Украинадагы согушка каршы жарандык активисттерди жазалоо

Бишкекте Россия элчилигинин жанына Украинадагы согушту токтотууну талап кылып пикетке чыккан жарандык активисттердин үстүнөн сот өтүп жатат. Сот Өндүрүш Токтонасыровду "майда бейбаштык" беренеси боюнча актап, "укук коргоо органдарынын талабына баш ийбөө" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үч миң сом айып пул салды.

Өндүрүш Токтонасыров

"Иштин баары жасалма"

Өндүрүш Токтонасыров өз кезегинде ага коюлган айыптоолордун баарын четке кагууда.

"Тартип бузуу эмне экенин өзүм жакшы билем. Буларга бир кенедей да кеп айткан жокмун. Анда-санда гана булардын аракети мыйзамсыз экенин, эскертүүңөрдү берсеңер кетебиз деген гана сөз болду. Мага карата ачылган бул иштер баары жасалма",-деди активист.

Ушундай эле айыптар менен сот жоопкерчилигине укук коргоочулар Азиза Абдрасулова менен Динара Ошурахунова тартылууда. Алар дагы орус элчилигинин жанында пикет өткөргөн убакта эч кандай тартип бузушпаганын, милицияга мыйзамдуу талаптарын гана билдиргени болбосо, алардын айтканын аткарып, милиция бөлүмүнө өз ыктыяры менен барышканын айтышты.

18-мартта болгон сот Ошурахунованы “майда бейбаштык” беренеси боюнча актаган. Экинчи айыптоо боюнча ишти 25-мартта караган жатат.

Соттун жүрүшү көрсөткөндөй, милиция кызматкерлери жарандык активисттердин мыйзам бузгандыгы жөнүндө протоколдорду кечигип, сабатсыз даярдашып, ишти көп жагынан бурмалап жазышкандай. Көрсө, алар жарандык активисттерге эмне үчүн митинг өткөрүүгө болбой турганын жетиштүү түрдө түшүндүрө алышкан эмес, б.а. мыйзамда каралган элементардык эрежелерди аткарышкан эмес.

Ал эми активисттердин айтымында, алар эч бейбаштык жасабай, кайра милиция кызматкерлеринин айтканына көнүп, эч кандай каршылык көрсөтпөй, бар деген жагына барып беришкен. Ошондуктан бул жерде жарандык активисттердин эмне жазыгы бар, алар Украинадагы согушка каршы өздөрүнүн талаптарын айтып койгону үчүн гана күнөөлүү болуп, жоопкерчиликке тартылышы керекпи деген кыжалат суроо турат.

Динара Ошурахунова

Тили кыска

17-мартта укук коргоочулар Украинадагы согушка каршы талаптарын билдирип, Бишкекте Россиянын элчилигинин жанына пикетке чыгышкан. Аларды мыйзам тыюу салган жерде пикет өткөрүп жатасыңар деген негизде милиция кармап кетип, "майда бейбаштык" жана " укук коргоо органдарынын талабына баш ийбөө" беренелери боюнча протокол түзүп, сотко өткөргөн.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Соттун жүрүшүндө айыптоочу тарап укук коргоочулар кандай ээнбаштык кылганына же милициянын талабына кантип баш ийбей койгонуна далилдүү маалымат келтире албады.

Ошого карабастан сот укук коргоочуларды мыйзам тыюу салган жерде пикет өткөрүшкөн деген негизде административдик жаза жоопкерчилигине тартууда.

Бишкекте милиция Россия элчилигинин жанында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган эле. 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту бул чечимди мыйзамдуу деп аныктаган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова бул чечим Конституцияга каршы келет деген билдирүү жасаган. Башка укук коргоочулар, жарандык активисттер дагы соттун чечимин мыйзамсыз деп жатышат.

"Бул туура эмес. Анткени, биздин тынч жыйындарды өткөрүү мыйзамындагы чектөөлөрдү карасак, конкреттүү бир чогулушка гана тыюу салса болот, эгерде коопсуздукка коркунуч бар болсо. Бир айга бардык жыйындарга тыюу салган мындай чечим Конституцияга карама-каршы келет",-дейт адвокат Нурбек Токтакунов.

Митинг Бишкек

Сүрөттүн булагы, Акипресс

Украинада согуш башталгандан бери Россия элчилигинин жанында бир нече жолу митинг болду. Башында расмий бийлик мындай жыйындарга тыюу салган эмес, бирок айрым бир талаптарын таңуулап жаткан эле. Мисалы, 8-мартта өткөн жүрүштө Украинанын желегин көтөрүүгө, Путиндин атын айтууга таптакыр тыюу салышкан.

Президент Садыр Жапаров парламенттеги сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы согушту ачык эле атынан айтып, Кыргызстан бул жерде калыс болушу керектигин билдирген. Андан кийин ушундай эле маанидеги сөздү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да айтты.

Ошого карабастан, расмийлер кыргыз жарандарынын Украинадагы согушка карата терс реакциясына кайсы бир деңгээлде чектөө коюну максат кылгансыйт. Балким, Кремлден кандайдыр бир өтүнүч же талап дипломатиялык каналдар менен келген болушу ыктымал дешет. Кыргызстан Россия менен бир экономикалык жана аскердик блокто, көп жагынан көз каранды, ошондуктан кандайдыр бир өзүнчө арга издегенге тили кыска, жолу кууш.

Өлкөнүн экономикасы Россиядан көбүрөөк көз каранды. Азык-түлүктүн жана биринчи кезекте керектүү товарлардын 70% ошол жактан келет. Ошондой эле, өлкөнүн ИДПсынын үчтөн бир бөлүгү Россиядагы мигранттар салган акчадан куралат.

Украинадагы согуш, Россияга салынган эл аралык оор санкциялар Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга түздөн түз зыянын тийгизип баштады. Улуттук валюта сомдун куну түшүп, доллар наркы 85 сомдон заматта 105-109 сомго чыкты.

Дүкөндөрдө кээ бир эң керектүү азык-түлүктөр түгөнүп, баалардын кымбатташы байкалууда. Каатчылык менен кымбатчылык алып келип жаткан согушка жергиликтүү элдин реакциясы жаман, андан башкача болмок эмес. (КС)