Кытай менен Монголияда кара тумоо катталды. Бул канчалык кооптуу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай өлкөнүн чыгыш-батыш тарабында кара тумоого чалдыккан бейтап изоляцияга алынганын тастыктады.
Жайлоодо жүргөн чабан 4-июлда ооруканага жеткирилген. Ал бубон чумасын же кыргызча айтканда кара тумоону кайдан жуктурганы белгисиз.
Бээжин автоном аймакка атайын чараларды киргизип, жаныбарларды союп, этин колдонууга убактылуу тыюу салды. Эрежелерди сактабагандарга айып пул каралган.
Ал аңгыча коңшу Монголияда дагы үч киши кара тумоого кабылганы жарыяланды.
Адистердин айтымында, кара тумоону алып жүрүүчүлөр негизинен суур, кашкулак, келемиш жана коён сыяктуу жаныбарлар болуп саналат. Ошондой эле тумоо бул жаныбарларды чагып алган бүргө аркылуу да жугушу мүмкүн.
Кезегинде Европа калкынын дээрлик жарымынын өмүрүн алган кара тумоо же бубон чумасы орто кылымга таандык илдет катары сыпатталып келет. Бирок соңку жылдары бул оору дүйнөнүн көпчүлүк аймактарына дале коркунуч жаратып келет.
2010-2015-жылдары 3248 кишиге кара тумоо жукканы аныкталган. Алардын 584 көз жумган. Кытайда болсо акыркы жолу кара тумоодон 2014-жылы киши каза болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жаңы пандемия коркунучу түзүлөбү?
Учурда бубон чумасы дүйнөнүн бир нече аймагында тарап жатат, өзгөчө Конго жана Мадагаскар өлкөлөрүндө. Бирок бул илдетти антибиотиктер менен дарыласа болот. Ошондуктан кооптонууга негиз жок.
"Кытай менен Монголияда кара тумоонун катталганы тез аныкталды. Бейтаптарды дароо изоляцияга алышып, дарылап жатышат",- дейт Саутгемптон университетинин окумуштуусу Мэтью Драйден.
Covid-19 вирусуна салыштырмалуу кара тумоонун бактериясы ден-соолукка коркунуч туудурат. Адистер болсо кара тумоону оңой дарыласа болоорун айтып, дүрбөлөң түшпөөгө чакырууда.










