"Шамбала" тасмасы "Оскардын" узун тизмесине кирди

Артыкпай Сүйүндуковдун «Шамбала» тасмасы «Оскар» кинопремиясынын узун тизмесине кирди. Аталган кинопремия тизмени сайтына жайгаштырды.

“Шамбала” тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган. Фильмдин режиссёру Артыкпай Сүйүндуков учурунда Айтматовдун өзүнөн бул тасманы жаратууга уруксат алып, сценарийдин үстүнөн 25 жылдан ашык иштегенин айтып келет.

«Шамбала» картинасы жакында эле Лос-Анджелесте өткөн эл аралык кинофестивалда «Көрүүчүлөрдүн симпатиясы» сыйлыгына татыган. Ал эми режиссеру Артыкпай Сүйүндуков «Эң мыкты режиссер» наамын жеңип, ага 10 миң доллар акчалай сыйлык тапшырылган.

Учурда Сүйүндуков менен «Шамбалада» башкы ролду ойногон Артур Аманалиев Америкада. Алар тасма өткөн башка фестивалдарга даярдык көрүп жаткан чагы. (MD)

Артык Сүйүндуков менен Артур Иманалиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Артык Сүйүндуков менен Артур Иманалиев Лос-Анджелестеги фестивалдан кийин