Украинадагы согуштан улам эстелген "Хасавюрт келишими" деген эмне?

Алмаз Кулматов, тарыхчы

Генерал Александр Лебедь

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Генерал Александр Лебедь

Орус-украин согушу башталганына бир айдан ашты. 29-мартта Россия менен Украинанын делегациялары Түркияда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын жыйынтыгын эки тарап тең өз кызыкчылыгына жараша жарыялап турат. Бул согуштун аяктоо варианттарынын бир катары, Москва Биринчи чечен согушун токтотуу максатында 1996-жылы мажбур түзгөн Хасавюрт (Хасавүрт) келишими сыяктуу макулдашуулар менен аяктап калышы мүмкүн деген пикирлер айтыла баштады. Тарыхчы Алмаз Кулматов, бул макулдашунун таржымалын Би-Би-Си үчүн атайын изилдеп чыкты.

“Украинанын Евробиримдикке киришине орустар каршы эмес. Украинанын нейтралитет статусунун эл аралык-укуктук кепилдиги тууралуу сунушун уктук. Нейтралитет ядролук куралсыз, чет өлкөлөрдүн аскерий базалары жана күчтөрү Украинанын аймагында жайгашпоого тийиш, химиялык, бактериологиялык куралдарды өндүрүүгө тыюу салынат” маанисиндеги позициясын орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский билдирди.

Украина тарап “согуштук аракеттерди токтотуу, орус аскерлерин Украина аймагынан тез арада чыгып кетүүсү, Крымдын статусун аныктоону 15 жылга, ЛНР жана ДНР аталган эки аймактын статусун эки президенттин жолугушуусуна чейин калтыруу биздин негизги талаптар” болуп эсептелет деди.

Канткен күндө да, соңку сүйлөшүүдө чечкиндүү секирик жасалбаганы менен Кремль реанимациялап, саясий ураанга айланткан “денацификация” жана “демилитаризация” термини бул ирет орус тараптан айтылганы жок, тескерисинче, “деэскалация” термини угулду.

Түркиядагы раундга удаа орус коргоо министри Сергей Шойгу Киев менен Чернигов багытында активдүү аракеттер токтоп, Донбасс аймагында күч жумшай турганын кабарлады. Эки тараптын талаптары конкреттешип, кескин билдирүүлөр жасалбаганы, жолугушууларга барып жатканы жакшы жышаана.

Ал ортодо “эки тарап элдешкени калды, орустар туташ санкциядан катуу жапа чегип, Украинаны бир аптада баса калып, кол бала режим менен каалаганыбызды кылабыз деген планы таш каап, баштапкы оюнан кайтууга аргасыз деген пикирлер арбыды.

Ал тургай Москва 1996-жылкы Хасавюрт (Хасавүрт) келишимин түзүүгө мажбур болгон сыяктуу, бул ирет да ошондой макулдашууга барбаска аргасы жок” сымал салыштыруулар айтыла баштады.

Алмаз Кулматов, тарыхчы

Биринчи чечен согушу. Хасавүрт макулдашуулары

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Хасавүрт келишими орус тарыхнаамасында, саясат таануусунда бир беткей баасын ала элек, талаштуу проблема. Кавказ түйүнү Россия үчүн чечиле элек. Илгерки Шамилдин эркиндик үчүн күрөшү элдин эсинде болуш керек. Эмки муундун баасы, мамилеси жана келечек аракеттери белгисиз. Болжоп да болбойт.

Чечен куралдуу жаңжалы 1990-1991-жылы тутанган. Советтик генерал Жохар Дудаев башында турган Чечен улуттук конгресси эркиндик үчүн мүдөөбүз кымбат, СССРдин жана РСФСРдын курамынан чыкчумун деп аттанат. 1991-жылкы август путчунан соң чечен улутчулдары Москвадан көз каранды эмес өлкө курабыз, бөлүнөбүз ураанын чакырат.

1992-жылы Чечен Республикасынын жаңы конституциясы кабыл алынат. Кызыгы, ушул конституцияда Чечен Республикасы светтик мамлекет деп белгиленет. Бирок кийин, чечен согушу башталганда көз карандысыздык үчүн аттанган чечен улутчулдары жихадисттер менен камыр-жумур аралашып, тыштан каптап келген түркүн түстөгү террористтер менен дагы коюн-колтук алышат. Эркин мамлекет, азат өлкө, эгемен республика, демократиялык түзүлүш идеясы тез эле куралдуу жихад, кайрыдиндерге каршы ыйык казат, каалаганыбыз халифат, эңсегенибиз эмират деген ураандар менен алмашат.

Чечен республикасы 1992-жылы Федеративдик келишимге кол койбойт, 1993-жылдагы Россиянын конституциясына добуш бербей койгон. Адегенде орус жетекчилиги Чеченстанды Россиянын курамында калтырып, бирок өзгөчө статус берүүгө көнө баштаган түр көрсөтөт. Ельцин ал тургай каалаганча суверенитет ала бергиле деп жар салат. Москва илгери нечен кан төгүп, жакалашып жүрүп жеңип алган жерлерди, ээлеп алган аймактарды болуптур деп тим кайтармагы, бир кезектеги империянын курамынан каалаган этносторду туш келди кое бермеги күмөн эле.

Анча аттанган чечен лидерлери токтобой, ачык моюн толгоп, Москваны тоготпой калганда, Россия 1994-жылы козголоңчул республиканын дымагын күч менен басмакчы болот. 1994-жылы 9-декабрда президент Ельцин “Чечен Республикасындагы жана осетин-ингуш конфликти жүргөн аймактардагы мыйзамсыз куралдуу топтордун ишин токтотуу” тууралуу жарлыгына кол коет. 11-декабрда Чечен согушу башталат.

Орус аскер башчыларынын тез арада эле чечен улутчулдарынын куралдуу топторун жайлайм деген планы ишке ашпай калат. Эки жыл кан төгүлүп, эл азап чегет. Биринчи Чечен согушу Россиянын айласын алты кетирет. Орус армиясына эки жыл туруштук берген улутчулдар шыктанат, үйрөнгөн жоо атышканга жакшы дегендей, кармашта такшалат, орус аскерлери чоң жоготууга учурайт.

Мындайда белен жихадчылар, өзүн исламчыл атаган ар кандай террористтик топтор, а тургай жөн эле жалданма согушкерлер аралашып, эркиндик үчүн күрөш канды-булоон согушка, аяк-башы белгисиз кыргынга, карапайым эл талоонго, Россиянын айрым шаарлары террорчул чабулдарга тушугат.

Бул согуш экинчи Афганистанга айлана турган болуп, орус коомчулугун катуу чочутат, бийликти сестентет. Аңгыча 1996-жылы президенттик шайлоо өнөктүгү башталат. Шайлоо кампаниясы орус коомчулугун полярдуу эки тарапка бөлөт. Согушту жактагандар менен тынчтыкты каалагандар ортосундагы талаш электораттын маанайын аныктап, антагонисттик эки жээкке бөлүнөт.

Жохар Дудаев, Чечен Республикасынын биринчи президенти

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жохар Дудаев, Чечен Республикасынын биринчи президенти

Согушка каршы тарап Ельцинге каршы эле. Ельцин жеңишке эптеп жетет. Ансыз деле шайы оой түшкөн орус бийлигине коомдо нааразычылык ого бетер күчөйт.

Акыры 1996-жылы Ельциндин шайлоодогу атаандашы, эми Коопсуздук кеңешинин жетекчилигине дайындалган генерал Александр Лебедь Чечниянын башчылары Зелимхан Яндарбиев жана Аслан Масхадов менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жургүзө баштайт.

Аңгыча Чечен Ичкерия Республикасынын жетекчилери орус армиясына каршы “Жихад” операциясын ийгиликтүү ишке ашырат, жалданма жана динге жамынган согушкерлер Грозный, Аргун, Гудермес шаарларын ээлеп алат.

Ошентип орус бийлиги жана анын армиясы үчүн кыйын кезеңде, саясий кырдаал опурталдуу учурда 1996-жылы 31-августта Хасавүрт келишими түзүлөт. Келишим аталган документтин так аты - “Россия Федерациясы менен Чечен Республикасынын ортосундагы мамилелелердин негиздерин аныктоонун принциптери” жана ушул принциптерди кабыл алгандыгы тууралуу макулдашуу. Хасавүрт келишимине ылайык согуш аракеттери эки тараптан тең бир мезгилде токтотулууга, мыйзамсыз куралдуу топторду куралсыздандырылган соң орус армиясы Чечен Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө тийиш эле. Орус армиясы негедир шашып, куралдуу топтор, орустар атагандай бандиттик түзүмдөр куралсыздырылганча чейин эле чыгып кетет.

Борис Ельцин, первый президент РФ

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борис Ельцин, первый президент РФ

Ушул келишимди түзгөн маркум Александр Лебедь тууралуу да ошол кездеги жана азыркы орус коомчулугунда пикирлер эки ача.

Бири чыныгы генерал, Приднестровьенин каарманы чечен жеринде курман болгон орус жоокерлерин сатты, террористер менен сүйлөшкөнү бери болгондо дезертирлик деп баалайт.

Бир даары, согушту токтоткон, кыйчалышта туура жол тапкан көрөгөч саясатчы, ал де Голль сындуу көйкашка болмок, бирок Хасавүрттөн бир жарым ай өтпөй Ельциндин жакындары аны кызматтан кетирип, акыры көзүн тазалады деп эсептейт (2002-жылы Лебедь учуп бараткан вертолет кулап, набыт болгон).

Хасавүрт келишиминде эң негизги, өзөктүү маселе, Чечен согушунун түпкү себеби болгон Чеченстандын статусу боюнча маселе 2001-жылдын 31-декабрына чейин жылдырылат. Тагыраагы, Россия Федерациясы менен Чечен Республикасынын ортосундагы өз ара мамилелердин негиздери тууралуу эл аралык укуктун принциптерине жана ченемдерине ылайык аныктала тарган макулдашууга 2001-жылдын 31-декабрына чейин жетишилет деп белгиленет. 2001-жылдагы Хасавүрт келишимдеги Чеченстандын статусу боюнча маселе 2001-жылдын 31-декабрына чейин жылдырылсын деген пункт камтылган.

Бул көз карандысыз Чеченстанды таануу факты менен барабар эле. Россия үчүн кооптуу, бирок аргасыз барган бул пункт убакытты утууга эсептелген айла окшойт, ошондо эле. Ушул пункт, ошондо эле, келишимдин сыясы кургай электе эле эстен чыккандай. Же Москва, же Грозный бул пункт тууралуу эч кеп кылбайт.

Согуш Хасавүрт менен токтобойт.

Александр Лебедь

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Александр Лебедь

Экинчи чечен согушу

1999-жылы экинчи чечен согушу башталат. Анткени тынч албаган чечен улутчулдары күрөшүн токтотпойт. Аны пайдаланып, террористтер Дагестанга кирип барат, Москва, Буйнак, Волгодон шаарларында ири террористик актыларды ишке ашырат. 23-сентябрда орус армиясы кайрадан Чечен жирине кирет. 2009-жылга чейин бул республикада контртеррористтик операция уланат.

Андан бери Москва Чечен Республикасын гүлдөтүү аркылуу сепаратисттик маанайды басуу үчүн эсепсиз каражат жумшады. Чечендердин башчысы Рамзан Кадыровду эпсиз эркелетти. Анысы амбициясын Чеченстан менен чектегиси келбей федералдык маселелер тургай тышкы саясатта таасирдүү, кандай гана маселе болбосун чечем деп таптаган аргымактай жулкунуп келет.

1999-жылы экинчи чечен согушу башталат. Анткени тынч албаган чечен улутчулдары күрөшүн токтотпойт. Аны пайдаланып, террористтер Дагестанга кирип барат, Москва, Буйнак, Волгодон шаарларында ири террористик актыларды ишке ашырат. 23-сентябрда орус армиясы кайрадан Чечен жирине кирет. 2009-жылга чейин бул республикада контртеррористтик операция уланат.

Андан бери Москва Чечен Республикасын гүлдөтүү аркылуу сепаратисттик маанайды басуу үчүн эсепсиз каражат жумшады. Чечендердин башчысы Рамзан Кадыровду эпсиз эркелетти. Анысы амбициясын Чеченстан менен чектегиси келбей федералдык маселелер тургай тышкы саясатта таасирдүү, кандай гана маселе болбосун чечем деп таптаган аргымактай жулкунуп келет.

Хасавүрт келишиминин легитимдүүлүгү

Хасавүрт келишиминин коомдук-саясий, моралдык легитимдүүлүгү күмөндүү.

Виктор Черномырдиндин өкмөтү 1996-жылы 31-августтагы Хасавүрттө келишимин жактырган токтом кабыл алат.

Ага удаа орус парламенти “Чечен Республикасындагы кырдаал тууралуу” токтом кабыл алып, анда Хасавүрт келишими тараптардын тынчтыкка даярдыгын билдирген, мамлекеттик-укуктук мааниге ээ эмес документ деп аныктайт. Тээ 1996-жылы орус парламентинин 93 депутаты бул келишим мыйзамсыз, Россия Федерациянын Конституциясынын Россиянын аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигин белгилеген 4-пунктуна каршы келет, демек антиконституциялык документ деп таанууну өтүнүп конституциялык сотко кайрылат.

Конституциялык сот Хасавүрттөгү актылар Чечен Республикасындагы согуштук аракеттерди токтотууга шарт түзгөн, бул аймактагы тынчтык процессин жөнгө салуу программасын ишке ашыруу багыттарын аныктаган саясий мүнөздөгү алкактык (рамочные) документтер, саясий макулдашуулар конституциялык сот тарабынан каралбайт деп жооп берген. Ошентип бул саясий документ, укуктук келишим эмес деген аныктама ошондо эле айтылган экен.

Украина менен Чечен согуштарынын окшоштуктары жана айырмалары

Эмки орус-украин жаңжалы Хасавүрт сыяктуу орустар аргасыз бара турган келишим болушу ыктымал деген көз караштардын тууралыгын турмуш гана аныктай алат. Бирок эки жаңжалдын тең окшош жактары да бар.

Биринчиден, орус бийлиги кандайдыр бир чегинүүлөргө барат жана баштапкы максаттарынын айрымдарынан убактылуу болсо да баш тартат.

Украина да айрым маселелерде мунасага барышы керек, ансыз куралдуу кармаш токтобойт.

Москва ички жана тышкы саясий беделине шек келтирген курмандыктарга барышы да ыктымал. Бирок Кремль Крым, ЛНР жана ДНР боюнча позицияларынан кайтпайт. Президент Путиндин пресс-катчысы Песков Россиянын территориясы болгон аймак Украина менен сүйлөшүүлөрдүн предмети боло албастыгын дароо билдирди. Анча ээлеп алган соң буга азыркы бийлиги да, кийинкиси да барбайт. Демек, бүгүнкү жаш муун жетилгенде чечип ала турган, эгер ал муундун чамасы жетпесе, муун алмашкан сайын козголо бере турган чырдын өзөгү кала бермеги толук мүмкүн.

Экинчиден, Чечен согушунда да, Украинадагы “атайын операция” аталган согуштук аракеттерде да, орус бийлиги чагылгандай тез жеңишке жетишине ишенген. Эки учурда тең көксөөсү толук жана тез арада ишке ашпады.

Үчүнчүдөн, Чеченстандагы жана Украинадагы аракеттер “операция” аталат (Чеченстанда - мыйзамсыз куралдуу топторго каршы, Украинада - “денацификация” жана “демилитаризация” боюнча атайын операция).

Төртүнчүдөн, жоготуулар арбын, калктын нааразычылыгы курчуйт, социалдык-экономикалык проблемалар күчөөдө.

Калган башка жагдайлары боюнча, Чеченстандагы согуштук аракеттер менен Украинадагы аракеттер коошпойт. Анткени окуялардын субъектери башка. Чеченстан менен Украинанын укуктук статусу, аракеттердин масштабы, мүнөзү эки башка. Орус бийлигинин бул жолку “операциясына” эл аралык реакциянын табияты да такыр бөлөк, таасири өтө күч.

Канеткен күндө да, Кремль өзүнүн Украинага карата аракеттерин, анын натыйжасын өз эл-журтуна түшүндүрүү көйгөйү жаралды. Бул көйгөй убакыт өткөн сайын курчушу ыктымал.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.