Климаттык өзгөрүү: Күндүн ысышы жаныбарлардын азайышына таасир этип жатабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алардын оор жагдайы климаттык өзгөрүүдөн кабар берет, бирок Канаданын батышында жайгашкан Гудзон булуңундагы ак аюулар үчүн соңку он жыл катаал болгон.
Аюулардын аңчылыгы үчүн аябай маанилүү болгон Арктика деңиз музунун жоголушу бул аймактагы жаныбарлардын санынын кескин түрдө азайып кетишине салым кошкон.
"Ак аюу" эл аралык бейөкмөт уюмунун биологу, доктор Стефани Пенк Би-Би-Сиге билдиргендей, 1980-жылдан бери аюулардын саны 1200дөн 800гө чейин кыскарып кеткен.
Бирок Пенктин кесиптештери жаныбарлардын саны эле азайбай, аюулар өздөрү да кичирейе баштаганын байкашкан.
Ургаачы аюулар ичкерээк жана кичирээк болуп кетишкен. 1980-жылдардан 2010-жылдарга чейин алардын салмагы орто эсеп менен 65 кг азайып, бою 5 см кыскарган. Мунун натыйжасында алар мамалактарын чоңойто албай калышы ыктымал.
"Ургаачы аюулар мурдагыга караганда азыраак мамалактарын эрчитип жүргөнүн көрүп калдык. Мамалактар дагы кичинекейирээк болчу. Себеби, энесинин аларга (сүт аркылуу) бере турган күч-кубаты аз", - деп түшүндүрдү Пенк.
"Сак-саламат жүргөн ак аюулардын арасында көбөйүү көрсөткүчү эбак эле төмөндөп кеткен".
Бирок жоголуп жана кичирейип жаткан жаныбарлар ак аюулар гана эмес.
Окумуштуулар дүйнөдө күндүн ысышы жан-жаныбарлардын кичирейип кетишине себеп болууда деп ишенишет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мындай көрүнүш соңку он жыл ичинде жүздөгөн түрлөрдө байкалган. Балыктардан тартып, рептилияларга чейин, ошондой эле амфибиялардан тартып, сүт эмүүчүлөргө чейин, ал тургай курт-кумурскаларда да кичирейүү болгон.
Жабыр тарткан түрлөрдүн тизмеси барган сайын өсө берет окшойт.
Эксперттер бул өзгөрүүлөр экосистемага болуп көрбөгөндөй таасир этип, ал адамзатты да айланып өтпөй турганына тынчсызданып жатышат.
Эмне үчүн өлчөм маанилүү?
Өзөктө, дененин өлчөмү жаныбарлардын тукум улоосу, жашоосу жана азык жетишсиздиги же кургакчылык сыяктуу катаал кырдаалдарда аман калуусу үчүн башкы фактор.
Жан-жаныбарлар өз чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөргө өлчөмүн чоңойтуп же кичирейтип ар дайым ыңгайлашып турат. Мисалы, аларды казуулардан оңой эле байкоого болот.
Бирок бул өзгөрүүлөр өтө тездик менен жүрүп жатканын айтат окумуштуулар. 2020-жылы Калифорнияда байырлаган саламандралар боюнча жүргүзүлгөн изилдөөдө аталган түрдүн дене түзүлүшү - салмак-узундук катышы - сегиз жыл ичинде 20% кичирейгени аныкталган.
Өзгөрүнүн мындай ылдамдык менен жүрүшү жан-жаныбарлардын азыктануу же көбөйүү жөндөмүнө таасир этип, айрыкча эгерде айрым жандыктар башкаларына караганда көбүрөөк жабыр тарта турган болсо, анда жалпы эле тамактануу чынжырчасына кайра эле зыяны тийип калышы ыктымал.
Кайсы жаныбарлар кичирейип жатат?
Климаттык өзгөрүүнүн жапайы жаратылышка тийгизген таасири боюнча илимий изилдөөлөрдө белгилүү бир түрлөрдүн кайда жашаганынан тарта миграция же көбөйүү сыяктуу учурларга чейин климат таасир этерин байкашкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок соңку он жылда жаныбарлардын дене түзүлүшү жана температура менен ыктымал байланышы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр көбөйгөн.
2020-жылы чыккан изилдөө аталган тема боюнча 50дөн ашуун эмгекти талдап чыккан.
Эң эле белгилүү изилдөөлөрдүн бири Чикагодо терезелерди сүзүп өлгөн 70 миңден ашуун канаттуу боюнча эмгек. Алар шаарда жайгашкан Филд музейиндеги коллекциянын бир бөлүгү.
Изилдөөчүлөр аныктап чыккандай, 1978-жылдан 2016-жылга чейин канаттуулардын 52 түрүнүн жалпы көлөмү кичирейип кеткен. Канаттуулардын санынын төмөнкү бөлүгү (шыйрак дененин көлөмүн өлчөөдө кеңири колдонулат) 2,4% кичирейген.
Ал Америкада эле эмес, жалпысынан Жер жүзүндө температура көтөрүлө баштаган учурга дал келет. АКШнын Океан жана атмосфера изилдөө боюнча улуттук башкармалыгынын билдиришинче, 1880-жылдан бери ар он жыл сайын планетабыздын температурасы 0,08 Цельсий даражасына көтөрүлсө, 1981-жылдан бери ар он жылда 0,18 Цельсий даражасына чейин ысыган.
"Дээрлик бардык түрлөр кичирейе баштаганын аныктадык", - деди Би-Би-Сиге Брайан Викс. Ал Мичиган университетиндеги айлана-чөйрө жана туруктуулук бөлүмүнүнүн профессору жана канаттууларды изилдөө багытындагы алдыңкы окумуштуулардын бири.

Сүрөттүн булагы, Field Museum
"Ал түрлөр ар башка болсо да, бирок реакциялары бирдей эле болгон", - дейт ал.
"Ырааттуулук таң калтырды".
Көптөгөн түрлөр
"Кичирейүү" боюнча бир топ далилдер 2012-жылы британиялык илимпоздор тарабынан келтирилген.
Ливерпуль университетинин жана Лондондогу Квин Мэри университетинин окумуштуулары жерде же сууда жашаган жаныбарлардын 169 түрүнө жүргүзүлгөн эксперименттин анализин жарыкка чыгарышкан. Анда жаныбарлардын 90% температура ысыгыраак болгон кезде денеси кичинекейирээк эле абалда жетилип кеткени аныкталган.
"Бул кеңири жайылган кубулуш", - деп түшүндүрдү Девид Эткинсон. Ал Ливерпуль университетинин интегративдик экология багытында профессору жана изилдөөнү жүргүзгөндөрдүн бири.
Дагы бир изилдөөдө Түндүк Деңиздеги адамдар керектеген балыктын сегиз түрү талдоого алынган. 1970-жылдардан бери суунун температурасы жогорулап жаткандыктан 40 жылдай убакыттын ичинде алардын алты түрүнүн денеси кичирейип кеткенин изилдөө көрсөткөн.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, балык жана башка суу жаныбарлары дүйнө жүзү боюнча миллиарддаган адамдардын азыгы.
Бирок, дүйнөдө күн ысып жаткан шартта жаныбарлардын денесиндеги мындай өзгөрүүлөр жөн гана дал келүүчүлүк болушу мүмкүнбү?
Профессор Эткинсондун айтымында, илимпоздор дененин кичирейишин күндүн ысышына карата "үчүнчү универсалдык реакция" деп атап коюшат. Андан тышкары, жашоодогу окуялардын убактысы жана географиялык шарттар да маанилүү ролду ойнойт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Температуранын жапайы жаратылышка тийгизген таасирин талдоо үчүн көбүрөөк изилдөө жүргүзүү керек. Бирок биз көргөн жыйынтыктар коркунучтуу белги берүүдө", - деди профессор.
"Дененин өзгөрүшү ар биринин жашоосуна жана көбөйүүсүнө таасир этет. Анын кесепети болсо экосистеманын түзүлүшүнө жана иштөөсүнө тиет".
Бардык эле жаныбарлар бирдей ылдамдыкта кичирейип жатпагандыктан бул курсагын тойгозуу үчүн жырткычтар көбүрөөк олжо тутуп жеши керек болгон акыбалга жеткириши ыктымал. Эгерде кичирейип жаткан жаныбарлардын көбөйүүсү басаңдап калса, анда кырдаал ого беш бетер курчуп кетиши мүмкүн.
Температура жана жаныбарлардын көлөмү
Температурага байланыштуу бир эле түрдөгү жаныбарлардын көлөмүндөгү айырмачылыктар жаратылышта көптөн бери байкалып келет.
19-кылымда немис биологу Карл Бергман ысык кандуу жаныбарлардын түрү жылуу жерлерге караганда суугураак аймактарда денеси чоңураак болорун аныктаган. Алар - көбүнесе денесинде ысыкты кармап тура алган канаттуулар менен сүт эмүүчүлөр.
Бул кубулуш универсалдуу болбосо да зоология илиминде Бергман эрежеси катары белгилүү.
Жөнөкөйлөтүп айтканда, чоңураак жаныбарлар кичинекейлерге караганда ысыкты жакшыраак кармап тура алышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ушундай эле температура-көлөм эрежеси деген көрүнүш балык, амфибия жана рептилия сыяктуу суук кандуу жаныбарларда дагы байкалган.
Албетте, башка факторлорду дагы эске алуу керектир. Мисалы, айрым жаныбарлардын дене түзүлүшү температурага караганда өсүмдүктөрдөн жана азыктын сапатынан көбүрөөк көз каранды болушу мүмкүн.
Андан тышкары, жалпы эрежеге кирбеген учурлар дагы болот. Сингапур университетинин окумуштуулары 2011-жылы чыгарган изилдөө ондогон түрлөрдү талдоого алган. Ал Nature Climate Change илимий журналында жарык көргөн. Изилдөө айрым жаныбарлар ысыгыраак температурада чоңойгонун, бирок талдоого алынган беш түрдүн төртөөсүнүн көлөмү кичирейип кеткенин таап чыккан.
Байыркы убактагы кичирейүү
Миллиондогон жылдардан бери температура жаныбарлардын көлөмүнө таасир эткени боюнча жетиштүү далилдер бар.
Палеоклиматологиялык маалыматтарга ылайык, 56 млн жылдай мурда Жердин температурасы 10 миң жылдын ичинде 8 Цельсий даражага чейин көтөрүлгөн.
Азыркы АКШнын ортоңку батыш аймактарында жашаган сифриппус аттуу байыркы жылкынын көлөмү биринчи 30% кыскарганын, кийин 76% чоңоюп кайра калыбына келгенин казуулар көрсөткөн. Окумуштуулар ушундай эле көрүнүштү моллюсктарда да байкашкан.
АКШдагы Нью Мексика университетинин изилдөөчүлөрү кемирүүчүлөр түрүнө кирген саксайган куйруктуу дарак келемишин карап чыгып, "аккордеон эффектин" аныкташкан.
Келемиштердин денеси 25 миң жылдын ичинде температура көтөрүлүп, түшүп турган сайын чоңоюп, кайра кичирейип турган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Бергмандын эрежесинде айтылгандай жана температуралык стресске карата физиологиялык реакция иретинде дененин көлөмү климат ысып кеткенде кичирейип кеткен", - деп тыянак чыгарышкан изилдөөчүлөр.
Өтмүштө көптөгөн түрлөр климаттык өзгөрүүгө туруштук бере алганын көрсөткөн. Бирок мурдагы доорлорго салыштырмалуу азыркы доордогу адамдын колунан пайда болуп жаткан климаттык өзгөрүү Жерди ысытып жатат деген кооптонуулар бар. Ал кичирейип кеткен дененин кайра оңой менен калыбына келбей турганын билдирет. (EA)












