Кыргызстанда электр унааларына көчүү стратегиясы

Сүрөттүн булагы, Cosial media
Дүйнөлүк метеорология уюмунун маалыматы боюнча атмосферадагы көмүр кычкыл газдын деңгээли 2020-жылы соңку он жылдыктагы орточо көрсөткүчтөн ашып түшкөн. БУУнун климат боюнча COP 26 конференциясынын алдында окумуштуулар глобалдуу жылууланууга каршы жоопкерчиликти күчөтүүгө дүйнө өлкөлөрүн чакырууда.
Ал арада Tesla компаниясынын капитализациясы $1 трлн чыгып, анын негиздөөчүсү Илон Маск Forbes жана Bloomberg басылмаларынын рейтингинде дүйнөдөгү эң бай адам болуп калды.
“Кыргызстанга электро унаалар келгиче качан” деп, көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн бул тээ алыскы келечектей сезилчү. Бирок демилге көтөрүп көнгөн кыргыз бизнеси бул ирет дагы өз сунушу менен чыкты. “Asman Electronics” компаниясы Кытайда өндүрүлгөн электр унааларды Кыргызстанга ташып келүүдө. Компания жетекчиси Кадыр Алы коомдук транспорт, такси кызматтарын, элди жашыл унаага олтургузуу башкы максаты экенин билдирди.
- Алыс барбай эле, Бишкек шаарын алалы, Бишкекте 370 000 машина расмий каттоодон өткөн. Демек, ар бир үч кишиге бирден машина туура келет. Бул аябай көп. Анын үстүнө бизге көбүн эсе эски машиналар келип жатпайбы, ошолордон чыккан газ менен биз азыр ууланып жатабыз. Дүйнө боюнча абасы эң кир шаарлардын катарына кошулдук, абанын булгануусу стандарттан алты эсе жогору. Демек, биз күнүгө ууланып жатабыз. Аны менен катар бул унаалар аябай тынч жүрөт. Эгер шаарда электр унаалар көйбөйсө, аба тазарып, аны менен катар ызы-чуу дагы кыйла басаңдайт. Акыркы эки жылдан бери кишилер экономдоо жагын ойлонуп калышты, керек болсо бул азыр биринчи фактор болуп калды.
- Өнүккөн өлкөлөр жарандарын электромобилге өтүүгө шыктандырып, бир топ мамлекеттик колдоо программалары бар. Кыргызстанда деле электр унааларды ташып келгенде бажы төлөмдөрү нөлгө барабар жана салык жеңилдиктери бар. Дагы башка кандай мамлекеттик стимулдаштыруу программалары болушу керек?
- Кытай өкмөтү электромобиль алгандарга 20-30% субсидия төлөп берет. Кытайда азыр жылына 1,5-2 млн электромобиль колдонууга киргизип жатат. Кореяда субсидия 40%га чейин. Казакстан болсо Нур-Султан шаарында коомдук транспорт системасына ушул жылы 100 электробустарды колдонууга киргизди. Алардын баасы кымбат, бирок мамлекет субсидия төлөп берип жатат. Албетте, биздин мамлекеттин акчалай жардам бергенге дарамети жетпейт, бирок Украина, Беларус сыяктуу жашыл номерлерди берсе жакшы болмок. Алар электр унааларга троллейбустун же автобустун линиялары менен жүрүүгө уруксат берип, көп парковкаларды бекер кылып коюшкан.
- Чынында бул электромобилдердин баасы кыргызстандыктардын чөнтөгүнө туура келе бербейт. Анткени, биз көбүн эсе экинчи рыноктон эски унааларды алып минебиз да. Демек, бул жагынан лизинг программалары караштыруу керек го?
- Жеңилдетилген түрдө сомдук лизинг менен берели дегенбиз, ошондо эл көп алат. Анткени, лизингдин базар баасы 16%дан 32%га чейин жетип кетип жатат. Бул абдан кымбат. Эгер мамлекет бизге 4% жеңилдетилген кредит берсе, биз аны элге 8% ашырбай сом менен берсек, ошондо көптөр электрокарга өтмөк.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
- Албетте, мамлекеттин колунда акча жок. Бирок, азыр дүйнөдө жашыл экономиканы колдогон көп фонддор бар, алар өтө төмөн пайыз менен каражат беришет. Мамлекет мына ошолордон жашыл каражаттарды тартып келип, анан аны силер сыяктуу ишкерлерге берсе болот да?
- Ооба, азыр жашыл экономиканы, экологияны коргоо боюнча ар түрдүү фонддор көп. Бирок, алар бизнесмендер менен эмес, мамлекет менен иш алып барышат. Мамлекеттин кепилдиги менен ал жактан каражат тартып келип, аны эффективдүү иштетип, убагында кайтарып турса, ал тараптан акчалар келе бермек. Өтө көп мамлекеттер ошентип иш алып барышат. А бизде болсо мурда ошондой акчаларды алып, бирок же максаттуу иштетпей, же убагында кайтарбай койгон үчүн ишеним кетип калган. Бирок, дагы деле бул багытта иштөөгө кызыкдар тараптар көп. Биз деле бюджеттен акча сураган жокпуз, ошондой фонддордон төмөнкү пайызда акча алып, аны ишкерлерге берип турса жакшы болмок. А мамлекет болсо, андай фонддордон алып, аны кайра банктар аркылуу берип жатат. Банктар болсо өзүнүн кызматтарын кошуп олтуруп 1% менен келген кредит ишкерлерге келгенге чейин жок дегенде 10% болуп кетип жатат.

Сүрөттүн булагы, Сosial media
- Демек, кандайдыр бир улуттук жашыл фонд жөнүндө сөз болуп жатат го дейм. Эгер мамлекет ошондой фонд түзө алса, анда дагы бир чоң көйгөйдүү чече алмак да. Азыр мына суунун башында туруп сырттан энергия сатып келип жатабыз. Электромобилдер болуш үчүн дагы свет керек да…
- Көптөр ойлойт, өзүбүзгө электр энергия жетпей атса эмнеге электр унаа минебиз деп, бул кыска ой. Бизде министрлер деле айтып жатышпайбы, Кыргызстан суу потенциалынын 10% гана колдонуу менен 90% керектөөнү камсыздап жатат деп. Калган 90% потенциал колдонулбай эле турат. Эгер биз ошонун жок дегенде 50% колдонсок, бизде электр энергия жетиштүү деңгээлге көтөрүлөт. Ошол убакта айдап жүргөн унаалардын көпчүлүгүн электр унаага өткөрсөк, канчалаган акча биздин экономикада калмак. Орто эсеп жылына 60 миллиард сомго күйүүчү-майлоочу каражаттарды сырттан сатып алабыз. Эгер электро унаалардын санын көбөйтсөк, алар импорттолуп келген бензин, керосин колдонбостон, өзүбүздөн чыккан энергияны колдонмок. Демек, акча өзүбүздө калып, өз экономикабызда айланса канча пайда болот эле.
- Дагы бир маанилүү маселе - бул инфраструктура маселеси. Электр унаалар жүрүш үчүн тийиштүү инфраструктура түзүлүшү керек да. Бул маселени чечүү жолдору кандай болот?
- Инфраструктура боюнча дагы өз бизнес долбоорлорубузду өкмөткө сунуштаганбыз. Мисалы, заряд станцияларын кафе-ресторандарга орнотуу боюнча. Себеби, алар дагы кызыктар болмок, анткени унаасын заряддаганы токтогон айдоочу кафеде күтүп олтуруп, тамак-аш буюртма кылат да. Негизи инфраструктура маселесин деле бизнес чечкени оң болот деп ойлойм. Бирок Экономика министрлиги Энергохолдингге тапшырма берип, өз күчүбүз менен бирдиктүү стандартта чечкенге аракет кылабыз дешти. Бул, албетте, жакшы ой. Бирок, канчалык деңгээлде ишке ашат, аны айтуу кыйын… Мына суунун башында туруп өзбүздү электроэнергия менен камсыз кыла албай жатабыз. Анан бул маселени чече албаган мамлекеттик орган электромобилдер үчүн инфраструктура түзүп бере алаарына анча ишене албай турабыз. Андан көрө, техникалык жолдомо түзүп, ачык тендер аркылуу бизнеске берсе болмок.
- Бул маселени мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинде чечсе болот да?
- Эң туура жол - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жол. Бирок, акыркы кезде, биздин билишибиз боюнча, болгону үч долбоор ишке ашыптыр. Эгер мамлекет жеке тарап менен кызматташканды үйрөнсө, көп нерсени ишке ашырып кетсек болмок.
Маектешкен Назгүл Коңурбаева












