Темир Бирназаров: «Кыргыз киносу Айтматовдун чыгармалары менен түптөлгөн»
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
1960–1970–жылдары Айтматовдун чыгармалары биринин артынан бири экрандаштырылып, жазуучу кыргыз элин чыгармалары менен гана эмес, алар боюнча тартылган тасмалар менен да дүйнөгө даңазалады. Учурда ал тасмалар кайрадан тартылып, бир четинен Айтматовдун чыгармаларына жаңы жашоо берилип жатса, экинчи четинен, режиссёрлор ал тасмалардын заманбап өңүттө, жаңы көз карашта элге сунуп жатышат.

Сүрөттүн булагы, T.Okeev fondu
Кыргыз киносу менен Айтматовду өз өзүнчө бөлүп кароо мүмкүн эмес. Анткени, кыргыз киносунун классикасына айланып, "Кыргыз керемети" деп таанылган тасмалардын көбү Айтматовдун чыгармаларына тартылган.
Алардын катарына "Биринчи мугалим", "Кызыл алма", "Ак кеме", "Аптап", "Жамийла", "Мен Тянь-Шань", "Саманчынын жолу" картиналары кирет. Аталган тасмалардын дээрлик бардыгы учурунда эң абройлуу деген кино сынактардан байге жеңип, сыйлыктарга татышкан. Жазуучу тасма тартылып жаткан жерлерге өзү барып катышып, бул тасмалардын жаралышына көп кызыкдар болгону белгилүү.
"Кыргызфильм" киностудиясында биринин артынан бири тынбай тартылып жаткан тасмалар СССР таркаган маалда тынчый түшкөн. Аны менен катар, Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын дагы кезеги бүтөт.
Кинорежиссёр Темир Бирназаров Айтматовдун акыркы чыгармаларында философиялык ойлор көп камтылып, киного тартууга оор болуп калган дейт.

"Кыргыз киносу Айтматовдун чыгармалары менен түптөлгөн десек болот. 70-жылдары Айтматовдун негизги чыгармаларынын дээрлик бардыгы тартылып калды. Андан кийин жазылган "Кылым карытаар бир күн", "Тоолор кулаганда" чыгармаларында окуя азыраак, көбүнчө философиялык ой жүгүртүү камтылган. Ошондуктан кинонун тилине салыш оор болуп калды. Андан сырткары, ортодон СССР кулап, Кыргызстан өзүнчө мамлекет болуп түптөлө баштаган маалда каражат жетишсиз болуп, негизи эле кино тартылбай калган. Бирок азыр жаштар Айтматовго кайрадан кайрыла башташты. Алар жаңы көз карашта, жаңы чечимдер менен тартып жатышат" , - дейт Темир Бирназаров.
Айтматовдун чыгармаларына Кыргызстанда гана эмес, Германия, Түркия, Түркмөнстан өңдүү өлкөлөрдө да тасмалар жаралып жатты. Алсак, түрктөр "Кызыл жоолук жалжалымды", немистер "Жамийланы", түркмөндөр "Маңкуртту", шведдер "Фудзиямадагы кадыр түндү" тартышкан.
2018-жылы Айтматовдун 90 жылдыгына карата Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Делбирим» тасмасы тартылсын деген жарлыкты «Өзбек киного» тапшырган. Продюсер Паризат Жакыпбекова бул иштин башында өзү туруп, демилгени алгачкылардан болуп көтөргөнүн айтты.

"2017-жылы "Делбирим" тасмасын тартуу боюнча мен демилге көтөрүп, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвге кайрылгам. Ал кийинки жылы бул демилгени Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагындагы иш-чаралардын ичине кошуп, «Өзбек киного» тапшырма берген. Ошентип жаңы «Делбирим» тартылып калган. Аны мурдагы «Мен Тянь-Шандан» жакшы же жаман деп такыр айтпайм. Анткени замандын өзгөрүшүнө жараша ал тасманын өзүнүн өзгөчөлүгү бар, биздин тасманын өзүнүн өзгөчөлүгү бар», - деди Паризат Жакыпбекова.
Ал эми бул тасманын сценарийин жазган Керез Зарлыкова жазуучунун чыгармасынын негизги идеясынан чыкпай, бирок биринчи тартылган тасмада берилбей калган, көрсөтүлбөй калган жактарын кошумчалап берүүгө аракет кылганын айтып берди.

Сүрөттүн булагы, Kerez Zarlykova
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Мурдагы "Мен Тянь-Шаньда" айтылбай же көрсөтүлбөй калган жактарын ачып беришибиз керек деген максат койдук. Анткени жаңы муундун, азыркы жаштардын талабы, көз карашы такыр башкача. Мисалы, алар сөзсүз смартфон колдонушат, компьютер менен иштешет. Ошондуктан мен жеке сценарист катары көп өзгөртүүлөрдү киргиздим. Анткени, Айтматовдун чыгармаларында философиялык ойлор өтө эле көп. Ар бир сүйлөмүнөн философиялык ойлорду чубап чыксаң болот. Бирок аларды элге түшүнүктүү, жеткиликтүү тилде айтып бериш башка",- дейт Керез Зарлыкова.
Ушул эле жылы режиссёр Артыкпай Сүйүндуков "Ак кеме" повестинин негизинде "Шамбала" аттуу фильм тартты. Ал дагы Айтматовдун 90 жылдыгына карата өкмөт тарабынан колдоого алынган долбоор.
Сүйүндуков бул тасманын сценарийин 30 жылга жакын жазып, "Ак кеме" тартылганынан 45 жыл өткөндөн кийин кайрадан тартты. Анын айтымында, Айтматовдун көзү тирүү кезде сценарийди көрсөткөндө, автор жактырып, кайрадан экрандаштырууга «батасын берген».

Сүрөттүн булагы, "Айтыш фильм"
"Тасманын "Шамбала" деп аталып калышынын себеби, "шам" - жарык, "бала" - бала, жарык чачкан бала дегенди билдирет. Ал ошол жердеги эч нерседен үмүтү жок адамдардын арасынан жалгыз бир нерсени күткөн, жаркын келечектен үмүттөнгөн бала. Болот Шамшиевдин "Ак кеме" фильминен, Чыңгыз Айтматовдун повестинен бул фильм бир топ эле айырмаланат. Мисалы, сюжет жагынан алганда, повесттеги окуялардын 80-90 % фильмде жок. Биз муну атайын жасадык, анткени ар бир чыгармачыл адам, ал сүрөтчү болобу, музыкант болобу, жазуучу болобу, ал өзүнүн ичиндеги ой-толгоолорун чыгармасы аркылуу бергенге аракет кылат. Анын сыңарындай, биз дагы Айтматовдун повестинин негизги ички философиялык идеясын сактап, аны өзүбүздүн көз карашта азыркы турмушка жакыныраак кылып көрсөткөнгө аракет кылдык. Фильмдин стили дагы биринчи фильмден башкача»,- дейт режиссёр Сүйүндуков.
Тасма тартылары тууралуу маалымат тарап баштаганда эле, эл арасында мунун үстүнөн талкуулар башталган. Бири анын кайра тартылышын коргосо, дагы бири колдобой, "Шамшиевдин шедеврин кайталап кереги жок" деген өңдүү сындар көп айтылган.
Артыкпай Сүйүндуков:
"Бир топ кыйынчылыктар болду. Психологиялык жактан дагы. "Ушундай гениалдуу тасмадан кийин кайра эмнеге тартып жатышат?", "Тартпай эле коюшпайбы!", "СССРдин мамлекеттик сыйлыгын алды эле, андай болобу.." жана башка ушул сыяктуу сөздөр мага тоскоол болуп жатты. Бирок эч нерсеге карабай, тасманы тарттык, кудайга шүгүр, эл жакшы кабыл алды. Киносынчылар жакшы кабыл алышты. Чет жактан да жогорку баа берип жатышат. Бир канча эл аралык фестивалда алдыңкы орундарды алып, "Мыкты режиссер" , "Мыкты актер", "Мыкты оператор" жана "Мыкты фильм" наамдарына татып келатабыз".

Сүрөттүн булагы, "Айтыш фильм"
"Шамбала" тасмасын көргөндөр алгач эле андагы табияттын кооздугу көңүлдү бурат дешет. Андан соң башкы ролду ойногон Артур Аманалиевдин образы көрүүчүнүн жүрөгүнөн түнөк табат. Бирок жаш актриса Динара Идрисова көрүүчү катары тасмадагы актёрлордун оюнуна ынанбаганын айтат:
"Айрыкча Орозкулдун образы жакшы ачылган эмес. Мен ага такыр ишене алган жокмун. Андан кийин шаардан келген жаш бала менен кыз. Алардын линиясы такыр түшүнүксүз. Кайдан келип, кантип кайра кетип калганы белгисиз болуп калыптыр. Бирок башкы ролдогу баланын оюну абдан жакшы. Ага бооруң ооруйт, аны менен кошо жашайсың".
Үстүбүздөгү жылдын жай айларында жаш режиссёр Элдар Турдумамбетов Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестинин негизинде тасма тартуу иштерине киришкен. Ал тасманын биринчи өзгөчөлүгү жаңы техника, жаңы мүмкүнчүлүктөр менен тартылгандыгында дейт.

Сүрөттүн булагы, Eldar Turdumambetov
"Тасманы Айтматовдун 95 жылдыгына даярдап жатабыз. Мурдагы тасмадан биринчи айырмачылыгы, жаңы техникалык мүмкүнчүлүктөр менен тартканыбызда. Андан соң, чыгарманын өзүндө Данияр алдыңкы планга чыгып турат, ал эми 1969-жылы чыккан Ирина Поплавскаянын тасмасында Сейит биринчи планда, Сейиттин көзү менен көрсөтүлөт эмеспи. А мен ошол сценарийдин үстүнөн иштеп жатканда, Жамийланын өзүн алдыга чыгаргым келди, айырмачылыгы ушунда болот деп ойлойм ",- деди Элдар Турдумамбетов.
Турдумамбетов Айтматовдун чыгармалары бардык элге, бардык заманда түшүнүктүү боло алгандыгы менен уникалдуу жана аларды кайрадан экрандаштыруу эч качан актуалдуулугун жоготпойт деп эсептейт.
"Жамийланы" тартып баштарда бизге дагы көп сөздөр айтылды. "Тартылган да, эмне кыласыңар кайра тартып, бүзуп саласыңар" деген сыяктуу пикирлер жаралып жатты. "Бузуп саласыңар" дегенге мен такыр кошулбайм. Анткени Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармасы турат, аны эч ким буза албайт. Аны эч ким кайра жаза албайт же "бузуп сала албайт",- деди Элдар Турдумамбетов.

Кинорежиссер Темир Бирназаров чыгармаларды экрандаштырууда деле режиссёрдун көз карашы маанилүү дейт. Анткени фильмдин автору катары, ал жаңы чечимдерди кошуп же алып, толук жаңы чыгарма жаратат.
"Жаш режиссёрлор Айтматовдун чыгармаларын биздин заманга кантип ылайыкташтырышары мен үчүн абдан кызык. Мисалы, өзбек режиссёру тарткан "Делбирим" тасмасы аябай кызыктуу тарткан. Анда режиссёр смартфондорду колдонгон. Жеке мага мурунку тасмага караганда бул кызыктуураак болду. Ал эми немистер тарткан "Жамийланы" да көргөм. Бирок мага жаккан эмес. Бир аз начарыраак болуп калган, ачыгын айтыш керек. Көрүүчүлөр тарабынан дагы жакшы кабыл алынган эмес. Ошондуктан, тасманын кандай болушу режиссердун көз карашынан, анын чечмелешинен толук көз каранды болот", - дейт кинорежиссер Темир Бирназаров.
12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Залкардын көзү тирүү болгондо, быйыл 93 жашка чыкмак. Анын чыгармалары 170тен ашык тилге которулуп, 130га жакын өлкөдө басылып чыккан жана чыгармаларынын негизинде 30га жакын тасма жарык көргөн.












