Индия: Делиде абанын булганышынан улам мектептер жабылууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индиянын борбору Делинин бийлиги абанын булгануусу жогорку чекке жеткенине байланыштуу мектептер менен окуу жайларды белгисиз мөөнөткө чейин жапты.
Курулуш иштерине дагы 21-ноябрга чейин тыюу салынды. Бирок транспорт жана коргонууга байланыштуу долбоорлорго чектөө киргизилген жок.
Шаардагы көмүр менен иштеген 11 электр станциясынын бешине гана иштөөгө уруксат берилди.
Дивали фестивалы өткөрүлгөндөн бери уулуу туман Делини каптап турат.
Делидеги PM2,5 деңгээли - адамдардын өпкөсүнө кире турган майда бөлүкчөлөр - Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) коопсуздук көрсөтмөлөрүндө айтылгандан бир топ жогору. Шаардын бир нече бөлүктөрүндө шейшемби күнү абанын булгануусу 400гө жакын же андан да жогору көрсөткүчкө жеткен. Бул “олуттуу” даражага кирет.
Аба сапатынын индекси же АСИнин (AQI) маалыматы боюнча, нөлдөн 50гө чейинки көрсөткүч “жакшы”, 51-100 “канааттандыраарлык” дегенди билдирет.
Абанын булганышынан улам айрым мектептер өткөн аптада эле жабылган. Делинин бийлиги абанын сапатын жакшыртуу үчүн карантин киргизүү жөнүндө ойлонуп жатканын билдирди. Анткени, коюу булуттар шаарды каптап калган.
Транспорт жана өнөр-жай бөлүп чыгаруулары, чаң жана аба ырайы өңдүү көптөгөн факторлор Делини дүйнөдөгү эң булганган борборго айланткан. Жакынкы штаттардагы фермерлер саман-чөптөрдү өрттөгөндө шаардагы аба дагы аябай булганып кетет. Ал эми бир эле мезгилде өткөрүлгөн Дивали майрамындагы атылган фейерверктер абанын сапатын начарлатып жиберет. Шамалдын аз согушу дагы мааниге ээ. Анткени, ал кир заттарды атмосферанын төмөнкү катмарында кармап тура берет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Быйыл кир аба олуттуу деңгээлге чыгып, Индиянын Жогорку соту катуу эскертүү айтты. Ал мамлекеттик жана федералдык бийликке көйгөй менен күрөшүү үчүн “кечиктирилгис жана ыкчам” чараларды көрүүгө буйрук берди.
Андан тышкары, Делиге жана анын жанындагы Уттар Прадеш, Пенжаб, Харяна жана Ражастан штаттарына 21-ноябрга чейин жүк ташуучу унааларды киргизүүгө тыюу салынып, өтө зарыл болгон товарларды гана ташып кирүүгө уруксат берилди.
Ошондой эле, транспорттук бөлүп чыгарууларды жана чаңдын деңгээлин азайтуу үчүн Делидеги жана башка штаттардагы жеке менчик ишканаларды кызматкерлердин 50% үйдөн иштөөгө “үндөөгө” буйрук берилди.
Индияда абанын булгануусу Делиге эле тиешелүү эмес.
Чикаго университетиндеги Энергия саясаты институтунун изилдөө тобу билдиргендей, Индиянын шаарлары дүйнө жүзү боюнча кир аба рейтингдеринде алдыңкы сапка чыгып келет жана кир абадан жыл сайын миллиондон ашуун адам каза болот.
Алар кошумчалагандай, Түндүк Индия “дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгүгө караганда 10 эсе кир аба менен дем алат” жана убакыттын өтүшү менен бул көрсөткүч өлкөнүн башка аймактарында дагы байкалууда. (EA)












