Кытайдагы "даараткана ыңкылабы"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жапония Кытайдын коомдук даараткана маселесин чечүү үчүн техникалык жардам сунуштады.
Жапониядагы даараткана үчүн техникалар дүйнөдөгү эң алдыңкы эсептелет.
Өткөн аптанын соңунда Кытай менен Жапониянын жогорку даражадагы расмийлери Түндүк Кореядан тарта соода тармагындагы кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын ичинде дүйнөдөгү ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу дагы сөз болгон.
Жапониянын Бээжиндеги элчилиги болсо кытайлык кесиптештерине өлкөдөгү "даараткана ыңкылабына" катышуу тууралуу маселени көтөрдү.

Сүрөттүн булагы, JAPAN SANITARY EQUIPMENT INDUSTRY ASSOCIATION
Nikkei Asian Review агенттиги кабарлагандай, Жапониянын Тышкы иштер министрлиги менен бирге жеке компаниялар Кытайдагы коомдук даараткана маселесин чечүү үчүн кеңешүүдө. Сүйлөшүүлөргө белгилүү "Тото" дааратканасын ойлоп чыккан адам дагы катышууда.
Бул долбоорду биринчилерден болуп Жапонияда бийликтеги либерал-демократ партиясынын башкы катчысы Тосихиро Никаи кытайлык Коммунисттик партиянын өкүлдөрү менен жолугушууда сунуштаган. Никаи мырза гигиена жана коомдук дааратканаларды жаңыртуудан тышкары бир нече тармакта кызматташууну кеңейтүү тууралуу сөз кылган болчу.
Буга чейин талаштуу аймактар үчүн кайым айтышып келген эки мамлекет, соңку айларда кызматташтыгын күчөтүп жатат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жапония "даараткана дипломатиясын" Индия жана Түштүк Азия мамлекеттеринде ийгиликтүү колдонгону дагы калетсиз.
2015-жылы Кытайдын лидери Си Цзиньпин өлкөдөгү коомдук дааратканаларды оңдоп, жаңыртуу өнөктүгүн жарыялаган. Өлкөдөгүкоомдук дааратканаларды абалын көптөн бери сынга алынып келүүдө. Си Цзиньпин бул кадам аркылуу жергиликтүүлөрдүн жашоо шарты жакшырып, экономиканын өсүшүнө дагы түрткү болот деп айткан.
Кытайдын Туризм министрлиги 2020-жылга чейин 64 миң коомдук даараткана кайрадан салынып же оңдолот деп белгилеген. Синьхуа маалымат агенттиги февраль айында "даараткана ыңкылабы" ишке ашып жатканын кабарлаган. Учурда Кытайдын ылдам жүргөн поезддеринин баарында жаңы дааратканалар орнотулду.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Айрым жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү дааратканаларды жаңылоо үчүн өтө эле көп каражат сарптаганы үчүн сынга кабылды. Маселен, өлкөнүн батыш тарабындагы Чунцин шаарында коомдук даараткана бир миллион юанга салынган.
Кыргызстандагы абал
Туристтер көп каттачу жолдордо коомдук дааратканалар жокко эсе. Коомдук сайттарда Кыргызстанга келген туристтердин көбү жаратылышка суктанып кеткени менен, коомдук дааратканалардын кейиштүү абалы тууралуу көп жазып кетишет.

Сүрөттүн булагы, Social Media
Жергиликтүүлөр болсо алыстагы жайлоо же стратегиялык мааниге ээ болгон жолдун четинде таза даараткана жок болгонуна көнүп деле калышкандай.
"Мекенибиз Кыргызстан дүйнөдөгү кооз жерлердин бири. Тоолору, көлдөрү, токой, жайлоолорун айта берсек өтө көп. Бирок ошол нерселердин көркүн бузган жагдайлар кездешүүдө. Мисалга алсак Бишкек-Ош жолунун Таласка кеткен жеринде кыргыз элинин сыймыгы болгон Манас атабыздын айкели бар. Ошол айкелдин алдында ажаткана бар. Ага же бийлик же башкалары маани берер эмес. Биз го көнүп калганбыз. Бирок чет өлкөдөн келген меймандарга кандай түшүндүрөбүз?",-деп жазат коомдук сайттын колдонуучусу.
Кыргызстанда мектеп, оорукана жана башка коомдук жайлардагы ажатканалардын абалы дагы кейиштүү. Март айында эле Таластагы борбордук паркта бир миллион 490 миң сомго жаңы туалет курулуп, бирок ал канализацияга кошулбагандыктан иштебей жатканы кабарланган.
Интернетке улам жарыяланган сүрөттөрдөн улам Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандагы коомдук дааратканалардын баарын текшерип чыгууну санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматкерлерине тапшырган. Бирок анын жыйынтыгы дале белгисиз бойдон. (AT)













