Украина-Россия сүйлөшүүлөрү: Путин максатына жеттиби?
Петр Козлов, Елизавета Подшивалова, Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, Reuters
29-мартта Стамбулда өткөн Украина-Россия сүйлөшүүлөрү күтүлбөгөн жакшы сөздөр менен аяктады. Орус өкүлчүлүгүн башчысы Владимир Мединский Украинанын сунуштарын президент Путинге жеткизүүнү, атүгүл эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусун ылдамдатууну сунуштады. РФ коргоо министрлиги Украинанын түндүгүндөгү айрым операцияларын токтото турганын билдирди. Би-Би-Си кайрылган эксперттер сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына түрдүү баа беришип, бирок баары Россиянын талаптары азая баштаганын баары бир ооздон белгилешти.
Украинанын талаптары – бир катар өлкөлөрдүн коопсуздук кепилдиги астында Украинанын блоктон тышкары статусун бекитүү. Крымдын статусун аныктоону 15 жылга, Донбасстыкын эки президенттин жолугушуусуна чейин калтыруу.
Орус өкүлчүлүгүн башчысы Владимир Мединский, Украинанын “позициясын түшүнүктүү түзүлгөн” сунуштарын алганын, аларды президентке жеткизерин, алар каралып чыккандан кийин жакынкы учурда Киевге жооп берилерин айтты.
Сүйлөшүүлөр бүтөрү менен орусиянын коргоо министрлиги Киев жана Чернигов багыттарында аскер операцияларын кескин кыскартарын билдирди.
Украинаны "денацификация" жана "демилитаризация" кылуу тууралуу сөз болгон жок.
Орус өкүлчүлүгүнүн мурда кабыл алынгыс эсептелген шарттарды талкуулаганга даярдыгы жана согуш аракеттерин азайтуу убадасы, Россиянын талаптары мурдагыдай амбициялуу болбой калганын божомолдоого негиз берүүдө.
Россиянын мындай келишимди жактыруу ыктымалдыгы, 1996-ж. Биринчи Чечен согушун токтоткон Хасавюрт макулдашуулары менен окшоштурууга жол ачты. Ал макулдашууда орус аскерин Чечен жеринен чыгарып кетүү жана Чечен Республикасынан “кийинкиге калтырылган статусу” каралган.
Би-Би-Си сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы, Россиянын баштапкы позицияларынан баш тартуусу эмеспи жана орус бийлиги бул процесстерди согуштун тарапкерлерине кантип түшүндүрө турганы тууралуу эксперттерден комментарий алды.
Жарамдуу жыйынтык жок
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Григорий Голосов, саясат таануучу
Голосов Стамбул жолугушуусунун алдын ала жыйынтыктары тууралуу дагы кеп кылууга али эрте деп эсептейт.
Чыныгы жыйыныктар жок, эки тарап тең жеңишке жеткенин айта берсе болот. Эки тарап тең сүйлөшүүгө ынтызар экенин көрсөткөнгө аракет кылды, Россия өзүн көбүрөөк көрсөткүсү келди. Балким муну менен алар санкциялардын жаңы топтомунан буйтап өтүүгө аракет кылып жатышат.
РФ коргоо министрлиги Киевге чабуул коюу операцияларын токтоттууну жарыя кылганы, - “Россиянын бул багытта согуш аракеттерин жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү жок экенин тастыктайт”, - деп эсептейт эксперт.
Голосовдун пикиринде, Орусиянын баштапкы планы ишке ашкан жок. Ошондуктан Кремль мурдагы талаптарын эми өзгөртүп айтып, элин баштапкы максатка жеттик деп ишендиргенге аракет кылат.
“Бул жүрүштүн мааниси баштан белгилүү – ал Украинаны бир нече күндө талкалап, оюнчук өкмөттү бийликке алып келип, аны менен Россиянын койгон шарттарында келишим түзүү болчу. Мындай план ишке ашпай калды. Азыр орус бийлиги максаттарын постфактум өзгөртүп, ага өз калкын ишендиргенге аракет кылат”, - дейт Голосов.
Эксперттин оюнда, Кремлдин аракеттерин колдогон тарапташтарынын көбүн пропаганданын күчү менен ишендирүү мүмкүн болот. Бирок согуштун баштапкы максаттары Украинаны толугу саясый агент катары обочолонтуу, балким жок кылуу болгонунан жакшы кабардар колдоочулары дагы бар. Россия максатына жетпей калганын кабыл алуу аларды иренжитет. Мындай тарапкерлер орус бийлиги үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн”, – деп эксперт сөзүн жыйынтыктады.
“Бурулуш учур”
Кирилл Рогов, саясат таануучу
“Өзгөрүш болгонун, Орусия деэскалацияны баштаганын байкап жатабыз. Бул орус аскерлери, балким азыркы баскычында эле, Киевди алуу планынан баш тарттканынан, Донецк жана Түштүк фронтторуна гана көңүл бура турганын билдиргенинен көрүнүп турат.
Бүгүн сүйлөшүүлөрдө болгон нерселер, ок атуу токтогондо түзүлгөн убактылуу жарашуу шарттарына окшош. Тараптар өз чектерин ар башка чечмелеп, ага макул болуп, көз жумуп жатышат. Ошондуктан бул узак убакыттуу келишим боло албайт, бул убактылуу жарашуу шарттары гана боло алат. Мисалы, "Минск-2" ушундай түзүлгөн.
Кебетеси, мындай максаттарга Донбассты толук ээлөө жана Крымга кургактан өткөөл алуу кирет окшойт. Бирок бул маселе азырынча түшүнүксүз. Жарашуу болобу-жокпу, тараптардын азыркы статус-квону кандай чечмелешинен көз каранды. Бирок, жалпысынан алганда, бул чоң жылыш. Кебетеси, бул көйгөйлүү тилкелерден бөлөк Украина жерлеринде деэскалация болот окшойт.
Орусиядагы, сөз түрүндө болсо дагы ырасмий позицияны колдоп, бул согуштун жүрүшүн акылга сыйымдуу деп актаганга аракет кылган тарапкерлер дагы анын курч фазасы бүтүшүн каалап турушат го дейм. Ошондуктан алар жарашуу макулдашууларынын баарын кабыл алышат. Алар бул жеңиш эмес экенине, мындай чектелген жыйынтыктар бүт өнөктүккө көлөкө түшүрүп жатканына көз жумушат.
1996-ж. Биринчи чечен согушун токтоткон Хасавюрт келишими дагы Орусияда башында жакшы кабыл алынган. Анда дагы орус аскерлери утулуп баштап, көп жоготууларга кабылып, Чечен Республикасынын территориясын көзөмөлгө ала албай калган. Анда дагы ушунун баары токтогонуна эл кубанган.
Эки-үч жылдан кийин реванш алуу каалоосу пайда боло турганы – бул башка иш. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, бүгүн сөлөкөтү көрүнө баштаган нерсе - бул келишим эмес. Бул ок атууну токтотуу макулдашуусу – тараптар жөн гана ок атууну токтотууга жетишүү үчүн өз позициясын, көзөмөл тилкесин жана чектерин ар башкача чечмелеп жатышат.
“Түшүнүксүз билдирүүлөр жана риториканын өзгөрүшү”
Сэмюэл Грин, Лондондогу King's College’дин Россия Институтунун директору
Саясый жыйынтыктар фронтто бирдеме өзгөргөндөн кийин айтылса туура болмок. Анткени айта берсе болот, узак убакыттан бери эле сүйлөнүп келе жатат, бирок ал чындыкка эч коошпойт. Ошондуктан мен бүдөмүк сөздөргө жана риториканын өзгөрүшүнө таянып корутунду айткандам карманат элем.
Бул жерде бир аптадан тенденция катары туруктуу уланып келе жаткан шарттарды жеңилдетүү талабы бар. Азыр Москванын режимди алмаштыруу, "денацификация" талаптары айтылбай калды. Москва аскердик максаттарынын көбүнө жетти деген билдирүүлөр боло баштады.
Жакында согуш токтойт деп ишенсе болобу? Болот, бирок сөзсүз эмес. Украина жана анын шериктери бул күч жыйнап, кайра кол салуу үчүн тыныгуу алууну көздөгөн эле тактика деп кооптонушууда.
Дагы бир учур бар – сүйлөшүү процесси эмне жөнүндө болуп жатканы так эмес. Киши өлтүрүнүү токтотуучу убактылуу жарашуу жөнүндө сөз бар. Бул - жакшы. Бирок бул тынчтык жана конфликтти жөнгөрүү жөнүндөгү сүйлөшүү эмес. Ал үчүн 24-февралдан кийин басып алынган, азыр орус аскерлери турган шаарлар жана территориялар жөнүндө сүйлөшүүлөр болушу керек.
Батыш өлкөлөрүндө, балким Киевде дагы, конфликттин кайра тутанышын жылдап күттүрүп, баарын чыңалууда кармаган “Минск-3“ сүйлөшүүлөрү болуп калышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Албетте, анда бул Украинага туруктуу тынчтык алып келбейт.
Кремлдин башка аргасы жок
Аббас Галлямов, саясат таануучу
Азыр бийликтин жактоочулары эки тарапка бөлүнүшөт. Төрттөн үчү Стамбулдан келген жаңылыктарга сүйүнөт, бири – кыжырланат. Акыркылары муну “чыккынчылык” деп аташат.
Сүйүнгөн көпчүлүктүн деле орус армиясынын жана дипломатиясынын жетишкендиктерине ичи чыга бербейт. Бирок азыркы үрөй учурган абалдын токтошуна мүмкүнчүлүк табылганы, абстрактуу “патриоттук” сезимдерден артык болот.
Бирок сүйүнгөн көпчүлүк улам “ушунун баары керек беле” деген суроо бере баштайт.
Албетте, Кремль муну түшүнүп турат, бирок анын башка аргасы жок. Украинаны ылдам жеңүү мүмкүн болгон жок, бирок бул “атайын операцияны” дагы бир бүтпөгөн афган согушуна айлантып алууну каалабасы дагы анык. Учурунда Афганистан СССРдин легитимдүүлүгүн кандай кыйраткандай, Украина дагы путиндин режиминин түбүнө жетиши мүмкүн.
Кандай болгон күнү дагы, орус тараптын бүгүнкү адекваттуулугу колдоого татыктуу. Аргасыздан болуп жатат, ошентсе деле...

Сүрөттүн булагы, EPA
Константин Батозский, Азов чөлкөмүн өркүндөтүү агенттигинин директору, саясат таануучу
Биздин тарап үчүн Украина өз территориясынан баш тартпаганы, орус аскеринин жербизден чыгарылышын жана 24-февралга чейинки абалга кайтууну талап кылганыбыз маанилүү.
Тыныгуу же убактылуу жарашуу өмүрлөрдү сактап калганга жардам берет. Бул категориялардан алганда, жаман эмес.
Коргоо министрлигинин билдирүүсү, менин оюмда, эч нерседен кабар бербейт. РФ ага таандык эмес территорияга чабуулун улантууда. Бул чоң өзгөрүшкө алып келет деп ойлобойм.
Эл аралык мамилелерде, адатта тараптар сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгаргысы келсе, кандайдыр бир ыктыярдуу ишарат кылат. Негизги ыктыярдуу ишарат “ок атууну токтоттуу” деп аталат. Экинчи ыктыярдуу ишарат -бардык туткундарды алмашуу жана гуманитардык маселелерди чечүү. Азырынча Россия ыктыярдуу ишараттын бирин дагы аткара элек, ошондуктан анын Украинага болгон мамилеси өзгөрдү деп айтууга али эрте. Биз Россия менен мамилелерде жаманын эсепке алып аракеттенебиз жана чаргытма сөздөргө алдатпайбыз.
ХХ кылымдын белгилүү бир афоризмин перефраз кылсак - Мариуполдон кийин биз кантип жашайбыз? Россия эмне дебесин, ал кылган согуш кылмыштары эч кайда жоголуп кетпейт. Биз ар дайым Россияны согуш кылмыштары үчүн куугунтуктайбыз жана эч нерсени кечирбейбиз. Мариуполдо сактап кала албай калган бир дагы кишини унутпайбыз. Биздин мамилебиз ар дайым ушундай болот. Ошондуктан бул жерде жеңиш же абалдын жеңилдеши тууралуу кеп кылганга болбойт.
"Абайлуу оптимизм"
Андрей Кортунов, Россиянын эл аралык иштер боюнча кеңешинин башчысы
Айтылган нерселердин тоналдуулугуна караганда, бул күтүлгөндөн жакшы.
Кебетеси, бул орус позициясынын ийкемдүүлүгүнөн кабар берет. Бул абайлуу, кайталап айтам, абайлуу оптимизм берет. (CS)















