"Булганыч аба кызымдын өмүрүн алды": көңүл бурууга убакыт келди

Ella Kissi-Debrah

Сүрөттүн булагы, Rosamund Adoo-Kissi-Debrah

    • Author, Клэйр Маршалл
    • Role, Айлана-чөйрө боюнча кабарчы

Британияда медициналык териштирүү булганыч аба астмага чалдыккан тогуз жаштагы кыздын өлүмүнө түздөн-түз байланышы бар деп айтылганы кызуу талкууга жем таштады.

Элла Аду-Кисси-Дебра чоң жолдун четинде жашаган. Ал өлүмүнө "булганыч аба" себеп болду делген Британиядагы жана дүйнөдөгү биринчи бейтап.

Элла ооруп калганда, анын энеси Росамунд кызын дарылоо үчүн тынбай жүгүрдү. Жаш, ден-соолугу чың кыздын капысынан ооруп калганы Росамундду таң калтырган.

"Кызым жөн эле ойноп отуруп, деми кыстыгып калчу. Мен эмнеге деген суроону көп бердим. Эгерде астма ушунчалык курч болуп жатса, анын себеби болуш керек да?",-дейт Росамунд.

Ella and her siblings

Сүрөттүн булагы, Rosamund Adoo-Kisi-Debrah

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Элла чоңойгондо учкуч болгусу келген

Росамунд кызы кандай жагдайда ооруп калганын, эмне болгондо деми кыстыкканын эстеп, дарыгерлерге айтып берген. Элланы көп учурда тез жардам кызматы келип, өмүрүн сактап калган эле. Росамунд кеминде отуз жолу тез жардам кызматын чакырганын эстейт.

Элла 2013-жылы, февраль айында чарчап калган. Дарыгерлер курч респиратордук илдеттен көз жумду деп жазышкан. 2014-жылдагы териштирүү болсо, Элла булганыч абадан улам деми кыстыккан болушу мүмкүн деп жазган. Ага чейин булганыч аба Элланын илдетинин себеби экенин дарыгерлер сөз кылган эмес. Ошондуктан Росмунд өзүнүн териштирүүсүн баштаган. Окумуштууларга, уюмдарга кайрылып маалымат топтогон.

Ella Adoo-Kissi-Debrah in hospital

Сүрөттүн булагы, Rosamund Adoo-Kissi-Debrah

Мурда мугалим болуп иштеген Росамунд Лондондун түндүк тарабында туулуп-өскөн. Элла үч баласынын туну болчу.

"Кызым аябай күрөштү. Кудай, аябай күрөштү. Жаш болгонуна карабай баарын түшүндү. Анын үнүн дагы деле угам. Ал "эмнеге ооруп калдым" деп сурай берчү",-дейт Росамунд.

Росамунд үй-бүлөсү менен Лондондун кымгуут саналган автобекеттин жанында жашайт. Элла мектепке унаалар тынбай жүргөн жол менен жарым саатта жеткен. Алгач, Элла тамеки тарткан кишилердей жөтөлүп калган. Бирок деми кыстыгып, кыйналгандыктан дарыгерлер ал курч астмага кабылганын айтышкан. Жаш кыз катуу ооруп жатканын түшүнгөн деле эмес. Бирок убакыт өткөн сайын, өзгөчө түнү менен дем ала албай кыйналчу.

"Улам ооруканага бара берип, көнүп калат экенсиң. Башында кыйкырып, дендароо болуп кетчүмүн. Кийин кызым кыйналганын байкасам өзүм жардам бергенге аракет кылдып, колуман келбесе тез жардамды чакырат элем. Бирок кызымдын астмасы күчөй берди, айрым учурда колумдан эчтеке келбей калчу",-дейт Элланын апасы.

Rosamund Adoo-Kissi-Debrah walking along the South Circular

Сүрөттүн булагы, Phil Coomes

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Росамунд үй-бүлөсү менен Лондондун кымгуут саналган автобекеттин жанында жашайт

Кызы чарчап калганда Росамунд эмнегедир анын денесинен анализ алууну каалаган. 2015-жылы Элланын окуясын окуп калган профессор Стивен Холгэйт Росамунд менен байланышка чыгып, ошол анализдерди карап чыгууну өтүнгөн. Профессор Холгейт Британиянын астма жана булганыч абанын организмге таасирин иликтеген алдыңкы адистердин бири.

Окумуштуу жаш кыздын анализин жана ал жашаган аймактагы абанын булганычын көрсөткөн аспаптарды иликтеп, экөөнүн түз байланышы бар экенин далилдеген. Элла жашаган райондо абада зыяндуу заттардын деңгээли жогорулаганда, Элланын деми кыстыккан. Көзгө көрүнбөгөнү менен Элла көз жумган күнү аймактын абасы өтө булганыч экенин, кооптуу зыяндуу заттар жогору болгонун аспаптар көрсөткөн.

"Профессордун баяндамасын окуп алып аябай ачууландым. Биз медициналык түшүндүрмө болот десек, көрсө кызым булганыч абадан улам каза тапкан экен. Ал кырк жылдан бери ушул жаатта иш алып барат, анын сөзүнө ишендик",-дейт Росамунд.

The South Circular

Сүрөттүн булагы, Phil Coomes

Британиянын өкмөтү булганыч абадан өнөкөт оорусу курчуп, жылына 30 миң киши каза табат деп божомолдойт. Бирок буга чейин булганыч аба менен кишинин өлүмү түздөн-түз байланыштырыла элек эле.

Росамунд кызынын өлүмү үчүн дарыгерлерди күнөөлөгүсү келбейт. Бирок дүйнөдөгү ата-эне жана жөнөкөй тургундарга булганыч абага көңүл бурууга убакыт келгенин айтат.