Орус оккупациясындагы жашоо: Баш ийбеген украиндер

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Олеся Герасименко, Анастасия Сорока
- Role, Би-Би-Си
Мелитополь 150 000 ден ашык калкы бар чакан шаар. Анын жашоочулары Украинанын аскер күчтөрү каршылык көргөзбөстөн чыгып кеткендигин, орус аскерлери болсо 250 чакырым Түштүк-Батыштан, Крымдан кирип келгендигин айтышууда.
"Балким, бул туура болгондур",-дейт жергиликтүү бир аял Мариополь менен Чернигов шаарларындагы окуяларды.
Бул шаарлар акыркы жумаларда айыгышкан салгылашууларды көрүп, катуу бомбалоого дуушар болду. Ал жерде каза болгон жарандардын саны көп болушу мүмкүн.
"Бизди бир желмогузга калтырып кеткендей эле болду",- деп кошумчалады ал ачуулана.
Херсон Мелитополдон дээрлик эки эсе чоң, 290 000 калкы бар. Жергиликтүү кабарчы бийликти басып алуу согуштун алгачкы эле сааттарында болгонун айтты.
Украинанын армиясы орустардын алга жылуусуна катуу каршылык кылган жок. Шаарга жакын жерлерди Калашников автоматы жана күйүүчү бөтөлкөлөр менен куралданган жергиликтуу бир ууч адамдар коргоду.

Сүрөттүн булагы, Media Platform Vhoru
"Орустар танктар жана бронетранспорттор менен жакындап келишти. Аймактык коргонуу күчтөрүн багынып берүүсүн суранса болмок, бирок алар анын ордуна оор пулеметтор менен аткылашты,- дейт кабарчылар. - Алар өлгөндөрдүн сөөктөрүн да алып кеткенге уруксат беришкен жок, анткени бул коркутуштун амалы эле."
Анын айтканын Би-Би-Си маектешкен Херсондун беш тургуну дагы бекемдеди, бирок Россиянын Коргоо министирлиги шаарды басып алуу учурунда аймактык коргонууга ок атылгандыгын ырастаган жок.
Орус армиясы Херсонго келгенден кийинки алгачкы сутканын ичинде атышуулар көп болду. "Биз үйдө калдык, бирок үйлөрдүн, бактардын жана унаалардын үстүнөн башаламан атылып жаткан октордун үнү угулуп жатты",- дейт бир тургун.
Кийинки күнү орус аскерлери жергиликтүү телеборборго келип, инженерлерди орус каналдарын көрсөтүүгө мажбурлашты.

Сүрөттүн булагы, Igor Tsurkan/suspilne.kherson
Херсондун бир тургуну бизге орустар киргизген негизги эрежелерди түшүндүрүп берди. Ага "украин желегинин түшүрүлбөй тургандыгын жана Херсон кадимкидей жашай берет деп" айтышкан.
"Орусиялыктардын тинтүүсүнө даяр болушубуз керек болчу,- деп кошумчалады ал. - Алар биздин телефонубузду, анын ичинде социалдык тармактагы жазгандарыбызды жана жеке билдирүүлөрүбүздүн баарын текшеришчү".
Жоокерлерге телефондон көргөндөрү жакпаса, аны алып кетишчү экен.
Көп өтпөй Россияга каршы митингилер башталды. Херсондуктардын айтымында, орус аскерлери адегенде таң калып, жада калса коркуп да кетишкен.
Жергиликтүү тургун Би-Би-Сиге: "Алар борбордук аянтка аскерлерди жана бронетранспортерлорду алып келип, митингчилерди артка сүрүүгө аракет кылышкан, бирок эл корккон жок. Бул орустарды чындап эле адаштырды",- дейт.
Мелитополдо көрүнүш башкача болду. Орус аскерлери митингчилерди сабап камай башташкан.
Тургундардын бири Би-Би-Сиге орус аскерлери нааразылык акцияларын уюштурган активисттерди башында куугунтукка алганын айтты.

«Башында биз күнүгө каршылык көрсөтүп чыгып аттык,- деп айтып берди бир аял. - Бирок барган сайын алар көп адамдарды кармай башташты, ал түгүл уруп сабаганга өтүштү».
Эң ири каршылык акцияларынын бири Мелитополдо 11-мартта болду, ошондо орус аскерлери шаардын мэри Иван Федоровду уурдап кетишкен эле.
14-марттагы каршылык акциясы дагы масштабдуу болду, бирок башкача сезилип атты. Ага катышкан адамдар Би-Би-Сиге айтып бергенине караганда, орустар борбордук аянтка кайрадан бронтехниканы алып чыгышып, жүздөн ашык аскер курчап кайтарып турду.
Чогулган эл мылтыгын даяр кармап жүргөн көзгө атарларды да көрүшкөн.
Митингге барган аялдардын бири аскерлер чогулган элди аралап жөөлөп кирип, көптөрүнүн документтерин тартып алып коюшканын айтты. "Биздин паспортторду - кереги жок кагаз" деп коюшту".

"Алар чогулган элдин жанынан зуулдап өтүп, музыканы катуу чыгарып, биз украин ырларын ырдап жатканда добушубузду басууга аракет кылышты. Же болбосо сөөмөйлөрүн көрсөтүп жатышты",-дейт Би-Би-Сиге жашоочулардын бири.
21-мартта Россияга каршы акциялар күчөп баштаганда, орус аскерлери аларга каршы ок атты, бир адам курман болду. Ошондон кийин интернет байланышы начарлап кеткен.
Би-Би-Си Россиянын Коргоо министрлигинен Херсондо болгон атышуу жөнүндө маалымат сурап, эч кандай жооп да, комментарий да ала алган жок.
Мелитополдуктар зордук-зомбулук аябай эле катуу болгонун айтып жатышат.
Бир аял бизге орус аскерлери украиндин көк-сары желегин оронуп алган бир өспүрүм түгөйлөрдү кармап кеткенин айтып берди.
"Эркек бала менен кыз он жетиге толо электей көрүндү",-деди ал. - Мен орустарга айттым: Эмне кылып атасыңар? Булар балдар да! Ошондо өспүрүм бала "Украина жашасын!" деп кыйкырып жиберди. Анда аскерлер "Бул Россия" деп кыйкырып, аны токмоктоп башташты.
Бул аял орус аскерлери коркутканына карабай, желекти алып салуудан баш тартканын билдирди.
"Мен коркутууга аракет кылышты, менин эмне кыларын айтышты. "Мага баары бир" деп айттым мен.

Сүрөттүн булагы, Reuters
16-мартта Мелитополдун мэрин украиндер туткундаган он орус аскерине алмашып бошотушту. Андан кийин каршылык акциясына чыгуу мүмкүн болбой калды.
"Москвада жашоо ушундай окшойт",-деди Би-Би-Сиге Мелитополдун жашоочусу. "Биз кайсы бир жерге чогулуп баштасак эле, толтура аскер пайда болот жана бизди кубалап баштайт".
Мелитополдун бир жашоочусу бизге жергиликтүү активисттер Zoom менен митинг өткөрүп баштаганын айтып берди.
Ал аңгыча Херсондо орус аскерлери украин милиционерлеринин, аймактык коргонуу күчтөрүнүн, журналисттердин жана жарандык активисттердин үйлөрүнө барып кармап кете башташты.
Жергиликтүү бирөөнүн айтымында, россиялык күчтөр Херсон көбүнчө орус тилдүү калк жашаган шаар, ошондуктан көзөмөлдөгөнгө оңой болот деп ойлошкон окшойт:
"Россиянын пропагандасы Херсон Россияны катуу колдоп жаткан шаар деп айтып жатат. Бирок иш жүзүндө баары башкача".
Россиялык аскерлер Херсондогу жергиликтүү элге ар кандай азык-түлүк таратып, өзүнө тартууга аракет кылышты. Алардын жардамы алган кээ бир адамдар болду, булар көбүнчө үй-жайсыз же оокаты начар адамдар эле.
"Ошондо орустар аларды ыраазылык сөздөрүн айттырып, камерага тартып алып жатышты".

Сүрөттүн булагы, Reuters
Херсондо Украина көзөмөлдөгөн аймакка эч ким өтө албайт, бирок россиялык армия аннекциялап алган Крымга барганга автобустарды сунуш кылып жатты.
Жергиликтүү жашоочулар орус оккупациясы көпкө созулбайт, украин армиясы аларды кууп чыгат деген ишенимде болуп жатат.
"Согуш абдан оор болот деп ойлойбуз, анткени орустар шаарга келчү жолдун баарын миналап салышты, Николаевде да ошондой болгон. Бирок биз баарына даярбыз"-деди жергиликтүү тургундардын бири.
Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын жарандык райондорун миналанып жатканы жөнүндөгү билдирүүлөргө такыр жооп бербеди.

Мелитополдо биз сүйлөшкөн адамдардын орус күчтөрүнө мамилеси, маанайы аябай эле каршы.
Бир аял өзүнүн атасынын энеси 1920-жылдары большевиктер тарабынан кулакка тартылып, башка жакка айдалып кете жаздаганын эскерди.
"Ошондо ал өзү иштетип жаткан тегирмен менен үйүн өрттөп салып, сарайга көчүп, кутулуп кеткен экен,-дейт. "Мен дагы ошону жасайм керек болсо. Эч кайда кетпейм". (КС)








