Россия-Украина согушу: Донбасс үчүн чабуул кандай болот?
Девид Браун,
BBC News

Украинадагы конфликт өлкөнүн чыгышына ооду, ал жактагы украин согуштан өткөн жана жакшы даярдалган күчтөрү турат.
Талдоочулардын баамында, Украинанын эң мыкты аскер бөлүктөрү өлкөнүн чыгышында жайгашкан, алар жер-жерлерде коргонуу чектерин жана башка чептерди даярдап коюшту.
Азыркыга чейин украин жоокерлери орус жортуулуна каршы катуу туруштук берип жатышты, бирок украиндердин куралдуу күчтөрүнүн саны орустардыкынан алда канча аз болгондуктан, орус аскери өлкөнүн айрым райондорунда акырындык менен алга жылып жатат.
Негизги салгылаштар кайда болот?
Орусиянын расмий бийлиги билдиргендей, алардын күчтөрү Донбассты, башкача айтканда, Украинанын чыгышындагы Луганск жана Донецк облустарын “толугу менен бошотууга” багытталган.
Украинанын чыгышындагы жерлердин мүнөзү орустардын чабуулуна чоң тоскоолдуктарды жаратат. Талдоочулардын айтканы боюнча, өлкөнүн түндүгүнө караганда, бул аймакта токойлор азыраак, ошондуктан ачык талаалар коргонуп жаткан тарапка ыңгайлуураак шарт түзүп берет.

Согушту изилдөө институтунун (ISW) маалыматы боюнча, Словянск шаары үчүн бул согуштун кийинки чечүүчү салгылашуусу жүрүшү болжонот.
Эгер Изюм шаарынан чыга турган орус аскери Словянскини басып ала турган болсо, алар салыштырмалуу түрдө саны көп эмес украин аскерлеринин тобун курчоого алыш үчүн чыгышка, Северодонецк шаарын көздөй жылышы мүмкүн, же чоңураак украин контингентин курчоого алуу үчүн андан ары түштүктү көздөй жылышы ыктымал.
Эгер Мариуполь шаары орустардын колуна өтө турган болсо, алардын кошумча аскери түндүктү көздөй, Донецкинин батыш тарабындагы районго жетүүгө мүмкүндүк алат.
Украиндер кезектеги салгылашка кантип даярданып жатышат?
Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институттун окумуштуусу, ардагер бригад генерал Бен Барринин айтымында, украин күчтөрү көп жылдар бою өз коргонуусун даярдашты, андыктан орус аскери үчүн украиндерди бул майдандан сүрүп чыгаруу өтө татаал болот.
“Украинанын пайдасына Биринчи дүйнөлүк согуштагыдай казылган окоптор гана эмес, алар коргогусу келген чептей бекемделген шаарлар жана айыл-кыштактар да бар”, — дейт Барри.
Украинанын чопкутталган техникасы жана башка жабдуулары атайын үймө коргондордун далдасында, жер төлөлөрдө жоонун мизин кайтаруу үчүн жашырылып жайгаштырылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинанын чыгышындагы көптөгөн жоокерлер өтө чоң тажрыйба топтошту, алар 2014-жылы конфликт башталгандан бери орусчул жикчилдерге туруштук берип келе жатышат.
Орус аскери түндүктөн артка чегингенден кийин, украин кол башчылары Киевди коргоо үчүн мындан ары зарыл эмес болгон аскер бөлүктөрүнүн жайгашкан жерин которуп, аларды өлкөнүн чыгышына жөнөтө турган болсо, бул аймакта украин жоокерлеринин саны көбөйүшү мүмкүн.
Орусия кантип чабуул коет?
Генерал Барринин айтымында, Орусия жердеги аскерин жылдырардан мурун, күчтүү украин коргонуусун абадан талкалоо үчүн артиллерияны жигердүү колдонуп баштайт болушу керек.
Артиллерия - майда аткыч куралдарга караганда дүрмөттөрдү алда канча алыска атуу үчүн иштелип чыккан оор курал болуп саналат.
Украин жоокерлерин алдын ала оор артиллериядан аткылоосуз жөө аскерлер менен тике чабуул салуу орустарга абдан чоң жоготууларды алып келет жана жеңилүү тобокелчилигин кыйла жогорулатат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өзү жүрүүчү артиллерия танк сыяктуу көрүнөт, бирок дүрмөттү бутага тикелей эмес, көкөлөп келип тийгидей кылып мээленип атылат.
Мындай курал сүйрөтүлүүчү замбирекке караганда алда канча жакшы корголгон, ошондой эле душмандын коргонуусу жырылып баштаганда алга карай тез жүрүп кете алат.
Бирок, алга жылуу үчүн мындай мүмкүнчүлүктөр анда-санда гана болушу мүмкүн, анткени фронт сызыгы көптөгөн аймактарда жарым-жартылай гана сакталууда.
“Бул кызыл жаян салып, кишинин эсин оодарган көрүнүш болушу мүмкүн”, — дейт генерал Барри.
Украин позицияларын алыстан аткылоо үчүн Орусиянын “Град” үлгүсүндөгү жапырт атуучу реактивдүү системалары бар, сыягы орустар буларды кеңири колдонсо керек.

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Граддын" 40 ракетасы бар, ал анын баарын 20 секунд ичинде ата алат. Бул курал Харьков, Мариуполь жана башка шаарларда калк жашаган конуштардын таш-талканын чыгарып, жай тургундарга өтө чоң зыян келтирди.
Айрым билдирүүлөр боюнча, орус аскерлери Украинанын айрым аймактарында, анын ичинде Донецк облусунда Мариуполь, Харьков облусундагы Изюм шаарында вакуумдук курал (термобарик) дагы колдонгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул артиллериялык курал ушундай эле чоңдуктагы башка жарылуучу заттарга караганда алда канча чоң кыйроолорду алып келет, ал булут түрүндө күйүүчү аралашманы чачып туруп тутантып жиберет, мындан чоң жалын пайда болуп, артынан өтө күчтүү жарылуу эпкини урат.
Коргоо изилдөөлөрү боюнча Королдук бириккен илимий институтунун окумуштуусу Самуэль Кренни-Эванстын айтымында, “алар биринчи кезекте шаарларда салгылаштарды жүргүзүүгө арналган”, анткени биринчи соккудан кийин абага жайылган күйүүчү майдын буусу жарылардан мурун имараттардын жылчыктарына кирип кете алат.
Орус артиллериясы Украинанын негизги коргонуу чектерин талкалай алса, украин күчтөрү аткылаган жерлерден ылдам өтүп кетиш үчүн ал транспорт менен жабдылган куралчан жөө аскерлерди танктардын колдоосу астында алдыга салат.
Авиацияны айта турган болсок, бомбалоочу жана кыргын салуучу учактар менен чабуулчу тик учактар колдонулат.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын айтымында, салгылашуулар “Экинчи Дүйнөлүк Согушту эске салат”.
Росссияны эмне токтото алат?
Аналитиктердин айтымында, согуштун алгачкы апталарында орус армиясынын согушка камылгасы начар экени билинип калды. Анын олуттуу логистикалык маселелерди чече алар-албасы алигиче бүдөмүк.
Орус армиясы күйүүчү май, азык-түлүк, суу, рациялар жана жылуу кийимдер сыяктуу негизги керектүү буюмдардын таңкыстыгы менен күрөшүүгө аргасыз болду.
“Орустардын согушка даярдыгы, мотивациясы жана жетекчилиги жеңишке жетүүдө чоң мааниге ээ болот. Орустар Киевдин алдында өзүн начар көрсөтүштү, алар мындан сабак алыштыбы же жокпу, биз билбейбиз”, - дейт генерал Барри.
Алынган маалыматтар боюнча, азыркы учурда Орусия Украинага караганда үч эсе көп аскердик техника жоготту.
Мындай кырдаал өлкөнүн чыгышындагы согушка кандай таасир кылары али белгисиз, бирок талкаланып жок болгон техниканын ордун толтуруу абдан чоң маселелерди жаратышы мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жалпыга ачык Oryx аскердик аналитика веб-баракчасы фото-видео далилдери бар гана талкаланган аскердик унаалардын жана техниканын эсебин жүргүзүп турат.
Бул маалымат ресурсунун эсеби боюнча, Орусия 400 танк, 20 учак, 32 тик учак, жүздөгөн чопкутталган техниканы жана башка жабдууларды жоготту.
Украинанын аз сандагы жоготуулары алардын куралдуу күчтөрүнүн өлчөмүн чагылдырышы мүмкүн, бирок, ошол эле учурда алардын тактикалык ийгилигин да айгинелей алат.

Сүрөттүн булагы, Oryx
Украина көп сандагы орус курал-жарагын олжого түшүрдү, бирок алар канчалык пайдалуу болору азырынча белгисиз.
Америкалык Деңиз-аскердик изилдөөлөр боюнча борбордун (Center for Naval Analyses (CNA)) окумуштуусу Майкл Кофман: “Бул курал-жарактар кайра колдонууга жарамдуу болушу үчүн белгилүү бир убакыт өтөт. Аны тейлеп, иштете турган адистерди даярдап, ишке жарачудай кылып, тийиштүү жерге жайгаштырыш керек. Олжого түшкөн бир нече чопкутталган унаа менен танк - чопкутталган танк бригадасы эмес”.
Узак мөөнөттөн алып караганда, эгер батыш өлкөлөрү Украинага коргонууга гана жарактуу курал жиберүүнү улантса, Орусия чечүүчү үстөмдүккө ээ боло берет.
Кренни-Эванс: “Көпчүлүк учурда Украинанын ар бир талкаланган “Град” ракета аткычынын же гаубицасынын ордун толтура турган башка курал-жарагы жок. Бирок Орусиянын өндүрүшү дале дүркүрөп иштеп жатат - андыктан орус армиясы техникалык жоготуулардын ордун тез эле толтуруп коёт. Ошентип, согуш улана бергендиктен, убакыт Орусиянын пайдасына иштеп баштайт”. (KGNE)









