Украина: Путин аброюн сактап калганга аракет кылат

Жон Симпсон, эл аралык мамилелер боюнча редактор

Талкаланган орус танкы, Луганск, март 2022

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талкаланган орус танкы, Луганск, март 2022

Эң жаман согуш дагы акыры аяктайт. Кээде, 1945-жылдагыдай болуп, бир эле жол калат – өлгүчө согушуу. Көбүн учур, согуш эч кимди толук канааттандырбаган, бирок жок дегенде кан төгүүнү токтоткон келишим менен бүтөт. Жана дагы көп учурда, катуу душмандашкан тараптар дагы мурдагыдан кичине азыраак касташууга өтүп, эски мамилелерин улантышат.

Тилектер орундалып калса, биз Украина менен Орусиянын ортосунда ушундай процесс башталганына күбө болуп баштайбыз. Ачуулар оңой менен басылбайт, өзгөчө Украина тараптын ич күптүсү ондогон жылдарга созулат. Бирок эки тарапка тең – Украинага дагы, Россияга дагы – тынчтык керек. Анткени Украинанын шаар-кыштактары талкаланды, Орусия болсо, Украинанын президентинин сөзүнө ылайык, эки жолку Чечен согушунда жоготкондон көп кишисинен жана ресурстарынан айрылды, - албетте, азыр муну тастыктоо мүмкүн эмес.

Бирок эч ким өзүн кыйратуучу макулдашууга баргысы келбейт. Орусия президенти Владимир Путин бетин сактап калуу жолдорун издеп жатат. Украинанын президенти Зеленский дипломатиялык жөндөмдөрүн көрсөтүп жетишти. Ал өз өлкөсүн Орусиядан айрып алуу үчүн өзү жана украин эли кабыл алганга мүмкүн болгон нерсенин баарына даяр экенин анык.

Зеленскийдин алдында эң кыйын талап – мындай катаал сыноодон кийин Украинаны бүтүн, көз карандысыз мамлекет катары, - Путин каалагандай Орусиянын дагы бир аймагы катары эмес, - сактап калуу турат.

Президент Путин үчүн, анын администрациясында иштегендердин баары бул керексиз баскындан тумшугу кан жалаганын түшүнүп турса деле, ал бул согушта жеңгенин жар салуу абдан маанилүү. Орусиялыктардын 20% жакыны дүйнөдө эмне болуп жатканын түшүнүп, Путин кыялдарынын жетегине түшүп, утулуп калганын билгени деле эч кимди кызыктырбайт.

Согуш, мамлекеттик телеканалдардан эмне айтылса, ошого толук ишенген көпчүлүк үчүн болот. Аларга Марина Овсянникова сыяктуу коркпогон журналисттердин, мунун баары пропаганда экенин айткан плакаты менен теледен чыга калган учурлары деле таасир бербейт.

Марина Овсянникова, журналист, РФ мамлекеттик телеканалы жаңылыктарды түз көрсөтүп жаткан учурда согушту токтотууну талап кылган плакат менен чыккан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марина Овсянникова, журналист, РФ мамлекеттик телеканалы жаңылыктарды түз көрсөтүп жаткан учурда согушту токтотууну талап кылган плакат менен чыккан.

Тараптардын каалаганы эмне?

Анда, орусиялык көпчүлүктүн көзүнө бул согуштан президент Путинди эмне жеңүүчү кылып көрсөтө алат? Биринчиден, бул Украина жакынкы учурда НАТОго кирүүгө аракет кылбайт деп, балким конституциясында дагы жазылган, убада болушу мүмкүн. Президент Зеленский мындай жолго чыйыр салып койду: Ал НАТО макул боло албай турган нерсени, Украинанын аба мейкиндигин учуусуз зонага айлантууну, суранды. Андан соң, ал НАТОну бул өтүнүчүн колдобогону үчүн сынга алып, аягында НАТО мындай чечкинсиз болсо, анда ага кирүүгө аракет кылуу - арзыбаган иш окшойт деген пикирин айтып чыкты. Мындан ашкан акылдуу жана көрөгөч саясат болбойт - НАТО күнөөнү, Украина оюн кылганга эркиндик алды.

Бул эми жеңил жагы. Зеленский менен Украинанын Евробиримдикке токтоосуз кирүү амбициясына дагы Орусия караманча каршы, бирок аны дагы айланып өтсө болот. Украина үчүн кабыл алууга эң кыйын нерсе – Украинанын чек арасын коргойбуз деп сөз берген эл аралык келишимдерин, Орусия өзү толугу менен бузуп, анын территорияларын тартып алышы болот. Украина 2014-ж. Крымды жоготконун ырасмий таанууга туура келиши мүмкүн. Орусия өз көзөмөлүн орнотуп жетишкен чыгыш Украинанын территорияларын кармап калгысы келип жатканы анык, балким андан дагы чоңду каалайт.

Финляндия сабактары

Финляндия-СССР чек арасындагы финн аскерлери, 1939-ж.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Финляндия-СССР чек арасындагы финн аскерлери, 1939-ж.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

1939-ж. Иосиф Сталин бир кезде Орус империясынын курамына кирген Финляндияны басып кирген. Ал аскерлер жолдо тоскоолдук көрбөйт деп ойлогон. 2022-ж. Путин дагы Украинада жылыш тез болот деп ойлогон. Сталиндин генералдары, өз жаны үчүн корккондон улам, Сталинди аныкы туура деп ишендиришкен. 1940-ж. Кышкы Согуш советтик армияны уят кылды. Финляндия зор армияга туруштук бере алганына сыймыктанып келе жатканы негиздүү. Ал дагы территориясынан айрылган, анткени Сталин жана Путин сыяктуу автократтар үчүн мындай нерселер алардын жеңишинин олжосу катары керек. Бирок, Финляндия эң маанилүү жана түбөлүктүү нерсени – көз карандысыз мамлекетин жана өз алдынча улут болуу укугун сактап кала алды.

Демек, мындай иш, бүгүнкү күнгө Орусиянын көптөгөн чабуулдарынын мизин кайтарып, Путинди алсыз жана майнапсыз кылып көрсөтүп койгон Украинанын дагы колунан келиши мүмкүн. Путиндин армиясы Киевди жана Украинанын дагы башка территорияларын алмайынча, Украина дагы 1940-жылкы Финляндиядай болуп, улут катары сакталып кала берет. Крымды жана Украинанын чыгыш территорияларын жоготуу - бул ачуу, толугу менен мыйзамсыз жана калыс эмес болот. Бирок үстөмдүккө ээ болуш үчүн Владимир Путин азыркы колдонуп жатканынан дагы кыйраткыч күчкө ээ куралдарды колдонуп башташы мүмкүн.

Салгылашуулардын үчүнчү аптасы жүрүп жаткан чакта, бул согуштун чыныгы жеңүүчү ким экени, эч кимди ойлондурбай деле калды. (CS)