Президент Владимир Путиндин өмүр баяны, саясый бейнеси

Владимир Путин, былтыр 15-апрелде

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путин

2014-жылдагы Крым жарым аралынын аннексиясынан кийин, Орусиянын президенти Владимир Путин чөлкөмдөгү эң ири кадамын жасап, Украинага кол салып, көптөгөндөрдү айран-таң калтырган болушу мүмкүн. Бирок президент Путин Орусиянын таасирин калыбына келтирүү дымагын эч качан жашырган эмес.

Путин бийлик тизгинин 2000-жылдан бери колунда кармап келе жатат. Ал Орусиянын президенти жана өкмөт башчысынын кызмат орундарын ээлеп, Кремлди 1953-жылы каза болгон советтик диктатор Иосиф Сталинден кийин эң узак мөөнөт башкарган жетекчи болуп келе жатат.

2020-жылы Орусияда конституциялык реформа боюнча жүргүзүлгөн талаштуу добуш берүүдөн кийин, Путинге 2024-жылы аяктай турган, учурдагы төртүнчү президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин да өлкө лидери бойдон калууга мүмкүнчүлүк берилди. Демек, ал 2036-жылга чейин Кремлдеги ордо тагында кала бериши ыктымал.

Путин бийликке кантип жетти эле? Азыркы учурда дүйнөлүк прессанын күн тартибинде сап башында турган, бүткүл дүйнөгө таанымал бул лидердин саясий жана жеке жашоосуна көз чаптыралы.

Мурдагы тыңчы

Сынчылар Путинде анын дүйнө таанымын түзгөн советтик доордун белгилерин көрүшөт. СССРдин ыдырап кетиши менен орун алган коомдук дүрбөлөңдөрдөн кийин анын зоболосу көтөрүлүп, ооматы артып, ал бийликтин туу чокусуна жеткен. Буга чейин болсо ал чуулгандуу советтик коопсуздук кызматы — КГБнын тыңчысы болгон.

Анын жоро-жолдоштору, санаалаштары, жардамчылары, тегерегиндеги тааныштарынын көбүндө атайын кызматтар менен байланыштары болгон. Путиндин саясий жолу 90-жылдардын башында башталган. Ошол жылдары, Путин мурда ага университетте укук боюнча сабак окуган мугалими, Санкт-Петербургдун ошол кездеги калаа башчысы, Анатолий Собчактын башкы жардамчысы болгон.

Путин атаандашы көтөрүп чаап жаткан учур, 2010

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путин жаш кезинен дзюдонун ышкыбозу

1997-жылы ал Кремлдин босогосунан Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ — КГБнын жолун улантуучусу) жетекчиси катары кирип келип, кийинчерээк премьер-министр болуп дайындалат.

2000-жыл кирип келе жатканда, 1999-жылдын 31-декабрында, Орусиянын ошол кездеги президенти Борис Ельцин кызматынан баш тартып, Путинди Орусиянын президентинин милдетин аткаруучу кылып дайындап кетет.

Ошентип, Путин бийлик башына келет. Бирок, Орусиянын конституциясына ылайык, ал үчүнчү жолу президенттикке аттана албагындыктан, 2008-жылдан 2012-жылга чейин орус өкмөтүн жетектейт.

Путин 2012-жылы шайлоочулардын 66%нын добушуна ээ болуп, кайра бийлик башына келет. Бул шайлоо өнөктүгү добуш берүүнүн жыйынтыктары фальсификацияланышы боюнча айыптоолор менен коштолот.

Ал аскердик параддардын советтик стилдеги шаан-шөкөтүн калыбына келтирип, мурда тыюу салынган Сталиндин сүрөттөрү кайрадан коом арасында пайда болду.

Ал түгүл COVID-19 инфекциясына каршы орусиялык вакцинанын аталышы да Спутник-V деп, 1957-жылы космоско учурулган зонддун, Жер планетасынын тарыхтагы биринчи жасалма жандоочусунун атынан коюлган.

Путин СССРдин кыйрашын "ХХ кылымдын эң ири геосаясий катастрофасы" деп атап, 1997-жылдан бери НАТОнун Орусиянын чек арасына көздөй кеңейип келе жатканын ар дайым сындап келет.

Батыш менен болгон мамилелердин салкындашы

Буга чейин Орусия менен Украина ортосундагы мамилелердин чыңалышы, Москванын президент Башар Асадга жардам берип, Сириядагы жарандык согушка аралашканы, батышта Путинге карата шектенүүлөрдү жандантты.

Ошентип, Батыш менен Орусиянын алакалары Кансыз Согуш жылдарындагыдай, кайрадан өтө солгундап кеткен. Бирок, ал ортодо Дональд Трамп АКШда бийликке келип, орус визависине карата суктанычын ачык билдирген. Андан кийинки президент Жо Байден болсо, тескерисинче, Путинди "киши өлтүргүч" деп сыпаттаган.

Путин менен Трамптын жолугушуусу, APEC саммити, 11-ноябрь 2017

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп Путинге суктанарын ачык билдирген

"Өрт жигит"

Кебетеси, Путин жалындап күйгөн өрттөй, шок жигит болуп көрүнгөндөн чоң ыракат алат көрүнөт. Буга анын 2000-жылы Чечен Республикасына кыргынчы учакты учуруп барышы, же 2011-жылы Кара деңиздин боюна орусиялык байкерлер фестивалында эл алдына чыгышы сыяктуу шайлоо алдындагы амалдары далил боло алат.

Бирок, Путин иттерин жакшы көрүп сылап, же тукум курут болуп кетүү коркунучунда болгон Амур жолборсторун багууда жардам берип, орусиялык мамлекеттик телеканалдарда өзүнүн боорукерлигин дагы көрсөткөн.

Путиндин иттери менен ойноп жатканы, Москва, 2013

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путиндин иттери менен ойноп жатканы, Москва, 2013

2021-жылдын февраль айында, Орусиялык Левада борбору жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, орус жарандарынын 48% Путинди 2024-жылдан кийин да президент бойдон калышын каалашкан.

Батыштык саясатчылардын көбү мындай рейтингге ичи күйүп калышаар эле, бирок мындай сандар шайлоочулардын көбү Путинден башка айла жок, ал жалгыз вариант деп ойлошконун да билдириши мүмкүн.

Путин 90-жылдардагы баш аламандыктардан кийин Орусияны салыштырмалуу түрдө туруктуулукка алып келгени үчүн сяасий упайларды топтой алды.

Жалпы улуттук ар-намыстын калыбы келтирилишинен тышкары, Путин орто катмардын пайда болуп, гүлдөп өсүшүнө мүмкүндүк берди. Ошол эле учурда, экономикада Москва гана үстөмдүк кылып, алыскы аймактарда, элет жеринде жакыр жашагандардын саны арбын боюнча калууда.

Өлкөдөгү дүрбөлөңдөр

Путин, жаштарга караганда, улуу муундагы адамдар арасында көбүрөөк сүйкүмдүү. Путин бийликте келгенден бери жаштардын бир мууну өсүп чоңойду, алардын көбү өзгөрүүлөргө суусап турушат.

2021-жылдын январь айында миндеген орусиялыктар бүткүл өлкө боюнча Алексей Навальныйды колдоо үчүн демонстрацияларга катышышты. Анда Путиндин башкы сынчысы Навальный, Берлинден кайтып келер замат камакка алынган болчу.

Навальный Путиндин "Бирдиктүү Орусия" партиясын "уурулар менен алдамчылардын" партиясы деп айтып, алкы ачылган коррупциянын бетин ачуу менен белгилүү болгон.

Навальныйды колдоо акциялары Орусияда соңку жылдарда өткөн масштабдуу нааразылыктардын бири болгон. Полиция катуу чараларды көрүп, миңдеген адамдар камакка алынган.

Путиндин Алтайда ат минип жүргөнү

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин Алтайда

Ден-соолугу начарлаган Навальный, учурда мурун уурдоо кылган деген кылмыш иши боюнча соттолуп, түрмөдө жатат. Анын камалышы, Путиндин батыш менен алакаларынын өтө начарлап кетишин шарттаган себептердин бири болду.

2021-жылдын август айында аны нервди-паралич кылуучу "Новичок" уусу менен ууландыруу аракети болуп, ал араңдан зорго аман калган. Кийинчерээк батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү, бул кол салууну Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) уюштурду деп айыпташты.

"Новичок" — токсиндердин бир түрү, Орусиянын атайын кызматтары колдонгон уулуу куралы. Бул уулуу каражат, 2018-жылы Англияда, Орусиянын мурунку тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызын Юлияны ууландырып көзүн тазалоо үчүн колдонулган.

Путин көрүнүктүү саясий оппоненттерине карата жүргүзүлгөн ушул жана дагы башка кол салууларга кандайдыр бир катыштыгы бар экенин четке кагып келет.

Катаал балалыгы

Владимир Путин кичинесинде Ленинградда, азыркы Санкт-Петербург шаарында кабаттуу үйдөгү коммуналдык батирде жашап, ал жерде жашаган балдар менен мушташып чоңойгон. Ал балдар көбүнчө андан чоңураак, алдуураак келет эле. Ошондой мушташтарда келтек жеп калбайын деп, ал дзюдо күрөшү менен машыгууга бел байлайт.

Кремлдин расмий веб-баракчасындагы маалыматка ылайык, Путин советтик атайын коопсуздук кызматында "мектепти окуп бүтүргөнгө чейин эле" иштөөнү эңсеген.

"Элүү жыл мурун, Ленинграддын көчөлөрү мага бир нерсени үйрөттү: эгер мушташтан башка айла жок болсо, анда биринчи согуш керек", — деп, Путин 2015-жылы октябрь айында ачык айткан болчу.

Путин ал кездеги премьер-министр Дмитрий Медведев менен тренжердо машыгууда, 2015

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин ал кездеги премьер-министр Дмитрий Медведев менен тренажердо машыгуу учурунда, 2015

Путин көчө таптагандардын орой тилин колдонуп, "зарыл болсо, ажатканадан деле кармап алып, түйрүп коёбуз", - деп, Чеченстандагы жикчилдерге каршы аскердик чабуулду түшүндүрүп актанган жайы да болгон.

Калкынын басымдуу бөлүгү мусулман болгон Түндүк Кавказ республикасы, 1999-2000 жылдардагы оор салгылашуулардан улам таш талканы чыгып, аларын кесепетинен миңдеген жай тургундары набыт болуп, бүлгүнгө учурап калган.

Путин үчүн дагы бир сыноо Грузия болгон. 2008-жылы Орусиянын куралдуу күчтөрү Грузиянын курамындагы Абхазия жана Түштүк Осетия автономдук республикаларында грузин армиясы менен салгылашкан.

Бул жаңжал Грузиянын ошол кездеги президенти, НАТОго көбүрөөк жан тарткан Михаил Саакашвили менен Путиндин ортосунда курч мүнөздөгү жекеме-жеке тиреш болгон жана Путиндин мурунку советтик республикаларда батыштын таламын талашкан жетекчилердин мизин кайтарууга даяр экенин көрсөткөн.

Миллиардер достору

Путиндин айланасында жалаң чириген байлар жүрүшөт, ал өзү да сан жеткис байлык жыйнап койгон деген аңыз-кептер айтылат. Ал үй-бүлөсүн жана каржылык иштерин элдин көзү менен сөзүнөн абдан жакшы коргоп алган.

2016-жылы "Панама-гейт" деген аталыш менен белгилүү болгон жашырын документтердин жалпыга жайылып кетиши менен, Путиндин мурунку досу - виолончелист Сергей Ролдугинге таандык көмүскө офшор компаниялардын бетин ачты.

Владимир Путин аялы Людмила менен дээрлик 30 жыл бирге өмүр сүргөндөн кийин 2012-жылы ажырашып кетишти. Аялы Путинди "жумуштан башка эч нерсени ойлобогон" деп сыпаттады.

Рейтерс кабар агенттигинин иликтөөсүнө ылайык, Путиндин кыздарынын бири, Катерина Москва мамлекеттик университетинде жогорку кызматта иштеп, акробаттык рок-н-ролл мелдештеринде өз өнөрүн көрсөтөт.

Ал эми улуу кызы Мария илимге аралашып, эндокринология багытында адистешкен.

Путиндин кызы Катерина акробаттык рок-н-ролл мелдештеринде өз өнөрүн көрсөтөт.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путиндин кызы Катерина акробаттык рок-н-ролл мелдештеринде өз өнөрүн көрсөтөт.

Putin's eldest daughter, Maria, is an academic, specialising in endocrinology.

Либералдарды сүрүп чыгарышы

Путиндик патриотизм орусиялык медиаларда үстөмдүк кылып, өлкөдөгү абалды ар дайым анын пайдасына көрсөтүп турат, ошондуктан оппозициянын чыныгы деңгээлине баа берүү оңой эмес.

Алгачкы эки президенттик мөөнөттө Путинге Орусиянын негизги экспорттук продукциясы — газ менен нефтини сатуудан түшкөн абдан чоң киреше колдоо көрсөтүп жатты.

Орустардын көбүнүн жашоо-турмушу оңолуп калган. Бирок көпчүлүктүн пикиринде, бул жыргал турмуш үчүн орустар өлкөдө жаңы жаралып келе жаткан демократияны бүлгүнгө учуратып, анын чалдыбарын эле калтырышты.

2008-жылы дүйнөлүк кризис орун алып, Путин рецессиядан, нефтинин баасы түшүп кеткенинен жабыркаган, араң жан экономиканы калыбына келтирүү менен алпурушуп жатып калды.

Орусия капиталдын качышынан улам көптөгөн чет элдик инвестициялардан жана миллиарддаган доллар кирешелерден кол жууп калды.

Patriarch Kirill of Moscow and All Russia (L) and Russian President Vladimir Putin (R)

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Mr Putin is regularly filmed attending Orthodox Church ceremonies

Путиндин бийлиги консервативдүү орус улутчулдугу менен белгиленет.

Мында православ чиркөөсү дем берген падышалдык абсолютизмдин катуу жаңырыктарын укса болот.

Путиндин президенттикке келери менен либералдык ишмерлерди каралоого баштады. Алардын ордуна каталыраак позицияны карманган шериктери же "ырас" дегенден башканы билбеген тарапсыз нейтралдарды алып келип жатты.

Мисалы, Ельциндин сүймөнчүктөрү болгон олигархтар Борис Березовский менен Владимир Гусинский чет өлкөгө кууп чыгарылып, өлкөнүн саясий жашоосунан алыстатылышты.

Качандыр бир кезде дүйнөндөгү эң бай делген кишилердин бири Михаил Ходорковский жана Путинге каршы позициясын ачык билдирген Pussy Riot панк-тобунун активисттери камакка алынгандан кийин, Орусияда адам укуктары сакталбай жатканына байланыштуу эл аралык тынчсыздануулар пайда болуп, жылдардын өтүшү басым менен күчөй берди.

Азыр Орусия Украинага бастырып кирди. Путин - "Орусия менен чырлашкысы келгендер болсо, заматта жооп алышарын" эскертти. Эми бул дагы эмне кылып жиберет деп, бүт дүйнөнүн көңүлү ага бурулуп калды.