"Таза Индия": Дааратканага барганга эл эмнеге жакшы көнбөй жатат?

Индияда даараткана курууга, тазалыкты сактоого чакырган маалыматтык-санитардык өнөктүктөр жүрдү

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индияда даараткана курууга, тазалыкты сактоого чакырган маалыматтык-санитардык өнөктүктөр жүрдү

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди айыл жеринде көчөдө заара кылган өнөкөт азайып калганын билдирди. Бул миллиондогон даараткана куруу боюнча өкмөттүк программанын натыйжасында болду.

Нарендра Моди Индияда тазалыкты жакшыртуу жөнүндө амбициялык планын ишке ашырууну бийликке келери менен эле баштаган. Тазалык анын Индияны заманбап держава катары караган концепциясынын маанилүү бөлүгү. Ошондон бери он миллиондой даараткана курулду, коопсуз, заманбап дааратканага жеткен айылдык жашоочулардын саны абдан өстү.

Ошол эле убакта таза Индия жөнүндө маалымат жарыялоо эрте болуп калды деген да пикирлер бар. Анткени көп дааратканалар курулуп бүтө элек же бүтсө да пайдаланылбай турганы да бар экен.

Миллиондогон индиялыктар ачык асман алдында заара кылганга көнүп калган

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Миллиондогон индиялыктар ачык асман алдында заара кылганга көнүп калган

Анткени, айыл жеринде жашоочулар курулган даараткананы пайдаланбай, көнгөн адат боюнча көчөгө барып жаткан учурлар болууда. Кээ бир үй-бүлөлөр үйдөгү дааратканага баруу таза болбойт деп курулган туалетти склад кылып алышкан. Ошондуктан санитардык инспекторлор маал-маалы менен үйлөрдү кыдырып, курулган дааратканалар пайдаланылып жатканын текшерип жатышат.

"Таза Индия" өнөктүгүнүн активисттери дааратканаларды эле куруп койбой, аларды пайдаланууга элди көндүрүү, тарбиялоо маанилүү экенин айтып жатышат. Коомдук түшүнүк бир кылка болбогондуктан, көчөдө заара кылууга катуу тыюу салган чаралар үчүн өкмөттү өзүнчө бир саясий сынга алган учурлар болууда.

Мындан беш жыл мурдакы маалыматтар боюнча Индияда 1,2 млрд адамдын дааратканасы жок эле, бул өзгөчө айыл жерине мүнөздүү. Санитардык шарттын жоктугу ар бир онунчу адамдын өлүмүнө себеп болуп келген.

Ɵкмөт дүйнөлүк банктын жардамы менен "Даараткана жок болсо, келин келбейт" деген аталышта санитардык өнөктүк жүргүзгөн. Анын максаты айылдын жашоочуларынын арасында тазалыкты сактоо чаралары жөнүндө маалыматты жайылтуу болгон.

Кыргызстандагы абал

Туристтер көп каттачу жолдордо коомдук дааратканалар жокко эсе. Коомдук сайттарда Кыргызстанга келген туристтердин көбү жаратылышка суктанып кеткени менен, коомдук дааратканалардын кейиштүү абалы тууралуу көп жазып кетишет.

Коомдук медиага жарыяланган Кыргызстандагы коомдук дааратканалар

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коомдук медиага жарыяланган Кыргызстандагы коомдук дааратканалар

Жергиликтүүлөр болсо алыстагы жайлоо же стратегиялык мааниге ээ болгон жолдун четинде таза даараткана жок болгонуна көнүп деле калышкандай.

"Мекенибиз Кыргызстан дүйнөдөгү кооз жерлердин бири. Тоолору, көлдөрү, токой, жайлоолорун айта берсек өтө көп. Бирок ошол нерселердин көркүн бузган жагдайлар кездешүүдө. Мисалга алсак Бишкек-Ош жолунун Таласка кеткен жеринде кыргыз элинин сыймыгы болгон Манас атабыздын айкели бар. Ошол айкелдин алдында ажаткана бар. Ага же бийлик же башкалары маани берер эмес. Биз го көнүп калганбыз. Бирок чет өлкөдөн келген меймандарга кандай түшүндүрөбүз?",-деп жазат коомдук сайттын колдонуучусу.

Кыргызстандагы белги

Кыргызстанда мектеп, оорукана жана башка коомдук жайлардагы ажатканалардын абалы дагы кейиштүү. Интернетке улам жарыяланган сүрөттөрдөн улам Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандагы коомдук дааратканалардын баарын текшерип чыгууну санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматкерлерине тапшырган. Бирок анын жыйынтыгы дале белгисиз бойдон. (КС)