Таалайбеков: "Комедия аркылуу деле коомду тарбияласа болот"
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, "50 квартал" студиясы
Быйыл кыргыз киносунун 80 жылдыгы белгиленүүдө. Чебер көркөм тасмалары менен "Кыргыз керемети" катары белгилүү болгон кыргыз киносунда, акыркы жылдары теле жана интернет көрсөтүүгө ылайыкталган сериалдар дагы тартылып жатат.
Кыргыз сериалдарынын тарыхы 2000-жылын башына барып такалат. Экранга биринчи чыккан кыргыз тилиндеги сериалдар болуп, “Апамдын махабаты”, “Чиркин өмүр”, “Каражолтой” сериалдары эсептелет. Аталган сериалдар теледен көрсөтүлүп, ар бир үйдө күтүп көрүшчү.
Эми сериалдар Ютуб, Нетфликс сыяктуу онлайн платформаларга дагы чыгып, көрүүчү аларды каалаган маалында каалаган жеринен көрүп калды. Сериалдын мындай түрү веб-сериалдар деп аталат. Алар Кыргызстанда дагы тартылып, интернеттен эле элге сунула баштады.
Ютубдун кыргыз сегментинде “Кошунаны тандабайт”, “Шерине” аттуу сериалдар эң популярдуу болуп саналат. Алар жума сайын Ютубда миллиондогон көрүүлөрдү топтоп келет.
Биз “Шерине” сериалынын режиссеру - Эрмек Таалайбековду кепке тарттык. Ал сериалында көрүүчү өзүн таанып, каарманына боор тарткандыгы үчүн элге жагып жатат деп ойлойт.

“Шерине” сериалы үч дос тууралуу. Алар илгертеден бери дос болуп келатышат. Алардын бардыгын шерине бириктирет. Үчөө үч башка катмардан: бирөөсү бай, бирөөсү орточо, бирөөсү кедейирээк, ар кимден карыз алып жүргөн адам. Түшүнүктүү эле эми, ал жерде философиялык деле эч нерсе кылган эмеспиз. Жеткиликтүү тилде эле жазганбыз. Бул жакта үч үй-бүлө болуп жатпайбы, Кыргызстандагы адамдар ушул үч үй-бүлөдөгү каармандарга боор тартып, алардан өзүлөрүн таанып, көрө алышат. Ошонусу менен элге жагып дагы жатат деп ойлойм”,- дейт Эрмек Таалайбеков.
Акыркы жылдарда тартылып жаткан коммерциялык тасмалардын көбү комедия жанрында болгондуктан, “Кыргызстанда жалаң эле комедия тартылып калды, олуттуураак темаларга тартышса болбойбу?” - деген сын-пикирлер эл арасында көп айтылып жүрөт. Режиссер Асель Жураева мунун себебин авторлордун жетишсиздиги менен түшүндүрөт. Анын айтуусунда, сериалдардын, тасмалардын тандап алган темалары жеңил-желпи болуп жатат.

Сүрөттүн булагы, Facebook/Asel Zhuraeva
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Бир ичи тар үй-бүлө болот. Бирөөсү жакшы үй-бүлө, ушундай эле да. Балким бизге сценарист, режиссерлор жетишпейт. Анткени бул дагы өзүнчө бир чоң искусство да. Сериалды көп киши көрөт. Көркөм фильмдерге караганда, сериалды көп киши көрөт. Сериал аркылуу да биз коомду тарбияласак болот, көп нерсени жеткирсек болот. Ошол эле биздин тарыхыбызды билбегендер көп, сериал аркылуу деле тарыхыбызды таанытсак болот. Патриоттук фильмдерди тартып, мекенчилдикке үндөсөк болот. Бирок тилекке каршы, жеңил эле, комедиялык фильмдер болуп калып жатат”, - дейт Асель Жураева.
Режиссер жана актер Эрмек Таалайбеков буга чейин бир нече коммерциялык тасмаларды тарткан, алардын дээрлик баары киреше топтоодо ийгиликке жетишкен. Ал комедия аркылуу деле элди тарбиялоого болот деп эсептейт.
“Серьезный” кино тарткыла дей беришет. Кандай ал “серьезный”? Кабакты бүркөп алып тартышыбыз керекпи? Мен ушуну такыр түшүнө албай койдум. Биз эмнеге комедия тартабыз, анткени, “сойсо да касапчы сойсун” деп коет го, биз комедия жанрын аябай жакшы өздөштүрүп алдык. Анан комедия аркылуу олуттуу темаларды дагы козгой кетебиз. Мисалы ала качуу деген жаман, ата-эне менен баланын же достордун ортосунда мамиле кандай болушу керек, кандай кылбаш керектигин көрсөтөбүз”, - дейт Эрмек Таалайбеков.

Жанат – студент. Ал дагы “Шерине” сериалын Ютубдан калтырбай көрөт. Ал көрүүчү үчүн веб сериалдар абдан ыңгайлуу дейт.
“Шерине” сериалын чыккандан бери калтырбай көрөм. Абдан маанай тартуулаган, тамашалуу, анан чыныгы жашоодон алынган. Интернетке эле жазсаң, бардык жерде чыгарып берет. Чыкканда ноутбукта болобу, телефондо болобу ынгайлуулугуна карап көрө берем”, - дейт Жанат Абибакир уулу.
Жанаттын пикиринде, сериалдар көңүл ачуучу гана милдет аткарбайт. Алардын коомду тарбиялоо, жакшылыкка үндөө сыяктуу миссиялары дагы бар. Аны көрүүчү өзүнө окшогон каарман аркылуу жакшы түшүнө алат.
Веб сериалдарды жаратуучулардын айтуусунда, сериал интернетке жүктөлгөндө, көрүүчүлөр менен түз байланыш түзүлүп, комментарийлер аркылуу алардын каалоосун, сунуш-пикирлерин билүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.












