“Мите” тасмасындагы жер төлө: Миңдеген сеулдуктар ушул жерде жашайт

Түштүк Кореянын "Мите" тасмасы "Оскардын" төрт сыйлыгын жеңип, жаңы тарыхты жаратты. Көркөм тасмада Сеулдун бай аймагында жашаган үй-бүлө менен көк тиреген имараттардын жер төлөсүндө жакырчылыкта жашаган үй-бүлө баяндалат.
Режиссер Пон Чжун Хонун "Мите" тасмасы ойдон чыгарылган, каармандардын кандайдыр бир реалдуу кишилерге тишеси жок деп айтылганы менен Сеулда ушундай жер төлөдө күн кечиргендер бар.
Би-Би-Си Корей кызматынын кабарчысы Жули Ион жакырчылыкта жашаган түштүккореялыктар менен баарлашып келди. Жер төлөө батирлерине атайын термин дагы бар - "банжиха".

Ки Чеул жашаган батирге күн нуру тийбейт. Ал тургай батирдин терезесинде бир дагы өсүмдүк өспөйт. Солуп калат экен.

Жайында нымдуу аба ырайынан улам Ки Чеулдун батиринин дубалдарын көк басып кетет. Көчөдө баскандар терезеден карап, батирде эмне болуп жатканын көрө алышат.
Жуунган жери абдан кичинекей жана башты уруп албоо үчүн Ки Чеул эңкейип турат. Канализация түтүгү батирден бир аз өйдө жайгашкандыктан, даараткана бир метр өйдө көтөрүлгөн.
"Бул батирде жашап баштаганымда улам бутумду же башымды уруп алып кыйналгам",-дейт 31 жаштагы Оу Ки Чеул.

Ки Чеул батирге көнүп калганын айтып берди. Режиссер Пон Чжун Хонун "Мите" тасмасы Ки Чеулга окшогон тургундар менен чириген байларды салыштырган тасма. Анда Сеулдун жашылданган кымбат районунда жашаган үй-бүлө менен калаанын жакыр аймактары салыштырылат.
Чыныгы турмушта, "банжихаларда" көбүнчө жаңыдан иштеп баштаган жаштар жашайт. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин түштүккореялык жаштар карьералык өсүүгө жетүү үчүн тынымсыз иштейт. Үйүнө уктоо үчүн эле барат.

Сүрөттүн булагы, CJENM/BBC

Сүрөттүн булагы, CJENM
Сеулдагы бийик имараттардын жер алдындагы батирлери архитектуралык ката эмес. Анын тарыхы бар.
1968-жылы Түндүк Кореянын аскерлери Сеулга келип, Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Чоң Хини өлтүрүп кетүүгө аракеттенген.

Президентке кол салуу аракети алдын ала токтотулганы менен, Түндүк менен Түштүк Корея ортосундагы абал кескин чыңалган. Ошол эле жылы Пхеньян АКШнын тыңчы кемесин дагы кармап алган эле. Түндүк Кореянын куралчан аскерлери Түштүк тарапка өтүп, бир нече жолу террордук чабуул уюштурган.
1970-жылдары согуш чыгышы мүмкүн деген кооптонуу менен, Түштүк Кореянын өкмөтү ар бир имаратка жер төлө куруу буйругун берген. Алар согуш чыгып кетсе бункердин ролун аткармак.
Башында жер төлө батирлерин ижарага берүүгө тыюу салынган. Бирок 1980-жылдары турак жай жетишсиз болуп, батирлерге баалар кескин өсүп кеткенде "банжихаларды" ижарага берүү мыйзамдаштырылган.

2018-жылы Бириккен улуттар уюму Түштүк Кореянын экономикасы дүйнөдө 11-орунда турганы менен, жергиликтүү тургундарга жеткиликтүү баада турак жай сатылбайт деген жыйынтык чыгарган. Мындай абалда өзгөчө жаштар жана кедей катмар кыйналат.
Ошондуктан мурда бункер катары колдонулат делген жер төөлө батирлери көйгөйдү дароо чечкен. Учурда Сеулда жер төлө батири айына 453 доллар (орточо эсеп менен алганда) турат. Жыйырма жаштын тегерегиндеги жаштар айына 1,679 доллар (орточо эсеп менен алганда) маяна алышат.

"Чын айтайын, көнүп калдым. Каражат үнөмдөйм деген ой менен бул турак-жайды ижарага алгам. Ага карабастан мени байкуш катары карагандар көп. Кореяда сөзсүз түрдө мыкты унаа жана үй алышың керек. Ошондуктан банжиха жакырчылыктын символуна айланды",-дейт Оу Ки Чеул.
"Мите" көркөм тасмасында жакырчылыкта жашаган каармандын үй-бүлөсү чириген бай каармандын үй-бүлөсүнө жакындап, аларга кызмат кылып иштешет. Ошондо бай үй-бүлө кызматкерлеринин өзгөчө жыты жөнүндө сөз кылышат.
Бул жытты жакыр үй-бүлө эмне кылса дагы кетире албай коет. Ошондо каармандардын бири "бул жер төлөөнүн жыты, аны батирден көчүп кеткенде гана кетире аласың" деп айтат.

26 жаштагы фотограф Парк Яң Юн "Мите" тасмасын жаңы эле "банжихага" көчүп киргенден кийин көргөн. Парк "банжихага" арзан болгондуктан батирди ижарага алган.
Бирок тасманы көргөндөй кийин Парк дагы жер төлөөдөгү жытты байкаган.
"Мен жакырчылыкта жашаган үй-бүлөдөй жыттангым келген жок",-дейт ал.
Ошол жылы Парк батирди жел жүрүп тургудай кылып оңдогон. Ал жубайы Шим Мин менен банжиханы кантип оңдоп, түзөгөнү тууралуу видео блог жасап турган.

"Ата-энем батирге биринчи жолу келгенде жактырбай кетишкен. Буга чейин батирде чылым чеккен адам жашаган экен. Тамекини түтүнү дубалдарга чейин сиңип калган",-дейт Парк.
Чынында, анын 24 жаштагы жубай Шим дагы жер төлөдөгү батирдеги жашоону каалаган эмес.
"Банжиха кооптуу көрүнчү, дайыма караңгы. Мен бийик имараттарда жашап, чоңойгом. Ошондуктан кандай болот деп чочуладым",-дейт Шим.

Эки жаштын жер төлө батирин оңдоп чыкканы интернетте топ жарды. Көптөр жаш түгөйдү мактап, кат жолдошкон. Ага карабастан, эки жаш өмүр бою банжихада жашагысы келбейт.
"Жаңы үйүбүз бизге жагат, аны оңдоп чыкканыбызга сыймыктанабыз. Бирок бул жерде калгыбыз келбейт. Акча үнөмдөп, башка райондо батир алабыз. Ага чейин мышыгым терезе алдында жатып, денесин күнгө кактай албай калганына өкүнөм",-дейт Шим.

Сүрөттөрдү Julie Yoon тарткан












