Россия-Украина согушу келечекте геноцид боюнча соттук процесстерге айланабы?
Алмаз Кулматов, тарыхчы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орус-украин кармашынан улам II дүйнөлүк согуш жана анын кесепети менен байланышкан терминдер (агрессия, баскынчылык, оккупация, демилитаризация, денацификация, эл аралык кылмыш соту, аскер кылмыштары ж.б.) тирилип, өтмүштө калгансыган окуялар бет маңдайыбызга калдайып чыга келди.
Геноцид (грек тилинен genos - уруу, урук жана латын тилинен caedo - өлтүрүү), экинчи дүйнөлүк согушта пайда болгон термин. Нацисттер басып алган элдерге, айрыкча жөөттөргө, сыгандарга, согуш туткундарына карата уюштурган массалык кыргынды еврей адвокаты Рафаэль Лемкин геноцид деп атап, Нюрнберг трибуналында алгач колдонулуп, кийин юриспруденциянын эл аралык масштабдагы терминине айланган. 1948-жылы 9-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунын Башкы Ассамблеясы кабыл алган “Геноцид кылмыштарынын алдын алуу жана жазалоо жөнүндө Конвенцияда” геноцидге байланышкан кылмыштарга так аныктама берилген. Айтмакчы, Кыргыз Республикасы Конвенцияга 1996-жылы 26-майда кошулган.
Дүйнө Украин кризисине карата карама-каршы эки жаатка жана бейтарап эсептелгендерге даана бөлүндү. Украинанын Буча жана Бородянка сыяктуу шаарларындагы адамдардын өлүмү, украин жарандарынын “атайы операциянын” айынан башынан кечирген азап-тозогу, көргөн кордугу геноцид атала баштады.
Маселен АКШ президенти Жо Байден орус бийлигинин Украинадагы аракетин геноцидге теңеп, Путин “украин болуу идеясын жок кылууга аракет кылууда” десе, Британ премьер-министри Борис Жонсон Украинадагы курмандыктарды геноцидге окшош деген пикирин айтты. Франция, Германия жана башка өлкөлөрдүн лидерлери “геноцид” терминин колдонуудан азырынча тартынып турушат.
Президент Эммануэль Макрон бааны саясатчылар эмес, юристтер бериш керектигин билдирди. Ал андан тышкары, “эгер геноцид деп таанысак, анда ушул кылмышты жасаган субъект менен согушууга тийишпиз” деп түшүндүрдү (Караңыз: Признает ли мировое сообщество геноцидом действия России на Украине).
Бирок геноцидди тааныган тарап геноцидге айыпталган тарап менен согушууга тийиш деген жобо Конвенцияда жок. Болгону 8-беренесинде геноцид актысын же ага байланыштуу аракеттердин алдын алуу же болтурбоо максатында ушул Конвенцияны тааныган мамлекет бардык зарыл чараларды көрүү талабы менен Улуттар Уюмуна кайрыла алат деген жобо бар. Жазалоо тууралуу новеллаларда да согуш айтылбайт, болгону кылмыш болгон мамлекеттин мыйзамы менен же эл аралык сот соттой турганы кеп болот.
Демек Макрон геноцидге айыпталган тарап менен согушуу талабын кайдан тапканы белгисиз, балким шайлоо алдында жооп беримиш болуп, кийин “ак чөп башта” дегиси келдиби, айтор так аныктама бербестен, кайсы бир мыйзамга такап кутулду.

Россиянын лидерлери геноцидге айыпталабы?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Геноцид адамзатка, анын коопсуздугуна жана тынчтыкка каршы эң оор кылмыштардын бири. Геноцид улуттук, этностук, расалык же диний топту жок кылууга, тукум курут кылууга атайы багытталган, ушул топтордун мүчөлөрүн өлтүрүү, куугунтуктоо, зордук-зомбулук, аларды балдарынан ажыратуу, адам чыдагыс шарт түзүү менен коштолот деп аныктама берилет Конвенцияда.
Геноцид терминин Россиянын Украинадагы аракеттерине карата колдонуу жана кийин эл аралык сотто жазага тартуу маселеси оор, татаал жана талаштуу.
Биринчиден, Россия эл аралык кылмыш сотуна байланышкан келишимдерди тааныбайт. Россия Рим статуту деп аталган эл аралык кылмыш боюнча сот тууралуу келишимге 2000-жылы кирип, 2016-жылы чыгып кеткен. Демек орус бийлигинин жана юристтеринин ою боюнча, Россия эч кандай аскерий же башка кылмыштарды жасаганы жок, андан тышкары, Россиянын аракеттери эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясына кирбейт. Россия куралдуу жаңжал башталгандан бери Бириккен Улуттар Уюмунун адам укугу боюнча кеңешинен жана адам укуктары боюнча Европа Кеңешинен да чыгарылды. Демек Россия тааныбаган мыйзамдардын жана келишимдердин жоболорун ага карата колдонуу юридикалык көйгөй экенин белгилешет юристтер. Россияда азыркы режим бийликте турганда орус бийлиги “эл аралык кылмыш сотунун чечимин тааныбайм, ага эч негиз жок, билгениңерди кылгыла, силер дүйнөнүн кайсы гана жеринде кандай гана оор кылмыштарды, анын ичинде геноцид жана аскер кылмыштарын кылганыңарды биз да билебиз” демеги турулуу иш.
Экинчиден, Конвенцияда белгиленген кылмыштуу аракеттердин атайылап жасалгандыгын, ошондой ниеттин болгондугун далилдөө зарыл. “Орустар Украинага кол салганда, украиндерди тукум курут кылуу максаты жок болушу мүмкүн, бирок согуштун жүрүшүндө пайда болгон кылмыштуу иштер, орус аскерлеринин айрым аракеттеринин баары биригип келип тукум курут актысына айланды”, - дейт геноцид боюнча адис, Хопкинс университетинин профессору Евгений Финкель.
Москва жөнөкөй жарандардын массалык өлүмүн жана башка оор кылмыштарды украин улутчулдары жасады, Киевдин атайы чагымчыл аракетинин натыйжасы деген тезисти бетке кармап келет. Албетте, кийин баары ачыкталат, бирок мезгил өткөн сайын далилдердин ынанымдуулугу азайып, ар ким өз аргументтерин айта берип, жалпы коомчулук чындык кай тарапта экенин калыс баалай албай калат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Камбоджадагы (1975—1979-жылдары 3 млн адам кырылган), Ирактагы (1987-1989-жылдары Анфаль операциясынын натыйжасында миңдеген курддар кырылган), Босниядагы (1995-жылы Сребреницадагы кыргын) жана Руандадагы (1994-жылы 800 миң ашуун тутси эли кырылган) геноцидге байланыштуу жана оор аскер кылмыштары ондогон жылдар бою эл аралык сотто каралмак тургай, козголгон эмес.
Кийин гана ири мамлекеттердин лидерлеринин позициясы өзгөргөн соң аталган окуялар геноцид катары айыпталды. Непадам эртең эле ири мамлекеттер кайсы бир кызыкчылыктар үчүн мунасага келип, пикирлеш болуп чыга келсе, геноциди да, аскер кылмыштары да, ал тургай Украина “унутулуп”, өз көйгөйү менен жалгыз калышын четке кагууга болбойт.
Бирок эзели элдин эсинен кетпейт, орус бийлигинин “атайы операциясы” убагында төрөлгөн ымыркайлар жана көзү менен көргөн жаш муун, анан улам кийинкилери эр жеткенде геноцид маселеси кайрадан козголо берет. Геноцид үчүн күнөөлүүлөрдү аныктоо жана жазалоо ошол болочок муундардын миссиясына айланат.
Эл аралык мамилелерде маселелер ушул контекстен каралып, суроолор жарала бермекчи. Айталы XIX-XX кылымдар тогошундагы армян калкы башынан кечирген кыргын-сүргүн алигиче армян-түрк мамилелерин аныктап, ар кандай эл аралык форумдарда көп маселелер ушул өңүттөн каралып, кенедей шек кетсе бири-бирине демарш жасап келишет.
Үчүнчүдөн, кылмышка жана кылмышкердин аракетине баа берүүдө катардагы жоокерден тартып чечим кабыл алган, көрсөтмө берген кол башчы, мамлекет башчысына чейинки адамдардын жоопкерчилигин аныктоо муктаждыгы жаралат. Немис жазуучусу Эрих Мария Ремарктын каарманы айткан “буйрук кишини жоопкерчиликтен куткарат” деген түшүнүккө жетеленгендер, буйрукту аткарган эмес, берген күнөөөлү деп эсептегендер арбын.
Бирок дээрлик бардык өлкөлөрдүн мыйзамдарында мажбурлоо, аргасыз аткаруу сыяктуу жеңилдетүүчү жагдайларды эске албаганда, буйрукту аткаргандардын жоопкерчилиги буйрук бергендерден кем эмес. Ошондуктан орус бийлиги азыр кутулуп кеткен күндө да, режим алмашканда маселе кайра актуалдашаарын адистер кеп кылууда.
Анын үстүнө геноцид, аскер кылмыштары сыяктуу оор кылмыштарды иликтөө жана кароо узак убакытты алат. Айтор эртеби-кечпи Украиндагы окуялар саясий, укуктук баасын алат жана келечектеги далай дискуссиянын, талаш-тартыштын бутасына алынып, чыңалуунун предметине айланат.
Гаага эл аралык сотунда иштеген аскер юристи Гиссу Ниа, миңдеген балдардын Россияга депортацияланышы жана орус жоокерлери басып алган аймактагы аялдарды украин балдарын төрөбөй калгыча зордуктайбыз деп коркутканы тууралуу Киевдин билдирүүсү далилденсе, геноцидге айыптоо бекемделерин белгилейт.
Геноцидге айыпталбаса да, орус-украин кармашында болуп жаткан окуялардын бир тобу адамзатка каршы жана аскерий кылмыштар катары квалификацияланышы ыктымал. Маселен жарандык объектилерди атайылап жок кылуу, аткылоо, жай тургундардын бөөдө өлүмү ж.б.у.с.

Эми кашайып Донбасста көп аскер катышуучу, курал-жарактын нечен түрү колдонулуучу кандуу кармаштар башталды. Каршылаш тараптар муну чечүүчү салгылаш деп да баалап жиберишти. Албетте, мындай кармаштарда бейкүнөө жай тургундар, карапайым калк жабыр тартат, зыянга учурайт, бөөдө окко учат же зордукка кабылат. Демек Россияны геноцид кылмышына айыптоолор дагы күчөйт. Ушул тапта ар бир нерсе документтештирилип, эртеби-кечпи орус бийлигин жана буйрук аткарган адамдарды эл аралык сотто геноцидге, адамзатка каршы жана аскерий кылмыштар үчүн жазалоого пикир калыптанып, даярдыктар көрүлүүдө. Эл аралык соттун юристтери ушу тапта Украинада иштеп жатат, атайын иликтөө, тергөө жүрүүдө. Украинада ушу тапта тергөө жүргүзүп жаткан Эл аралык соттун прокурору Карим Хан, аскер кылмыштары тээ 2013-жылы, орус-украин жаңжалы тутанганда эле башталган деп эсептейт.
Ошол эле учурда эл аралык кылмыш соттору, аскер трибуналдары кылмыштарга айыпталгандардын эл аралык укуктук системага карата мамилесине карабастан айыптоо, жазалоо укугуна ээ. Тарыхый мисалдар жана прецеденттер жетиштүү. Мисалы, нацисттик Германиянын жетекчилерин геноцидге айыптап соттогондо Конвенциянын өзү жок эле. Алардын көбү Нюрнберг трибуналы адамдардын калың массасын мыкаачылык, жырткычтык менен жок кылгандыгы же ошол кылмышка билип туруп катышкандыгы үчүн өлүм жазасына тартылышкан.
Серб лидери Слободан Милошевич албандарга карата аскер кылмышы үчүн көзү өткөн соң эл аралык трибуналда соттолуп, геноцид үчүн күнөөлү деп айыпталган. Андан тышкары, геноцидди жана аскер кылмыштарын тануу да кылмыш катары квалификацияланат. Демек кийин өз аракеттерин кылмыш деп эсептебеген адамдар эл аралык кылмыш укугунун ушул жоболору менен айыптоого кириптер болушу ыктымал.
Тукум курут мисалдары
Конвенцияда геноцид кылмышы этностук, улуттук жана диний топтор менен чектелген. Рим статуту Конвенцияга караганда тагыраак жана кылмыштуу аракеттерди конкреттештирет. Аскердик кылмыштар өзүнчө бөлүнүп, даана аныкталган. Конвенция кабыл алынып жатканда улуттук аспект маанилүү болсо керек, социалдык топторго каршы геноцид аракеттери ушул документте камтылган эмес.
Ал эми атуулдук, жарандык согуштарда бир элдин өкүлдөрү улутташтарын социалдык абалына, тегине, саясий көз карашына жараша кырган учурлар тарыхта кездешет. Мисалы, Камбоджада 1975-1979-жылдары Пол Поттун коммунисттик режими улутуна, динине карабастан 3 миллиондон атуулдардын канын суудай агызган.
Бир улуттун ичинде же бир диндин ичинде бирин бири кырган учурлар да арбын. Айрыкча орто кылымдарда христиандардын арасында массалык кыргындар узак жылдар бою уланган. 16-кылымдан 18-кылымдын аягына чейин дээрлик 300 жыл бою католиктер менен протестанттар, анан ал конфессиянын ичиндеги диний агымдар, ордендер ортосундагы кандуу согуш бүгүн геноцид аталбаса да, тукум куруттун классикалык үлгүсү болуп эсептелет.
Бир элди башка бир эл тукум курут кылган сюжет Библияда кездешет. Бирок байыркы заманда еврейлердин өзү башка бир элди тукум курут кылып, катуудан казаны, жумшактан күлү калгыча чапканы көркөм өнөрдө негедир кездешпейт да, кеп кылынбайт. Мадийлер (англисче версиясында - Midians) еврейлерге кандаш туугандар. Моисей Египет фараондорунан качып, аталаш тууганы мадийлердин арасына келип баш калкалайт. Мадийлер бозгун тууганына жаны ачып, бооруна батырып, Моисейге Сепфора деген кызын да күйөөгө беришет. Кийин Моисейдин көӊүлү бузулуп, алигиче бүдөмүк себепке такап, көктөн тушкөн аянга шылтап, жараткандын амири менен (адатта кыргын-сүргүндү жараткандын талабына такашат) мадий аттууну каарын төгүп, түгөл кырдырган экен. Бир кыргынга ыраазы болбой кайра жайпатып, биротоло тукум курут кылганы баяндалат көөнө китепте.
Азыркы замандын айрым окумуштуулары бул кыргынды өзгөчө мүнөздөгү, сейрек кездешчү геноцид деп баалайт. Мисалы Адам Жонс секелек кыздарын гана калтырып, калганын кырып салуу кан жаңыртыштын амалы, генетикалык мүдөөнү көздөйт, калган себептер беймаани деп эсептейт (караңыз: Adam Jones, «Genocide: A Comprehensive Introduction», 2010).
Тукум куруттун кыйыр түрлөрү
Кыйыр геноцид түшүнүгү пайда болду жана реалдуулукка айланууда, тилекке каршы. Мындай түшүнүк эл аралык укук системасында ордун таба элек. Азырынча. Боло келген менен геноцид, экоцид жана башка тукум курут актылары, мыкаачылыктары, оор кылмыштар кийин гана эл аралык укуктун системасында аныктамага ээ болуп, кылмыш эсептелип, мүнөзү, түрү, деңгээли, кесепети, жазасы, жоопкерчилиги эми белгиленип отурат го.
Анын сыңарындай, эртең эле кыйыр геноцид да өз баасын алып, жоопкерчилиги белгилениши зарыл.
Кебибиз Украинага байланыштуу башталган соң, Украина менен Казакстандагы ачарчылыкка (голодомор деп атап келишкен) кайрылалы. Голодомор - экономикалык геноцид экенин соңку тарыхнаамада, саясат таануу илиминде, публицистикада кеп кылына баштады.
1932-1933-жылдары Совет бийлигинин туура эмес азык-түлүк саясатынын кесепетинен СССРдин бир топ аймагынын калкы ачарчылыкка учурап, туш-тушка тентип, жалпысынан 8 млн ашык адам кырылган. Анын ичинен эң жабыр тарткандары украиндер менен казактар.
Адистер 2,5 миллион адам өлгөн десе, айрым украин тарыхчылары мындан алда канча көп адам (3,5 миллион) кырылган дешет. Казактар – 1 миллиондон 1, 7 миллионго чейин адам ачарчылыктан кырылганын айтат. Ошентип өлкөсүнө жараша окумуштуулар түрдүү санды айтат.
Биз эл каттоо боюнча расмий маалыматка таяналы. Украиндер менен казактардын саны 1926-жылга караганда 1939-жылдагы эл каттоодо кескин азайганын байкоого болот. Мисалы, казактар 1939-жылдагы каттоодо 1, 1 миллионго (27,9%), украиндер 31 миллиондон 26 миллионго (15%) азайган. Көпчүлүгү ачарчылыктан кырылды. Албетте, советтик идеология аларды 1929-1933-жылдардагы кургакчылыкка байланыштуу ачарчылыкка, малярияга ж.б. шылтап келген. Эми деле орус саясатчылары, аналитиктери ушинтип түшүндүрөт.
А чындыгында 1929-1933-жылдары кургакчылык болбогонун Украинанын биринчи президенти Леонид Кравчук учурунда, Компартияда иштеп турганында тактаганын эскерет. Украиндер муну “голодомор”, “экономикалык геноцид” деп атайт.
Аныгында бул совет өкмөтүнүн волюнтаристтик коллективдештирүү жана натуура айыл чарба саясатынын кесепеттүү натыйжасы. Эсил кайран Жусуп Абдрахманов болбогондо, биздин бир тууган казактар мындан да көп жоготууга учурамак. Непадам Абдрахманов саясий эрдикке жарабаганда, 1916-жылы катуу кырылып, жаңы эле калыбына келе баштаган кыргыздардын күнү не болмок, болжош кыйын.
Эгерде Украинадагы ушу таптагы окуялар геноцид деген баасын алса, анда бул экинчи мертебе тукум курут актысы катары бааланат.
Азыркы учурда азык-түлүк тартыштыгы, экономикалык каатчылыктын айынан, куралдуу жаңжалдардын кесепетинен миллиард ашуун адам ачарчылыкка тушукту. Соңку кездеги “кризис 1,7 миллиард адамды ачарчылыкка кептейт, адамзаттын бештен бир бөлүгү он жылдар бою башынан кечире элек азапка туш болот”, - дейт БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш.
Албетте, ушунча адамдын 90% чукулу жакыр өлкөлөрдө жашагандыктан, бул аларга урулган оор сокку. Демек миллиондогон киши, бүтүндөй этностор, алардын балдары жашоо укугунан ажыроо коркунучуна кептелип отурат. Бул жагдайды аналитиктер атайы максаттуу болбосо да, масштабдуу кыйыр геноцид деп атай башташты.
Конвенциянын өзүндө адамзат өз тарыхында нечен ирет геноцидден эбегейсиз запкы жегени белгиленет. Бул айныксыз чындык. Адамзат өз башынан 14 миң согушту кечирген. Азыр да дүйнөнүн аймагынын үчтөн биринде куралдуу жаңжал жүрүүдө, дүйнө калкынын 30% ашыгы согуш аталбаса да куралдуу конфликттерден азап чегүүдө.
Орошон жазуучу Эрнст Хемингуэй таамай айкандай, коңгуроо башкага эмес, ар бирибизге карата кагылып отурат. Албетте, мындай жагдай айланып келип, эмки тил менен айтканда мультипликативдик кесепетин, оор салакасын баарыбызга тийгизмеги анык.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.












