Блог: "Жокер" болбойлу жана аны жаратпайлы

Тод Филлипстин "Жокер" аттуу тасмасынын бет ачаары абройлуу "А" тобундагы Венеция кинофестивалында өткөн. Эл аралык деңгээли өтө жогору болгон бул сынакта көрүүчүлөр бир канча мүнөт туруп алакан чабышса, калыстар тобу баш байгени тапшыруу менен тасма фуррор жараткан. Ошентип, дароо бет ачарынан ийгиликке жетишкен тасма учурда дүйнө элин кызыктырып, талкуунун чордонунда турат.
"Жокер" кыргыз коомчулугунда да талкууда. Бири "Жокерлерди өзүбүз жаратабыз" десе, экинчиси "Жокер-биздин коомдун жүзү" деп жатышат. Ооба, тасманы көргөн адам өтө таасирленет. Себеби, экрандагы "Жокерлер" арабызда толтура. Тагыраагы, "Жокерге" айлана элек Артур Флек бизге жакын. Ал жашоодон өзүн таппай жүргөн, башкалардан бир нерсе күтүп, өзү кол куушуруп жата берген бир селсаяк эмес. Артур Флек - максаты бар, өз эмгеги менен нан таап жеген, апасына кайрымдуу, адептүү инсан. Ал кабагы ачылбаган айланасындагы адамдарга жылмаюу тартуулагысы келет. Балким ошол үчүндүр, анын өзгөчөлүгү - токтоно албай күлгөн оорусу. Бирок ал өзгөчөлүк жакшылыкка алып барган жок. Чындык, калыстык,көңүл жана жылмаюу издеген Флек акыры чарчап, өзүн таштайт. Анын оорусу Артурдун кыялын жок кылып, өзүн зөөкүргө, жашоосун хаоско айлантат.
Кошумча шөкөт колдонулбаган, операторлук иши мыкты, тандалган костюмдары, жасалган гримми, музыкасы баары өз деңгээлинде мыкты. Музыкасы мага бир аз оор келди, кээ бир учурларда окуяны алдын алып жатты. Баса, аны "Чернобль" сериалынын музыкасын жазган композитор Хильдур Гуднадоттир жазыптыр. Ал эми баш каармандын образын жараткан Хоакин Феникс ушул тасма үчүн атайын арыктап(24 килограммга), Туретта синдрому менен ооруган адамдар тууралуу видеолорду көрүп, максималдуу түрдө "оорулуу күлкүнү" жаратууга машыккан.

Сүрөттүн булагы, Warner Bros
Менимче, актер да, режиссер да Жокерди ачып бере алышты. Жок, Артур Флекти да, Жокерди да ачып бере алышты. Бул экөөнүн ийгилиги. Тасмада афроамерикалыктардын мезгил-мезгили менен пайда болушу бүтпөгөн расизм темасын тийип өткөндөй. Бир сценада аны жактырбаган эне-бала, кийинки сценада өзү жактырып калган аял, өзүнүн психологу жана эң акыркы сценадагы психотерапевт да афроамерикалыктар. Ал эми Артурга жакшы мамиле кылган бир гана адам - бул эргежээл(лилипут) кесиптеши. Балким, өзгөчө эмес, кадимки бойлуу адам болгондо ал да Артурду басынтмак деп ойлогум келбейт. Жокер аны жакшы көрөт, бирок өзү андай күчтүү болуп же тескерисинче чыдап жүрө алган жок, ал үчүн да өч алайын деди. Калп жылмаюудан тажады. Ал эмес, кумиринен да түңүлүп, аны жок кылып таштады. Бир үмүтү мэрге кондидат атасында эле, ал үмүт бербей эле апасына каршы коюп койду. Андан соң апасына болгон мамилесинин өзгөрүшү түшүнүктүү. Бакма бала экенин билгени аз келгенсип, эмне себептен оорулуу болуп калганын билүү оңой эмес болсо керек. А бирок финалда бүт шаар аны колдоп чыкканын көргөндө таң калган "Жокер" жалгыз эмес экенин сезет. Ал көрүнүш аны бактылуу кылып, жүзүндөгү жасалма жылмаюуну баса белгилеп көрсөтөт.
Окуянын өнүгүшү башкачараак, адаттан тыш болгондуктан,структура бузулуп калган деген сыяктуу режиссерго көп сын тагылууда. Бирок, режиссер Артурдун реалдуу жашоосу менен катар өзүнүн башка бир дүйнөсү бар экенин жакшы берген. Өзгөчө кыймыл-аракеттери менен коштолгон бийи, басышы Артурдун дагы бир өзгөчөлүгүн көрсөтүп турат. Көп сценалар алдын ала белгилүү болуп, жыйынтык кандай болору көрүнүп турса да, фильм аягына чейин кармап турат. Себеби, актерлук чеберчилик, тандалган өңдөр, оператордун кадрлары - баары акыркы титрге чейин окууга татыктуу. Жакпаган жери - кагаз бетиндеги жазууларды орус тилдүү көрүүчүлөргө ылайыктап, орусча кылып салганы. Атмосфера дароо жоголуп кетет экен. Кандай болсо ошондой калтырып, субтитр менен которулганы жетиштүү болмок.

Сүрөттүн булагы, Warner Bros
Жаш кыздарды зордуктаган, адам өлтүргөн, жакшылык күтпогон жана кылбаган ташбоор, мыкаачы "Жокерлер" кайдан чыгып жатканын ушул фильмден түшүнсөк болот. Шайлоонун алдындагы саясатчылардын таттуу сөздөрү, ага кошо өлкөдө баары сонун деп элди алдаган телеканалдар, шоу жаратыш үчүн баарына даяр алып баруучу, кайдыгер врач(психолог), тартипсиз жаштар, көрө албас кесиптештер, мурдун балта кескис иш берүүчү, митингге чыккан эл - булардын баары биздин - Кыргызстандын коомунда бар. Маскарапоздун маскасын тагынып алып, жалган жылмайып жүргөндөрүбүз да четтен чыгат. Демек "Жокерлер" арабызда толтура. Кыргызстанда эки жолку революцияны ошол арабыздагы "Жокерлер" кылбады беле? А бирок мамлекетибиздеги азыркы абал "Жокерлерди" үчүнчү көтөрүлүшкө чыгарбайт деп айта алабызбы?
Куу, калпычы, өз пайдасын гана ойлогон, айланада болуп жаткан иштерге кайдыгер жана буга жараша бардык жерден негатив менен агрессияга кабылган адамдар акыры барып же "Жокерди" жаратышат же өзүлөрү "Жокер" болушат, болбосо "Жокердин" колунан жапа чегишет. Сынчылардын бул тасма өзгөчөлүгү бар адамдарды кылмышка үндөйт дегенине карабай Warner Brosers компаниясы "Жокерди" жарыкка чыгарган. Анткени эч бир өзгөчөлүгү үчүн адам коомдон бөлүнбөш керек деген чакырык баарына жетиш керек.
Мээрим Догдурбекова, Бишкектик журналист
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.












