Кинотеатрлар жабылышы мүмкүн. Дубляждан баш тартса эмне болот?
Чоробек Сааданбеков, Би-Би-Си Бишкек бюросунун редактору

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргыз кино көрүүчүлөрү Россияга салынган экономикалык санкцияларынын кесепетин алгачкылардан болуп сезишти. Эң күтүлгөн жаңы фильмдердин бири – “Бэтмен” Кыргызстанда көрсөтүлүп жетишти. Башка жаңы фильмдер көрсөтүлбөй калды. Алардын арасында бул аптада чыгышы күтүлүп жаткан “Мен кызарам” мультфильми дагы бар эле.
Россияга салынган санкциялар кыргыз киномандарына кесепетин тийгизип жатканы көпчүлүк үчүн түшүнүксүз болуп калды. Биз бул маселени түшүндүрүп берүүгө аракет кылдык.
Абалды жараткан факторлор
Бул жерде үч фактор ойнойт – юридикалык, экономикалык жана маданий. Үчөө өз ара тыгыз байланышта.
Юридикалык фактор – автордук-мүлктүк укуктар. Буга контентти (фильмди) кайсы бир территорияда мүлк катары урунуу - сатуу, которуу, көрсөтүү, лицензиялоо ж.б.у.с. учурлар кирет.
Экономикалык фактор – контентти, бул жерде фильмди, көрсөтүү укугун сатып алуу канчалык пайдалуу, ал өзүн өзү канчалык актайт?
Маданий фактор – кино көрүүнүн калыптанып калган жолу.
Юридикалык фактор: Автордук-мүлктүк укуктар
Фильм – биринчи кезекте, автордук укук менен корголгон мүлк. Аны башка тилдерге которуу үчүн дагы аны жараткан, ага ээлик кылган авторлордон уруксат алыш керек. Бул машакаттуу процесс.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошондуктан фильмди орус тилине которуп, мурдагы СССРдин курамына кирген айрым өлкөлөрдүн территориясында сатуу укугун алган компаниялардан аны даяр түрүндө алып көрсөтүү оңой болчу.
Украинадагы согуштан улам Орусияга салынган санкцияларды колдоо иретинде Walt Disney, Universal Pictures, Warner Brothers, Sony Pictures Entertainment компаниялары Россияда жаңы фильмдерин көрсөтүүдөн баш тартышты. Алардын катарына бүгүн “Тактылар оюндары” сыяктуу сериалдарды жараткан НВО каналына ээлик кылган WarnerMedia холдинги толугу менен кошулду.
Көрсөтүү укугу бар компанияларга чектөө киргизгенде, андай чектөө автоматтык түрдө алардын жайылтуу укугу бар территорияларын дагы камтып калат. Мурдагы совет республикаларынын бир нечесинин территориясында, дүйнөлүк кинокомпаниялардын фильмдердин сатуу укугу орусиялык компанияларга таандык. Ошону менен, бизге тикелей санкция салынбаса дагы, мындай чектөөлөрдөн улам, кыргызстандыктар дүйнө менен бирге жаңы фильмдерди көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калды. Көпкөбү?

КР кинотеатрлар ассоциациясын төрагасы Алмаз Кайыпов, түзүлгөн кырдаалды мындайча түшүндүрөт:
“Биз ойлоп жатканбыз, иштей беребиз деп. Биринчи күнү кат келди. Бул жумада Диснейдин “Мен кызарам” мультфильми чыкмак. Ошого уруксат беришкен жок. Disney, Universal Pictures, Paramount Pictures, Warner Brothers, Sony Pictures Entertainment фильмдери келбей калды”.
“Мен кызарам” мультфильминин дубляжы даяр болчу. Биз Орусиянын өкүлүнө, эмнеге бербей жатасыңар деп кайрылганбыз. Алар бизге КР, Казахстан, Өзбекстанда, Арменияда чыкпайт деп жооп беришти”.
Биз, Алмаз мырзадан, бул чын эле Украинадагы согушка, санкцияларга байланыштуу болуп жатабы, же кырдаалдын башка дагы себептери барбы деп тактап сурадык.
“Биз ошого таң калып жатабыз. Биз санкцияларга кирген жокпуз да. Жайылтуучу компаниялар санкцияга кабылган жок. Алар болгону ишмердүүлүгүн, прокатты токтотту. Ал жерде Кыргызстан, Казакстан же Өзбекстан жок”, - деди ал.
Экономикалык фактор: Кинотеатрлар жабылып калышы мүмкүн
Санкцияга кабылбагандыктан, кыргыз кинотеатрларынын дүйнөлүк кинокомпанияларга кайрылып, орусиялык ортомчу компанияларды айланып өтүп, түз иштөө мүмкүнчүлүгүнө дагы кызыктык.
“Бешинчи күнү ассоциациядан түз иштейли, контрактарды түз түзөлү деп АКШ элчилигине кайрылдык, жообун күтүп жатабыз”, - дейт Алмаз мырза.
Белгилүү болгондой, кыш айлары кинотеатрлар үчүн - сезон. Көп жакшы фильмдер кышында көрсөтүүгө пландалат.
Коронавирус пандемиясынан улам кыргыз кинотеатрлары 9 ай жабык турду. Андан улам көп жакшы тасмалардын бетачары 2022-жылга жылдырылган эле. Кинотеатрлар декабрь айынан тартып эле иштеп башташкан. Эми минтип кайрадан тоскоолдукка кабылышты.
Ассоциациянын төрагасы, кыргыз киномандарды азыр чыга турган “Доктор Стрейндж 2”, “Морбиус” сыяктуу көптөн көп күтүлгөн фильмдерди көрө албай калышканына абдан өкүнөт.
Түзүлгөн абалдан улам, Орусиянын кинотеатрлары жабылып калуу коркунучун айтып чыгышты. Кыргыз кинотеатрларынын абалы кандай?
“Учурда Орусияда 140 кинотеатр жабылды. Контент жок болсо эмнени көрсөтүшөт”, - дейт ал Алмаз мырза.
Орусияда кинотеатрлар дүйнөлүк фильмдердин ордун өздөрүнүн “Брат 2” сыяктуу популардуу фильмдери менен бастырууга аракет кылып жатышат. Кыргыз кинотеатрлары дагы мындай кадамга барып, абалдан чыкса болобу?
Алмаз Кайыпов, мындай идеяга көп ишене бербейт: “Ачык айтканда, бизде андай темп жок. Жакшы фильмдер чыгып жатат. Бирок мындай фильмдер бир айда бир чыгат. Голливудда бир жумада 4-5 фильм чыгат. Бул прокатка чыкканы эле. Бизде эми киноиндустрияда 1,5 миң киши иштеп жатат”.
Ал учурда Кыргызтанда бул ассоциацияга кирген 17 кинотеатр иштеп жатканын, алар бюджетке жылына 100 миллион салык төлөшөрүн, бирок ага карабастан кыргыз кинотеатрлары жабылып калышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Эми дүйнөлүк кинокомпаниялар менен түз иштешүүгө жол ачылып калса, анда кинотеатрлар фильмдерди өз алдынча которуп, иштеп кете алышабы деген суроо жаралбай койбойт.
“Биз ага даярбыз. Маселе чечилет деп ойлойм”, - Алмаз мырзанын жообу ишенимдүү угулду.
“Биздин экономика өтө эле кичинекей. Ошон үчүн биз чоң компанияларга кызык эмеспиз. Бирок биз дагы кишибиз да. Биздин дагы укугубуз бар. 15 жылдан бери иштеп келе жатабыз. Кандай болбосун, жооп келиши керек. Биздин күнөөбүз жок бул конфликтте. Бул конфликттин эч кимге пайдасы тийбейт деп ойлоп жатабыз”, - дейт ал.

Маданий фактор - дубляж
Дубляж – бул кинофильмди которуп, түпнуска тасмадагы бардык үндөрдү, добуштарды кошуп, кайрадан жаңы тилдеги үн фонограммасын иштеп чыгуу. Дубль өзү - эки, кайталоо дегенди түшүндүрөт.
Өз алдынча дубляж жаратуу - кымбат процесс.
Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдө кинону дубляж менен көрүү маданияты бекем калыптанган. Улуу жана орто муундун өкүлдөрү кинону которуп көрүүнүн башка жолдору болорунан кабары деле жок.
СССР маалында Кыргызфильмде тартылган тасмалардын дубляжы деле Мосфильмде жаратылчу. Байкап көрсөңүз, ошол кезде тартылган айрым популардуу кыргыз кинолору орус тилинде гана үндөштүрүлгөн. Кыргызча дубляжы жаратылган эмес же сакталып калган эмес.
Ошону менен, кыргыз киномандарды дүйнөлүк фильмдерди орус тилинин дубляжында көрүп, башкача болушу мүмкүн эместей эле жашап келе жатышат. Эми минтип жаңы кырдаал жаралып отурат.
Так ушул дубляж, кыргыз киноиндустриясын юридикалык жана экономикалык жактан Оруссиянын компанияларына чиркеп, аларга санкция салынса, бул жактан туруп кошо азап тарттырган абалга алып келген маданий фактор.

Субтитрлер бизди абалдан чыгарабы?
Кинону дубляжы менен көрүү, мурдагы СССР элдерине мүнөздүү көрүнүш деп саналат. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө фильмди түпнуска тилинде субтитрлер менен көргөндү жактырышат.
Субтитр – бул фильмдин текст түрүндөгү котормосу. Адатта, фильмдин астында чыгарылып турат.
Фильмди субтитлер менен көргөндө ойногон актерлордун интонациясы, үнүн кубулушу, ички эмоциясы көрүүчүгө нукурасында жетип, көрүүчү менен актер түз байланышта болот. Актердун эмнени жеткизгиси келгенин, көрүүчү так түшүнөт.
Ал эми фильмди дубляж аркылуу көргөндө, көрүүчү менен актерлор ортомчу аркылуу баарлашкандай абал жаралат. Албетте бул жерде биринчи орунга дубляжды жараткан команданын, үн коштогон кишинин дарамети, чеберчилиги чыгат. Бирок, баары бир, көрүүчү актерлордун өз эмоциясын эмес, “которулган” эмоция аркылуу угуп, ошондон канааттануу алат.
“Фильмдерди субтитрлер менен көрүү СССР учурунда деле болгон. 1980-жж. фестивалдык фильмдер келгенде, биз аларды субтитрлери менен көрчүбүз”, - дейт Эмил Тилеков.
Эмил мырза Актан Арым Кубаттын Канндагы фестивалда “Коло арстанга” ээ болгон “Ырыс алды – ынтымак” социалдык ролиги деле эл аралык көрсөтүү үчүн субтитрлер менен которулганын белгиледи.
Коңшу Казакстанда, кинотеатрларда фильмдерди казакча субтитрлер менен коштоп көрсөтүү 2019-жылы киргизилген ырасмий эреже.
Кинотеатрлар ассоциациясынын төрагасы, негизи фильмдерди субтитрлер менен которуп көрсөтүү идеясын жактырат, бирок анын кемчиликтерин дагы бар дейт:
“Менимче, дубляж кылбай эле, кыргызча болобу, же орусча болобу, субтитр менен которуу - жакшы нерсе. Бирок бул жерде бир нерсе бар. Кичинекей балдардын көздөрү оруп, эки саат кыймылды карабай, субтитр окуп отуруу кыйын нерсе экен”.
Алмаз мырза, кыргыз кинотеатрлары субтитрлердин жардамы менен кыргыз жаштарына англис тилин үйрөнүүгө жардам берүүгө аракет кылып келе жатышканын кошумчалады:
“Биз беш жылдан бери English movie club деп фильмдерди англисче көрсөтүп келе жатабыз. Бирок ага көбүн эсе чет өлкөлүктөр келет. Биздин студенттер аз келет”.
Албетте, мурда-кийин субтитрлер менен кино көрүп жүрбөгөн кишиге, бир эле учурда экранда болуп жаткан кыймыл-аракетти дагы аңдап, астындагы текстти кошо окуп жетишүү башында бир аз кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
Бирок өспүрүмдөр, жаштар “Наруто”, “Блич”, Ванпис”, “Өлүм дептери” сыяктуу 800 серияга чейин жеткен жапон анимелерин дубляжы жок эле субтитрлердин же ыктыярчы үндөштүрүүчүлөрдүн жардамы менен жылдап көрүп келишет. Ошондуктан, кинотеатрлардын негизги кардарлары болгон жаштар, кинотеатрларда дүйнөлүк блокбастерлерди көргөнгө кай бир деңгээлде даяр деп айтсак болот.












