Украинадагы согуш: Өлүктөр менен өрттөнгөн танктарга толгон Бучанын көчөсү

Буча проспектиси Киевди курчай басып кирип, президент Зеленскийдин бийлигин кулатабыз деген орус аскеринин үмүтү көмүлгөн алгачкы жерлердин бири.
Орус армиясы 24-февралда Украинанын чегин бузуп киргенден 2-3 күндөн кийин Буча шаарчасынан Киевге өтүп бараткан орустардын куралчан аскерлери коштогон танктар колоннасын украинанын куралдуу күчтөрү талкалаган.
Бул конвойго дагы кыйратуучу сокку Украинага болгон орус баскынын токтоткон көптөгөн буктурмалардын биринде урулган.
Би-Би-Си командасы Бучаны орус аскери ал жерден толук чыгып кеткенден кийин көрө алды.
Москва эч кандай далилдери жок эле борбордук Украинадагы максаттарына жеткенин жана Киевди алууну эч качан көздөбөгөнүн жарыя кылды.
Чындыгында украиндердин айгышкан жана жакшы уюшкан каршылыгы аларды борборго кирбей токтогонго мажбур кылды. Шаарчанын көчөсүндө талкаланып, түтөп жаткан колоннанын калдыктары анын далидери.
Эки-үч аптадан кийин орус аскеринин шайы ооп калды. Бучанын көчөсүнөн эмнеге андай болгонун түшүнсө болот.
Учактар менен ташылып келген аскер транспортуна минген Орусиянын аба күчтөрүнүн тандамал аскери шаарга кирип келген. Алар мындан бир аз алыс жайгашкан, баскындын биринчи күнү орус десанты тик учактар менен келип чабуул койуп, басып алган Гостомел аба майданынан келишкен. Ошондо эле украин күчтөрү айыгышкан каршылык көрсөтүп жаткан.
Бучадан өтүп баратканда, орус аскерлери бир маалда түз жолдун кууш жерине тыгыла түшкөн. Бул аларды сонун бутага айланткан. Өз көзү менен көргөн украиндер конвойго "Байрактар" чабуул кылганын айтышууда. Башкалар ал жерде жергиликтүү коргонуу күчтөрү дагы жүргөн дешет.
Кандай болбосун, колоннанын биринчи жана акыркы транспорту талкалангандан кийин башкалары капканда калышкан. Калдыктар ошол бойдон кол тийбей турат. Жерде 30 миллиметрлик пулемет окчонтойу дагы башка коркунучтуу жана бузулган ок-дарылар жатат.

Жергиликтүүлөр аскерге жаңы чакырылган жаш балдар качып чыгып, жергиликтүү коргонуу күчтөрүнө бербегиле деп жалынганын айтышат. Жетимиштерге келип калган, өзүн Гриша атаган чоң ата: “Аларга боорум ооруп кетти. Алар болгону 18-20 жашта, алардын бүт өмүрү алдыда”, - дейт.
Чегинүүгө камынган орус аскерлери андай боорукер болушкан эмес окшойт. Украин аскерлери шаарчага киргенде көчөдө кеминде 20 киши өлүп жаткан. Айрымдарынын колу аркасына байланган. Шаардын мэри 280 кишини бир көргө чогуу көмүшкөнүн айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си бул тууралуу мурда билдирген. РФ коргоо министри Бучадагы жай тургундардын өлүмү жана үрөй учурган фотолор тууралуу билдирүүлөргө комментирий берген жок. Андан мурда Москва аскер иштерин жүргүүүздө жай тургундардын өлүмүнө алып келбегендей аракеттенишерин айткан.
Согуш шартында Би-Би-Си кай бир окуялар тууралуу ырасмийлердин жана күбөлөрдүн айткандарын дайым эле тастыктай албайт.
Мында калган жай тургундар орустардын көзүнө чалдыкпоого аракет кылышкан. Газ, электр жана суу камсыздоосу кесилгендиктен алар ыктыярчылар аркылуу өлкөнүн чыгышындагы Львов шаарынан жеткизилген азыктардан көчөдө отко тамак бышырып жеп турушкан.

“Бул 38 күндөн бери биринчи көргөн наныбыз”, - дейт өзүн Мария деп тааныштырган аял. Анын кызы Лариса советтик доордо курулган имартты көрсөттү.
Кыйроонун изи мындан бир нече километр жердеги Гостомел аэропортуна алып келет. Орус десанты аны Киевге кирүү үчүн колдонгонго аракет кылган.
Баскындын биринчи эле күндөрү дүйнөдөгү эң чоң Мрия учагы талкаланды. Анын тагдыры – Украинадагы болуп жаткан окуялардын күзгүсү. Бул учак Украинанын дүйнөлүк деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашыра ала тургандыгынын көрсөткөн символу, Украинанын улуттук сыймыгы эле. (CS)
















