Индиядагы белгисиз дарт: жүздөгөн киши ооруп, бирөө көз жумду

Дүйшөмбү күнү 300 ашуун киши ооруканага түштү

Сүрөттүн булагы, PTI

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйшөмбү күнү 300 ашуун киши ооруканага түштү

Индияда белгисиз дарт жайылып, өлкө түштүгүндөгү Андхра-Прадеш штатынын Элуру шаарынан аныкталды. Дүйшөмбүдө эрте менен алынган маалымат боюнча 315 киши ооруканага түшүп, бир киши көз жумган.

Ансыз да коронавирус пандемиясынан айласы кетип жаткан Индия үчүн бул чоң сокку болду. Коронавирус жуктургандар саны боюнча Индия дүйнөдө экинчи орунда (9,7 млн чамалуу кишиге жукту) жана каза тапкан бейтаптар саны боюнча (140 миң ашуун) үчүнчү орунда турат.

Жаңы дарттын кайдан, кантип пайда болгонун дарыгерлер аныктай элек. Штаттын саламаттыкты сактоо министри Кали Кришна Шринавас ооруканага кабылгандардын баары коронавируска жана башка вирустук инфекцияларга текшерилип, бирок таза чыкканын айтты.

"Ооругандардын көбү балдар жана оору көзү ачышып башталган. Андан кийин кусуп, ээси ооп калганга чейин жеткен",-деп айтып берген Indian Express басылмасына индиялык дарыгерлердин бири.

Ооруканадагы бейтап

Расмийлер илдеттин келип чыгуу себебин аныктоо үчүн атайын адистерден турган топту аймакка жөнөттү.

"Кишилер ооруп жаткан аймакка барып, суунун же абанын булганышынан болушу мүмкүн деген жоромолдорду жокко чыгардык. Бул кандайдыр бир табышмактуу дарт болуп жатат. Ошондуктан лабораториялык изилдөөлөр гана буга так жоопту бермекчи",-деди Кали Кришна Шринавас.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Оппозициялык партия болсо массалык уулануу болушу мүмкүн деп, акыйкат иликтөөнү талап кылууда.