Дүйнөлүк даараткана күнүнө арналган сүрөт баяндама.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бириккен Улуттар Уюмунун айтымында 2.5 миллиард адамдын дааратканасы жок. Дүйнөлүк даараткана күнүнө арнап Panos Pictures компаниясынын фотографтары, дүйнөнүн ар бурчундагы дааратканаларды жана анын тургундарга таасирин көрсөткөн сүрөт көргөзмөсүн сунуштады.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рэне Cидней шаарынын тургуну. Ал шаардын четинде үй салган. Рэне тынч жашоону жактырат. Анын дааратканасы ыңгайлуу.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 65 жаштагы Сукурбану Бангладештин баш калаасы Дакканын тургуну. Ал суунун үстүндө салынган даараткананы башка тургундар менен чогуу колдонот. Айрым учурда тургундар сууга кулап түшүшөт. Андан тышкары Сукурбану коомдук дааратканада көп оорулар болоорун белгилейт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Изабелла Рио-де-Жанейронун тургуну. Анын башка жергиликтүү тургундарга салыштырмалуу даараткана көйгөйү жок. Бирок Бразилияда бул дале олуттуу маселелердин бири.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 60 жаштагы Фабиола Эквадордун баш калаасы Кито шаарынын тургуну. Ал жаш кезинде бир даараткананы 20 киши колдончу деп айтат. Азыр ал үйүнө беш даараткана салдырган жана буга сыймыктанат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мезерет Эфиопиянын баш калаасы Аддис-Абебанын тургуну. Ал бир бөлмөлүү батирде эки баласы, энеси жана эки сиңдиси менен жашайт. Мезереттин күйөсүн 2005-жылы өткөн шайлоо учурунда белгисиз адамдар атып кетишкен. Даараткана алыс болгондуктан, үй-бүлөсү кооптонуп имараттын артын ажаткана катары колдонушат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 47 жаштагы Има Кумаси шаарынын тургуну. Анын дааратканасы жок. Иш учурунда ал коомдук ажаткананы колдонот. Бирок кечинде Ганада коопсуздук өтө начар болгондуктан Има көчөгө чыкпайт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сангита Дели шаарына 10 жыл мурун келген. Ага чейин кыштакта даараткана талаада болгонун айтат. Дели шаарына келгенде ал өзүнүн дааратканасы бар экенине кубанганын билдирди.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 61 жаштагы Эйко Токио шаарынын тургуну. Ал үйүнө жакын жайгашкан Соода борборундагы дааратканага келет. "Жаш кезимде коомдук дааратканалар тазалык жагынан аксап турчу. Азыр бул жер таза, мен керек болсо бир саат бул жерде жүргүм келет", -дейт Эйко. Соода борборундагы дааратканада коноктор кааласа музыканы алмаштырып, уюлдук телефондорунун батареясын толтура алат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Юнис Кениядагы Касарани академиясынын негиздөөчүсү. Бул окуу жайда мурун эки ажаткананы 250 студент колдончу. Андан тышкары жакын жашаган тургундар да колдонуп, даараткананын тазалыгы өтө начар болчу. Эми Юнис өспүрүмдөргө ылайык, кичинекей даараткана салынып, ал жерге чоң кишилер кирбей калганын айтат. Айрым тургундар балдарын бул окуу жайга таза ажатканасы бар үчүн жөнөтүшөт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 19 жаштагы Флора Мозамбиктеги Мапуту шаарынын тургуну. Ал бул даараткананы жакын жашаган бир нече үй-бүлө менен чогуу колдонот. "Мен бул ажатканага келгенди жек көрөм. Айрым учурда ары-бери өткөндөр карашат."
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пана Бузеску шаарынын тургуну. Ал көпчүлүк румыниялыктардай эле кыштакта жашайт. Пананын үйүнүн ичинде дааратканасы болсо да, ал короодогу ажаткананы колдонот.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Номбини жана 12 адам эки горшокту колдонушат. "Мурун даараткана талаада болчу. Анан 2009-жылы Түштүк Африкада бул горшоктор пайда боло баштады, жакшы болду", -дейт Номбини.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 46 жаштагы Сюзан Замбияда мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарга мектеп ачкан. "Лусака шаарында мүмкүнчүлүгү чектелгентерге өтө татаал. Полиомиелиттен менин бутум баспай калган. Демек жаан жаап жатса да мен дааратканага жөргөлөп кирем", -дейт Сюзан.