Таштанды континенти: пластикте жашап жаткан жандыктар

Сүрөттүн булагы, OCEAN VOYAGES INSTITUTE
Американын окумуштуулары Тынч океанга топтолуп жаткан өтө чоң көлөмдөгү пластик таштандылар деңиз жаныбарлары үчүн үй болуп калганын айтып, коңгуроо кагууда. Адатта жээктее жашаган жаныбарлар океан ортосуна кантип барып, кандай жан багып жатканы суроо жаратууда.
Калифорния менен Гавайиге жакын жердеги “таштанды континентинин” пайда болушу менен суу жээктерин байырлаган деңиз организмдеринин жашоосу өзгөрдү.
Окумуштуулар диаметри 5 сантиметр ашык болгон пластик таштандыларды изилдеп көргөн соң, калкып жүргөн калдыктардын 90 пайызында жаныбарлар жашай турганы белгилүү болду. Таштанды бөлүктөрүнөн актиниялар, кичинекей деңиз курт-кумурскалары, моллюскалар жана крабдар табылган.
"Ачык океанда таштанды пластиктер кургактагыга караганда көбүрөөк жашайт деген жыйынтыкка келдик. Ошондуктан сүзүп жүргөн тоодой болгон таштандыларда жаныбарлар көбөйө берет”, - деп түшүндүрөт изилдөөнүн автору, Smithsonian экологиялык изилдөө борборунун доктору Линси Харам.
Таштанды калдыктарындагы жашоону Линси Харам Океан саякаттары институту жана Маноадагы Гавайи университетинин илимпоздору менен бирге изилдеди.
Дүйнөлүк океанда эң аз дегенде беш “таштанды тоосу” бар, бул жерде пластиктин эбегейсиз чоң көлөмү чогулган. Мисалы 1,6 миллион чарчы километр аянттагы “Тынч океандын чоң таштанды тоосунда” пластмассанын көлөмү 79 миң тоннага жакын.
"Бул таштандыда эмне гана жок. Анын баарын желим таштанды деп айтууга болбойт, - дейт доктор Харам.
Цунаминин кесепети

Сүрөттүн булагы, SMITHSONIAN
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул калдыктардын көбүн өтө майда желим таштандылар түзөт, аны жөнөкөй көз менен көрүү абдан кыйын. Арасында балык уулоочу торлор, атүгүл кемелер дагы бар. Булар 2011-жылы Жапониядагы цунамиден кийин океанга агылган таштандылар.
Океандагы калдыктар менен жаныбарларды изилдөө идеясы дал ушул цунамиден кийин жаралган. Табийгый кырсык тонналаган таштандыны океанга алып кетти. Эми жээкте жашаган жүздөгөн тирүү организмдер Түндүк Америка жана Гавайи аралдарына келип калган таштандыдан табылууда. Бул изилдөөлөр Nature Communications журналында жарыяланды.
Адистер адамдын аракетинен же жаратылыш кырсыктарынан улам биологиялык ар түрдүүлүк бузулуп жатат деп кооптонууда. Өзүнүн табигый эмес чөйрөсүнөн алыстап, таштанды менен башка континентке жеткен жандыктар жергиликтүү фаунанын жашоосуна коркунуч жаратып жатат. Доктор Харам Би-Би-Сиге: “биз желим таштанды кандай жандыктарды ташып жүргөнүн түшүнгүбүз келет”, - деди.
25 млрд тонна таштанды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Изилдөөчүлөр таап чыккан пластик калдыктарда жашап жаткан жандыктардын айрымдары ачык океанга таандык болгон. Мындай организмдердин жашаган чөйрөсү өзгөрсө да тирүү бойдон сакталып жатат. Суу жээктеринде жашаган жандыктардын түрлөрүн таштандынын арасында көп болушу окумуштууларды таң калтырды.
“Биз изилдеген пластик таштандынын жарымынан көбүнөн жээктеги фаунанын өкүлдөрүн таптык. Булар кандайча жашап жатат деген көптөгөн суроолор жаралууда”, - дейт доктор Харам.
Экологдордун айтымында, 2050-жылга чейин айлана-чөйрөгө 25 миллиард тоннага жакын желим калдыктар ташталышы мүмкүн. Бул өз кезегинде суу, жер, абага өтө чоң коркунучтарды жаратат. (ErA)












