Кыргызстан: кант каатчылыгы
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда кумшекер менен суу майдын баасы түшө элек. Кээ бир соода жайларында кант түгөндү. Шейшембиде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги улуттук матрезервден бир миллион кг кант менен 500 миң литр суу майды сатууга чыгарып, өлкөдө ун, кант жана майдын тартыштыгы жок деп билдирген эле.

Ушул аптанын башынан бери дүкөндөрдө азык-түлүк продуктуларынын тартыштыгы жана анын баасынын көтөрүлүшү байкалууда.
Бишкектеги кээ бир дүкөндөрдө шаршембиде кумшекер түгөндү. Жумабек-Ибраимов көчөсүндөгү "Фрунзе" супермаркетинде сатыкка таптакыр калбаптыр.
Гоголь-Фрунзе көчөсүндөгү дүкөндө акыркы бир мешок калганын айтышты. Баасы бир кг 67 сом. Андан ашык алгандарга 85 сом экен.
"Аламүдүн" базарында бир дүкөндө беш кг кумшекер калыптыр, баасы 95 сом. Экинчи дүкөндө 93 сом.
Ал эми Жалал-Абад областында канттын баасы 100 сомдон кем жок экенин жергиликтүү булактар билдирүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев шейшембиде азык-түлүк тартыштыгы жок деп, соода жайларында кумшекер 70 сомдон, суу май 130 сомдон сатыла турганын билдирген эле.
"Бир миллион кумшекерди Кыргызстандын соода уюмдарына таркатып атабыз. Сатылышы бир кг 70 сомдон. Андан сырткары, өсүмдүк майдын дагы тартышыгы болот деген аябай катуу имиш болуп, эл дүрбөлөң болуп, маселе курч көтөрүлгөндүктөн, азыр 500 миң литрди соода уюмдарына таштап атабыз. Анын баасы көтөрүлбөшүн үчүн 130 сомдон деп белгиледик. Азыр эле бир жуманын ичинде эл көрөт баалардын ылдый кеткенин",-деген Бообек Ибраев.
Министрдин айтымында, элдин дүрбөлөңгө түшүп, кыжаалат болушуна эч кандай себеп жок:
"Бюджетте акча кенен, мамлекеттик резерв толтура".

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мамлекеттик тийиштүү органдар Бишкектеги ири базарлардын соодагерлерин эң керектүү азык-түлүккө бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөөгө чакырууда. Монополияга каршы кызмат ири базарларга байкоо салып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
Аталган мекеменин маалыматына караганда, "Сары-Өзөн" базарындагы сатуучулар ундун биринчи сортун орточо алганда 36-38 сомдон сатып атышат. Кумшекердин баасы 75 сомго, суу майынын баасы 145-170 сомго чыгууда.
Ири базарлардагы сатуучулар өз кезегинде дүң баалар жана керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу азык-түлүк баалары кымбаттап жатканын айтышууда.
Бишкектеги "Глобус" жана "Фрунзе" гипермаркеттери кээ бир азык-түлүк продуктуларын сатууда чектөө киргизишти.
Украинадагы согуштан улам региондогу бир катар өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга каатчылык менен кымбатчылык келип жатат. Экономика министри Данияр Амангелдиевдин айтканына караганда, Кыргызстан азык-түлүк жана башка эң керектүү товарлардын 70% сырттан алып кирет.
Азык-түлүк продуктулары, товарлары өлкөгө көбүнчө Россиядан келет. Россия болсо ЕАЭБдеги өлкөлөргө эгин менен кумшекерди экспорттоону убактылуу токтотконун билдирди. Бул чектөө буудайга, арпага жана жүгөрүгө тийиштүү.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстан Россиядан 221 миң тонна эгин сатып алып келген. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Россиядан буудайды эң көп сатып алып келаткан Казакстан экен. Казакстан буудайды өзү эле керектебей, кайсы бир бөлүгүн коңшу өлкөлөргө сатып жүргөн. Кыргызстан өзүнө жетпеген ундун чоңураак бөлүгүн ушул Казакстандап сатып алып келатканы белгилүү. Демек, Россиянын чечими буудайды реэкспорт кылуу максатын дагы көздөп жатат.
"Биз 95% азык түлүк көз карандылыгында калганбыз. Бизге согуш ачып кереги жок, биз уже эле көз каранды болуп калганбыз. Кекиртектин көз карандылыгы. Азыркы учурда өсүмдүк майынын 80% импорттолот. Бул деген өсүмдүк майы боюнча толугу менен Кыргызстан башка мамлекеттерге көз каранды. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, мисалы, азыр бизге Россиядан гана келген майды канчадан сатып алсак, ошончо баа менен керектегенге муктажбыз. Көз каранды болбош үчүн толук өзүбүздүн өндүрүш өсүмдүк майын камсыз кылганда гана туруктуу баа болот. А өзүбүздүн өндүрүш өсүмдүк май менен камсыз кылыш үчүн өтө чон аянтка май чыга турган өсүмдүктөрдү тигиш керек, а бизде ошондой аянттар калганбы? Же сырттан сырец алып келип, аны кайра иштеп чыгаруу керек. Ошондо да ошол кайра иштетилген май сырттан келген даяр майдын арзан баасына туруштук бере алышабы? Арзан, сапаты начар май ташыган контрабандалык жол жабылабы?"-деп жазды Фейсбуктагы баракчасына ишкер айым Рысгүл Акимжанова.

Үрөн алып келүүдөгү үзгүлтүктөр
Украинадагы согуш Россиядан Кыргызстанга үрөн алып келүүдө дагы тоскоолдуктарды жаратты. Сатып алынган үрөндү ташып келүү темир жолдогу кыйынчылыктардан улам графиктен кечигүүдө.
"Азыркы күндө кичине бир аз кармалып калдык. Себеби дегенде, согуш болуп аткандыктан, вагондор жетишпей, темир жол станцияларынын иштеши да аябай оор болуп атат. Биринчи кезекте ал жакта курал-жарактарды өткөзүп атышат",-деди Бообек Ибраев.
Министрдин айтымында, азыркы учурда керектүү үрөн толугу менен алып келинди. Бир гана түштүк тарапка жеткирүү кыйын болуп жатат, анткени Өзбекстандын темир жолу жабык. Ошондуктан Бишкекке алып келип, бул жактан автоунаа менен ташылууда.

Дүйнөдө азык-түлүккө баалар өсөт
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Дэвид Бизли Украинадагы конфликт дүйнөдөгү тамак-ашка болгон баалардын кескин өсүшүнө алып келерин ушул айдын башында эле эскерткен.
Бул кедей өлкөлөрдө болуп көрбөгөндөй каатчылыкка алып келери күтүлүп жатат. Украина жана Россия азык-түлүктүн ири экспортерлору эле, бул эки өлкө ортосундагы согуш айдоо иштерине кедергисин берип, баалар өсүшү күтүлүүдө.
Дэвид Бизли бул көрүнүш дүйнөдөгү айрым өлкөлөрдөгү адамдардын ачкачылыктан каза болуу коркунучуна алып келерин эскертти.
"Жер жүзүндө болуп жаткан тозоктун түбүнө жеттик деп ойлосоңуз, андан да жаманына баратат", - деди ал.
Россия менен Украина Европанын буудай кампалары дүйнөлүк керектөөнүн төрттөн бирин камсыздачу.
Ошондой эле дүйнөдөгү күнкарама майына жана данга болгон муктаждыктын жарымын жапчу. Украина дүйнө өлкөлөрүнө жүгөрүнү да сатчу.












