Украина: Донбаска чабуул башталды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйшөмбүдө Орусия шаарларды артиллериядан жана ракеталар менен аткылап баштады. Президент Зеленский видео кайрылуусунда“Донбасс үчүн” согуш башталганын айтты.
Украинанын коопсуздук кеңешинин катчысы Олег Данилов, “Орусия Украинанын фронт чегин экиге болгөнгө аракет кылууда”, - дейт.
Орусия Киевди ала албай калгандан кийин бул чабуулдун башталышы көптөн бери күтүлүп жаткан.
Орусия баштапкы планында Украинанын чоң шаарларын басып алып, өкмөттү кетирмек.
Бирок айыгышкан карышылыкка кабылгандан кийин орус куралдуу күчтөрү “биринчи баскычтагы операциялардын негизги максаттары аткарылганын” айтып, борбордун тегерегиндеги аймактардан күчтөрүн чыгарып кетүүгө аргасыз болгон.
Андан соң алар пландын максаты орус тилдүү Донбасс аймагын “бошотуу” болорун жар салган.
Президент Владимир Путин баскындын максатын “денацификация” жана демилитаризация деп атаган, бирок Украина жана анын тарапташтары муну жөн эле баскынга шылтоо деп эсептешет.
Дүйшөмбүдөн тартып Орусия Украинанын чыгышындагы бир катар аймактарды артиллериядан жана ракеталар менен аткылап баштап, Луганск аймагындагы Креминна шаарында жана Донецк аймагында жалпысынан сегиз киши каза болду.
Өлкөнүн батышындагы Львов шаарына урулган ракеталык соккудан жети киши өлдү жана дагы он бири жарадар болду.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Луганск аймагынын башчысы абалды “тозок” деп атады. Айрым шаарларда салгылашуулар уланып жатат.
Украинанын экинчи чоң шаары Харьков жайгашкан аймактын башчысы, катуу кагылышуулар күтүлгөн жерлерден жай тургундар эвакуацияланып жатканын айтты.
Орус куралдуу күчтөрү жекшембинин түнүндө Украинанын жүздөгөн аскердик буталарды, анын ичинде Харков, Запорожье, Донецк жана Днепропетровск аймактарында жалпысынан 16 аскер объектин жок кылганын билдирди.
Дүйшөмбүдөгү кечки видео кайрылуусунда, Зеленский мырза ал жана анын күчтөрү “бизди коргойт” жана “Украинанын эч жерин бербей” турганына убада кылды.
“Бүткүл орус армиясынын чоң бөлүгү бул чабуулга багытталган”. – “Канчалык көп орус аскери келбесин, биз согушабыз” - деп украинанын куралдуу күчтөрү согуша турганын кошумчалады.
“Өткөн айда Москва Лугансктын 93%ын, Донецктин 54%ын көзөмөлгө алганын жана анын куралдуу күчтөрү региондо калган украин күчтөрүн курчоого алганга аракет кыларын билдирген.
Аларга каршы Киев үчүн салгылашууларда абдан такшалган армия турат. Украинанын аймакта 40-50 миң аскери бар деп эсептелет, алардын көбү Орусия колдогон жикчилдер менен жылдап согушуп келе жаткандар.
Зеленскийдин администрациясынын башчысы Андрей Ермак, чабуул “согуштун экинчи баскычын” билдирерин белгиледи жана “баскынды токтотуп калууга күчүбүз жетет”, - деп украиналыктарды ишендирди.
“Биздин армияга ишенгиле, ал абдан күчтүү”, - дейт ал.
Баштапкы максаттардын өзгөргөнү, Владимир Путиндин өткөн аптадагы сөзүнөн белгилүү болгон. Ал анын максаты - “Донбасста жашаган, Орусия менен үзүлгүс байланышын сезген элге жардам берүү” болгонун айткан.
Пентагондун пресс-катчысы Жон Кирби, Орусия муну менен “кийинки баскындарга шарт түзүп жаткан” болушу мүмкүн экенин жана “ырасмий Киевди Орусиянын бул жортулу менен анын Украинанын башка региондоруна чабуулдарын токтотпой турганын эске алышы керектигин” билдирди.
Данилов мырза, Украинанын ТВсына берген маегинде: “Путин биздин мамлекетибизди жана жетекчилерибизди жок кылуу максатынан баш тарткан жок”, - деди.
Орусия түштүк-чыгыштагы Крым менен жикчилдер кармап турган аймактарды бириктиргенге мүмкүнчүлүк бере турган Мариуполь шаарын камоосун улантууда.
Расмий Киевдин айтымында, Орусиянын согуш учактары украиналык акыркы коргонуучулар жашырынып жаткан “Азовсталь” заводуна беш тонналык бомбаларды таштоого даярданып жаткан. (CS)








