Батыралиев: элден баштаcак туңгуюктан чыгабыз

Министр Талантбек Батыралиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Министр Талантбек Батыралиев
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармектердин электрондук базасын түзүү боюнча концепциясы кабыл алынды. Министрлик жалпы медицина мекемелерин да электрондук системага бириктирүүнү, дарыгерлердин фармацевтикалык компаниялар жана жеке лабораториялар менен кызматташуусу өңдүү жемкордукту жоюуну көздөйт. Бирок бул иштер канчалык ишке ашып жатат? Би-Би-Синин суроолоруна саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жооп берди.

Би-Би-Си: 4-февраль Бүткүл дүйнөдө рак менен күрөшүү күнүндө бул илдет Кыргызстанда да өсүп баратканы айтылды. Ушундан баштасак, өлкөдө бул дартты аныктоо, дарылоо боюнча жөнөкөй жабдыктар жок. Эмне үчүн ага каршы күрөшүү начар болуп жатат?

Талантбек Батыралиев: Үч маселе бар. Биринчиси, бейтаптар онкологиялык оорулардан кантип коргоном, бир күн чалдыгып калбайын, алдын ала эмне кылсам деп күнүмдүк турмушта эч ойлонбойт. Окуп же убагында текшерилбейт.

Экинчи маселе, ооруканалардын эскилиги. Кыргызстанда бардык онкологиялык ооруканалар союз учурунда 1950-1960-жылдары курулган. Алардын саны да, сапаты да ошол учурдагыдай.

Үчүнчү маселе – жабдуу маселеси. Советтер союзу учурунда атом энергиясы, радиоактивдүү заттар онкологиялык ооруларды аныктоодо, тестирлөөдө колдонулган. Ал учурда бирдиктүү бир атомдук курулушта буларды сактоо, ташуу, колдонуу атайын ыкмалар менен белгиленчү. Азыркы көйгөй- эл аралык нормага жооп берген системаны куруу. Дүйнөдө ушундай “Магатэ” курулушу бар.

Булардан сырткары балдардын оорусу бар. Ракка кабылган балдар бир гана Бишкекте дарыланчу. Аларга Ошто, Жалал-Абадда же Нарында шарт түзүү каралган да эмес. Өткөн жылы Ошто 15 орундук жай ачтык, бирок ал да жетишсиз.

Би-Би-Си: Журналист катары медицина тармагындагы кайсы адис менен, кайсы оору тууралуу сөз кылбайлык, сиз айткандай, биринчи маселе бейтапта дешет. Бирок саламаттыгыма колдон келишинче кам көрөйүн, дарыгерге алдын ала барайын деген бейтаптын каалоосуна Кыргызстандын медициналык тейлөөсү төп келеби?

Талантбек Батыралиев: Бейтаптар илдети экинчи, үчүнчү стадияга жеткенде кайрылып жатышат. Башка өлкөлөрдө башталгычында келишет. Туура, мен тейлөө сапатынын төмөн экенин танбайм. Эки тараптуу болуп жатат. Бирок маселени кайра-кайра айта бергенде жыйынтык чыкпайт. Аны чечиш керек. Менин оюмча, "өз ден соолугума кантип кам көрсөм" деген ой жараяндын башталуу чекити болуш керек.

Кайсы тарапты карабайлы проблема. Барсаң ооруканалардын тамтыгы чыккан, жабдыктар эски. Ошондуктан мен калктын өзүнүн аң сезиминен баштагым келет. Бир жагынан бюджеттен акча жетпей жатса, туңгуюктун эптеп бир жеринен чыгыш керек. Экономиканы көтөрүүнүн жолу - чыгымды азайтуу. Ал үчүн эң эле жөнөкөй таза суу, таза даараткана жана таза кол болуш керек. Айылдардагы дааратканаларды караңыз, таза суу жок, колубуз таза эмес. Ошондон ашказан оорулары, онкологиялык оорулар, балдардын дарты жана башка илдеттер чыгып жатпайбы.

Би-Би-Си: Азыр дарыгерге барсаң, өзү сүйлөшүп алган фармацевтикалык фирманын дарысын сунуштайт, өзү макулдашкан лабораторияларга жиберет. Ушул өңдүү жемкордукту жок кылуу планыңыз бар эле. Ал канчалык ишке ашчудай?

Талантбек Батыралиев: Ал үчүн чет өлкөлөрдөгүдөй бирдиктүү электрондук системаны киргизиш керек. Анткени мен эмне кылып жатканымды бейтап да, өкмөт да, текшерүү органы да көрүш керек. Коркпошум керек, кемчиликтеримди да көрүшсүн. Анткени ар бир дарыгердин артынан текшерип отура албайсың.

Би-Би-Си: Сиз убада кылган айрым реформаларды билебиз. Медициналык мекемелерди электрондук системага өткөрүү, дарылардын баасын көзөмөлдөө, жаңы ооруканаларды куруу сыяктуу. Качан ишке ашат? Сиз кызматыңыздан кеткенге чейин жасап бүтөсүзбү?

Талантбек Батыралиев: Ишке ашырам. Мага оңой болбойт. Фармацевтикалык компаниялар, көп ишкерлер аны каалабайт, мага оңой эле багынып бербейт. Бирок андан коркпойм. Фарм бизнесте абдан чоң жемкордук бар. Акырындан баштадык. Дары-дармектердин электрондук базасын түзүү боюнча концепцияны кыйынчылык менен кабыл алдык. Анын иш-чаралар планына өкмөт башчы кол коюп берди. Президент менен жолугушууда кыйынчылыктарды түшүндүрдүм. Донорлор колдоп жатат. Учурда каржылоо булактарын таап жатабыз.

Тендерлер жүрүп жатат, жакында курулуштар башталат. Быйыл биринчи жолу Бишкекте эки, Ошто жана Жалал-Абадда бирден оорукана курулуп баштайт.

Би-Би-Си: Маанилүү нерселердин дагы бири – үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барган бейтаптардын көбү адистердин кесипкөйлүгүнө нааразы. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тейлөөсү эмне үчүн жакшырбай жатат?

Талантбек Батыралиев: Ал бир күндө жакшырбайт. Эртең аны оңдоп коём десем, жалган болот. Үй-бүлөлүк медицинага өтүп жатып кадр даярдоону унутуп калганбыз. Төрт жыл мурда даярдаш керек экен деп баштаганбыз. Алар эми төртүнчү курс болду. Дагы беш жылдан кийин даяр болот. Анан кантип сапат болсун?