Афганистан: Талибандын лидерлери араздашып кетишти - булактар
Худаи Нур Насар, Би-Би-Си Исламабад

Сүрөттүн булагы, AFP
Афганистандын жаңы өкмөтүнүн курамы боюнча Талибандын лидерлеринин ортосунда чоң чатак чыгып кеткенин Талибандын жогорку мансаптуу өкүлү Би-Би-Сиге билдирди.
Алардын айтымында, президенттик сарайда аталган топтун негиздөөчүлөрүнүн бири Молдо Абдул Гани Барадар менен кабинет мүчөсүнүн ортосунда талаш-тартыш чыгып кеткен.
Барадар соңку күндөрдө коомчулукка чыкпай калгандан бери Талибандын жетекчилилеринин ыркы келишпей жатканы боюнча ырасталбаган маалыматтар пайда болгон.
Расмий түрдө бул маалыматтар четке кагылган.
Талибан август айынын ортосунда Афганистандын бийлигин басып алып, өлкөнү “Ислам Эмираты” деп жарыялаган. Алардын убактылуу министрлер кабинети толугу менен эркек кишилерден жана Талибандын башкы жетекчилеринен куралган. Алардын айрымдары соңку 20 жылда АКШнын күчтөрүнө каршы кол салуу уюштурганы менен белгилүү.
Талибандын бир өкүлү Би-Би-Синин пушту кызматына билдиргендей, Барадар менен Халил ал-Рахман Хаккани катуу айтышып кеткен жана алардын жанында турган тарапташтары дагы жаакташа кетишкен. Халил ал-Рахман Хаккани - качкындар боюнча министр жана согушчан Хаккани тобунун көрүнүктүү лидери.
Катарда жашап иштеген Талибандын жогорку мансаптуу мүчөсү жана чыр-чатакка тиешеси болгондор менен байланышы бар киши дагы өткөн аптада талаш-тартыш чыгып кеткенин ырастады.
Булактардын айтымында, премьер-министрдин орун басары Барадар убактылуу өкмөттүн курамына ичи жылыбай калгандыктан чыр чыккан.
Афганистандагы жеңиш талибдердин кимисине жазылышы керек экени боюнча бир пикирге келе албай араздашып кеткени айтылууда.
Барадар өзү сыяктуу адамдар жүргүзгөн дипломатияга басым жасалышы керек десе, Хаккани тобунун мүчөлөрү менен аларды колдоочулар жеңишке согушуу аркылуу жеткенин айтышкан.
Барадар АКШнын президенти менен түздөн-түз сүйлөшкөн Талибандын алгачкы лидери. Ал 2020-жылы Доналд Трамп менен телефон аркылуу байланышкан. Ага чейин ал Талибандын атынан АКШнын күчтөрүн чыгарып кетүү боюнча Доха макулдашуусуна кол койгон.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал эми кубаттуу Хаккани тобу соңку жылдарда Афганистандагы ооган күчтөрүнө жана алардын Батыштан келген шериктерине уюштурулган аёосуз кол салуулар менен байланыштырылат. Аталган топту АКШ террористтик уюм деп тааныган.
Анын лидери Сиражуддин Хаккани болсо жаңы өкмөттө ички иштер министрлигине келди.
Өткөн аптада Барадар коомчулукка көрүнбөй калганда ич ара бүлүнүү боюнча ушак-айыңдар тарап кеткен болчу. Барадар Талибандын эң көрүнүктүү жүздөрүнүн бири. Социалдык медиада анын каза болгону жөнүндө жоромолдор айтылган.
Талибан кыймылынан булактар Би-Би-Сиге билдиргендей, кер-мур айтыша кеткенден кийин Барадар Кабулдан чыгып, Кандагар жергесине жол тарткан.
Дүйшөмбү күнү Барадар чыгарды делген аудиодо Талибандын түзүүчүлөрүнүн бири “командировкада” жүргөнүн айткан.
“Азыр кайда жүргөн болсом да, биз баарыбыз жакшыбыз”, - деген ал.
Талибдердин бир нече расмий сайттарында жарык көргөн аудио жазманы Би-Би-Си ырастай алган жок.
Талибан талаш-тартыш болбогонун жана Барадар коопсуз экенин билдирди. Бирок учурда жасап жаткан иштер боюнча карама-каршы келген билдирүүлөрдү жарыялады. Уюмдун өкүлү Барадар Талибандын башкы лидери менен жолугушуу үчүн Кандагарга кеткенин айтса, бирок кийинчерээк Би-Би-Синин пушту кызматына ал “чарчаганын жана эс алгысы келгенин” билдирген.
Көптөгөн афгандар Талибандын сөзүнөн күмөн саноого негиз бар экенин сезип турушат. 2015-жылы аталган топту негиздеген лидер Молдо Умардын өлүмүн эки жылдан ашуун убакытка чейин жаап жашырганын талибдер мойнуна алган. Ал убакыт аралыгында талибдер Молдо Умардын атынан билдирүүлөрдү чыгарууну улантышкан.
Булактар Би-Би-Сиге билдиргендей, Барадардын Кабулга кайтуусу күтүлүүдө жана эч кандай талаш-тартыш чыкпаганын айтуу үчүн камерага чыгып сүйлөшү ыктымал.
Талибандын башкы командири Хибатулла Ахунзада эч качан эл алдына чыккан эмес. Бул боюнча ар кандай жоромолдор жоопсуз бойдон. Ал Талибандын саясий, аскердик жана диний иштерин көзөмөлдөйт.
Ал ортодо Афганистандын убактылуу тышкы иштер министри шейшемби күнү эл аралык донорлорду жардамды кайра баштоого чакырып, эл аралык коомчулук көмөгүн саясатташтырбашы керек экенин билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Афганистанда “катастрофанын бир учу көрүнүп калды” деген эскертүүсүнөн кийин өлкөгө 1 миллиарддан ашуун АКШ доллары өлчөмүндөгү жардам берилери убадаланды. (EA)












