион киловатт ашык колдонуп келе жатабыз. Калкка кайрылып кетет элем, үнөмдөп колдонсок кыштан жакшы чыгып кетебиз. Эч кандай веердик өчүрүүлөр болбойт ”- деди 3-ноябрда өткөн басма сөз жыйынында Улуттук Энергохолдингдин жетекчиси Талайбек Байгазиев.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда энергетика тармагы эчен жылдан бери кризиске батып, андан чыгуунун бир жолу катары тарифтерди көтөрүү сунушталып келет.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги быйыл жайында энергиянын бир кВт/саатын катардагы абоненттерге 1 сом 9 тыйындан эсептөөнү демилгелеген.
Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналмак.
Бирок бул чечим коомчулукта нааразылык жаратып, жаңы тарифтерди киргизүү кийинкиге калтырылган эле
Президент Садыр Жапаров жакында эле өткөн өзүнүн жылдык басма сөз жыйынында социалдык-экономикалык абалды эске алуу менен тарифтер көтөрүлбөйт деген. Ошондой эле өлкөнүн энергетикалык кубатын арттыруу үчүн кандай иштер аткарылып жатканын тизмектеп да берген.
“Токтогул жана Ат-Башы ГЭСтерин реабилитация, Үч-коргон ГЭСин модернизациялоо иштери жүрүп жатат. Камбар-Ата 2 ГЭСинде экинчи гидроагрегат орнотуу жүрүп жатат. CASA-1000 долбоорун практикалык ишке ашыруу башталды".
Президенттин айтымында, учурда өлкөдө энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде чакан ГЭСтерди курууга да өзгөчө көңүл бурулуп жатат.











