"Оскар - 2020": Түштүк Кореянын "Мите" аттуу тасмасы тарых жаратты

Сүрөттүн булагы, Curzon
Түштүк Кореянын "Мите" аттуу тасмасы эң мыкты картина категориясында жеңишке жетип, "Оскар" сыйлыгынын 92 жылдык тарыхында бул категорияда сыйланган биринчи чет өлкөлүк көркөм тасма болду.
Хоакин Феникс "Жокер" тасмасындагы чебердиги үчүн башкы ролдогу эң мыкты актер катары "Оскар" алса, эң мыкты актриса катары Рене Зеллвегер ("Жуди") сыйланды. Брэд Питт ("Бир жолу Голливудда") менен Лора Дерн ("Үйлөнүү окуясы") экинчи пландагы эң мыкты актер наамын алышты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Мите" тасмасы төрт "Оскар" алып тарых жаратты. Ал эми Сэр Сэм Мендестин "1917" тасмасы үч "Оскар" утуп алды
Буга чейин эле Биринчи дүйнөлүк согушту сүрөттөгөн "1917" тасмасы эң мыкты режиссерлук эмгек жана эң мыкты картина категорияларында жеңишке жетет деп күтүлүп жаткан. Бирок Пон Чжун Хо алдыга оозуп кетти.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Түштүк Кореянын тасма бай жана кедей үй-бүлөнүн ортосундагы ажырымды сүрөттөгөн сатира. Тасманын продюсери Квак Син Айи кубанычын жашырган жок:
"Сөз таба албай жатам. Мындай болору түшүбүзгө дагы кирген эмес".
Эң көп "Оскар" алган тасмалар:
- "Мите" - 4
- "1917" - 3
- "Форд Феррариге каршы" - 2
- "Жокер" - 2
- "Бир жолу Голливудда" - 2







