Айтматов адабияттагы достору, мания жана мафия жөнүндө

    • Author, Азимжан Ибраимов,
    • Role, журналист

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 1996-жылы «Атажурт» гезитине жарыяланган маегин айрым кыскартуулар менен сунуштайбыз. Маек курган гезиттин башкы редактору Азимжан Ибраимов.

Чыңгыз Айтматов

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev

Чыңгыз Айтматов - заманыбыздын улуу жазуучусу, колуңуздардагы «Атажурт» гезитинин уюштуруучуларынын бири, өзү айтмакчы, байыр алууга чамасы жок, Батыштан - Чыгышка, Чыгыштан - Батышка тынымсыз жүрүп келет. Эки дүйнөнүн - Адам менен Рух, Адам менен Жаратылыш, Адам менен Түбөлүктүүлүк идеяларынын ортосунда чарк урат. Бул - жашоонун улуу көпүрөсү үчүн күрөштүр. Чыңгыз ага ушул ирет да, канчалык ниет кылган менен, элден бошобой, өзүнүн бизге айтаар сөзүн кагазга түшүргөнгө үлгүрбөй жатты. Ушундан улам, агасы үчүн инилери калем кармап, айтаар кебин ушул маек аркылуу алып калдык.

Улуттук идеология жана "Манас"

-Сиздин оюңузда, Кыргызстанда мамлекеттик идеология барбы же жокпу? Эгер ал болсо, анын өзөгүн эмне түзүүсү жана ал кандай мүнөздө жүрүүсү абзел?

-Улуттук, мамлекеттик идеология кандай болгон күндө да керек. Улуттук идеология десе, бул жалаң эле өз улутунун кызыкчылыгын көкөлөтүү эмес. Бул айлана-тегерек, дүйнө менен биргелешип жашоо. Муну азыр ойлобосок, качан ойлойбуз да, биз үчүн ким ойлойт. Улуттук идеология инвестиция эмес, ал бир жактан келбейт экен. Андыктан "Атажурт" күчүнүн, дараметинин жетишинче коомчулукта ушул өңдүү мамлекеттик ойлорду ойготууга, пикир жаратууга салым кошсо, агымга даректүү идеялар менен кирсе. Эркиндик, демократиянын түпкүлүгүн майдалабай, өзүнүн наркына жараша маселе козгосо. Бүгүнкү жаштардын ал-абалы, эртеңки келечеги өтө кооптуу жагдайды туудурууда. Көчөдө баратсам да ойлойм, корком. Балдардын жүзүн көрүп, эртең эмне болот деп сарсанаага жетеленем. Балким мен жаңылышып аткандырмын, балким консерваторлукка да алдырып жатам же азыркы замандын духун сезбей, түшүнбөй жаткан чыгармын. Ар бир жаңы келген муундун өзүнүн тагдыры болот, албетте. Бирок, жанагы гезит сатып жүргөн 5-6 жашар балдар эмитен ушинтип турмуштун соккусунда калса же кийин абдан кереметтүү, мыкты, бышык инсан болуусу же бир эч нерсе менен иши жок, келечеги коркунучтуу, катаал, адамгерчилик, ыймандулуктан иши жок жан болуп чыгышы мүмкүн. Бул, арийне чөйрөгө, тарбияга жараша, анан эле замана дегениң, скульптор айкелди тургузгандай, өзүнүн адамдарын жасап коет экен. Менимче, улуттук идеологиянын өзөгүн коомдук шарт түзүүсү - адамдар алдыңкы, өнүккөн замананын катарына барып кошула тургандай шарт жаралышы зарыл. Жеке билим, илим, акыл, аң-сезим өөрчүгөн, ар ким өз колунан келген ишине жуурулушчу кырдаал жетилүүсү керек.

Залкарлар Саякбай Каралаев жана Чынгыз Айтматов

Сүрөттүн булагы, Султан Досалиев

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Залкарлар Саякбай Каралаев жана Чыңгыз Айтматов

-Биз өткөн жылдары "Манас" эпосун улуттук идеология катары көтөрүп чыгууга аракеттендик эле...

-"Манасты" идеологиябыздын кандайдыр бир толуктоочу, кошумча компоненти десек болот го. Анткени ал өтө алыскы нерсе. Андагы адамдын ой максаты, дүйнөсү, маданияты менен азыркы дүйнөнү салыштыруу кыйын. Биз бүгүн жаңы цивилизацияга кошулуу алдында турабыз, ушуну ойлонушубуз керек. Буга жалпы эл белгилүү даярдык, умтулуу менен кошулат.

"Консерватордун" максаты - анан достору

-Биз аз артка чегинүү жасасак. Сиз жогоруда, өзүңүз учкай козгоп кеткен жана өз жашоо, ишмердүлүгүңүздө ийгиликтүү синтездеп жүргөн консервативдүүлүк тууралуу эмне дээр элеңиз. Эгер сизди ушул өңүттө айыпташса, андан коркпойсузбу?

-Албетте, консервативдүүлүк деген болчу нерсе. Адамдын жашы өткөн, улгайган сайын, балким мурдагы үйрөнгөн адаттарың менен жүрүп, жаңы толкунду анча сезе бербей, анча кабылдабай калышың ыктымал. Бирок, ал коркунучтуу сапат эмес. Консервативдүүлүктүн пайдалуу жактары да жетиштүү. Ал туруктуулукка жатат. Өзгөчө бул олуттуу, орун-очок алып калган коомго, мыйзамдары качан эле жетилген мамлекеттерге мүнөздүү. Маселен, цивилизациянын элементтери күчтүү Англияны эле алалычы. Тетирисинче, өзүбүз байыркы эл болгон менен, телчигип келаткан мамлекетибиз үчүн мындай "консервативдүүлүккө" жетиш али эрте. Арийне, ар бир нерсенин өз убагы келет. Алсак, Япония деле убагында өзүнчө жаткан түнтүрөөк эл эле. Азыр болсо япондорсуз цивилзацияны түшүнүүгө мүмкүн эмес. Бүтүндөй электроника дүйнөсүн ушулар тейлеп калышты.

-Сиз пайгамбар жашында коом үчүн көздөгөн эң башкы максат, вазийпам деп эмнени эсептейсиз. Элчиликпи, коомдук ишмердүлүкпү же чыгармачылыкпы?...

-Эң негизги менин максатым, албетте, жазуучулук, чыгармачылык. Бирок адам бир эле иш менен канаттана, чектеле бербейт экен. Сен айткан коомдук иштин да өз орду бар. Элчилик да өзүнүн чоң, кичине милдеттери менен маданият, чыгармачылыкка жакын эле, канатташ нерсе болуп калды. Бу жалаң эле жазуучулук, жалаң эле артисттик же жалаң эле акындык менен алпурушуу, атаганат андай болсо кана, адамдын мүмкүнчүлүгүн чектеп койсо керек. Андыктан турмушта баары бирине бири жалгаша жүрөт. Чет дүйнөдө деле ошондой. Жалаң эле жазуучулук менен жүргөн кишини көргөн жокмун.

-"Саясатта достор болбойт" деп коет. Ошентсе да сиздин, кан дос дейби, жан дос дейби, досторуңуз барбы? Маселен, бу казак-кыргызга тең белгилүү акын, элчи Мухтар Шахановго окшогон...

-Болсо керек. Мухтар, ал эми сырдаш, көңүлдөш, адабият, искусстводо жан дүйнөбүз жакын адамдардан. Анан достор айылда да, Бишкекте, Москвада, четте деле кудайга шүгүр. Мисалы, Москвада Золотов Андрей - абдан керемет киши, музыковед, адабий сынчы, анан Андрей Дементьев менен үндөшүп турабыз, Андрей Вознесенский (жалаң Андрейлер), Евгений Евтушенко өңдүүлөр. Кыргызстанда да бар эми. Алсак, Сүйүнбай Эралиев, Кеңешбек Асаналиев, Казат Акматов, Асан Жакшылыков, Мелис Акматалиев - булар баарысы чыгармачыл пикирлеш достор. Илимпоздордон Оморбай Нарбеков, бизнесчилерден - Садыр Курманкожоев өңдүүлөр. Бирок, ар биринин жолу, жөнү башка.

Культ, мания жана мафия

Айтматов

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Айтматов жана доор чакырыктары" деген аталыштагы Чыңгыз Айтматовдун Эл аралык III Ысык-Көл форуму

-Чыңгыз Айтматовду туу туткандар жетиштүү, бирок анын өзүнүн туткан кумири барбы?

-Болуш керек го... Бирок, ачыгын айтуу керек, түзүктөп ойлоноюнчу. Руханий эл-журт өтө чоң эмеспи.

-Капа болбосоңуз, сиздин профессионалдык амбицияңыздын чегинен тышкары бир суроо. Кечээ-бүгүн ушундай түшүнүк пайда болду эле - Айматовомания деген. Ушул сөзүн мааниси канчалык реалдулукка жакын?

-Эми мания болсо өзүбүздө болуп аткан чыгаар. Анда сырт дүйнөнү эмне кылабыз. Мына бул жерде факстар жатат: Чехияда Айтматовдун чыгармаларын которгону үчүн Владимир Мехняга мамлекеттик сыйлык берилиптир. Азыр ал "Кассандранын Тамгасын" которуп аткан экен. Болбосо 29-октябрда Парижде ушул романдын чоң тушоо кесүүсү болгону жатат. Аны ЮНЕСКО өткөрүп, башчылары катыша турган болуптур. Эгер мен ошолорду зордоп, манияга тартып атсам, айтышсын. Же Венада ушу жайда нечен жүздөгөн кишилер катышкан менин чыгармамдан чоң пъеса коюлду. Кечээ Франциядан кат келди, Виктор Гюгонун сыйлыгын мага ыйгарышыптыр. Эми ушунун баары маниябы? Анда токтотуш керек, мындай жорукту. Мен бирөөгө таңуулап аткан жерим жок, китеп чыгарып бер, гезитке басып бер деп. Буга менин оозум да барбайт. Андыктан, мания тиякта, бизде мания жок. Германияда, мисалы, жүз миңдеген тиражда китептерим чыгып жатат. Италияда эки жолу сыйлык беришти. Же Түркияда болсо болот мания. Бул сөздүн түпкү маанисин бизде культ катарында колдонуп жүрүшөт. Бул башка кеп. Культ болгондой, эгерде менде бийлик турса, ошону колдонсом - айтсак жарашаар эле. Ал эми раханий культтун коркунучу жок. Буга берилген киши берилет, берилбесе - жок, таңууланбайт. Эми өмүр өтөт экен, жаш келип, эмгекти сыйлашат экен. Андыктан ким мания десе өздөрү билсин...

-Чыңгыз Төрөкулович, сиз Жогорку Кеңешке депутатсыз. Ушул өңүттө депутаттык этика, колтийбестик, укук тууралуу ой бөлүшсөк. Укук коргоо органдарынын билдиргенине караганда, коррупцияга кириптер, кызмат абалын кылдат пайдаланган бийлик төбөлдөрү бар, башкалары да четинен табылат. Ушундай аморалдуу атмосферага шарт түзгөн кол тийбестик укугунун биз курабыз деген таза коом үчүн канчалык зарылчылыгы бар эле. Айтмакчы, айрымдар басма сөздүн тепкисинде деле калып жатышат, ага деле болбой...

-Басма сөз аныктап, далилдеп айтса айтсын, бу да керек, каршылык жок. Бирок муну өзүм келди-кетти болуп жүрүп, анча терең биле бербейт экенмин. Түшүнүп атам, азыр коркуу, сезгенүү, жоопкерчилик деген жок болуп кетти. Мурда борбор бар эле да, баарын такырайтып карап, көзөмөлдөп турган. Эми, адам деген - адам экен. Көрүнгөнү - чоңу, кичинеси дебей, кай жерден жетсе ошол жерден алып-жулуп калмай жүрүп жатат. Бул бир турмуштук реалийге айланып кетти. Эгерде баарыбыз жалпы ойдо болуп, коомчулук, өлкөбүз кантет, кой, антпейли десек - бул идеал, бирок азырынча турмушка ашпай турган идеал. Буга өзүмчүлүк сезимдерибиз, пейил жол бербей жатат. Эми муну менен мен бүтүндөй элди, коомчулукту айыптап аткан жерим жок. Замандаштарды атайын бирөө даярдап бербейт. Ошол тарыхтын агымы менен келип чыкчу муун ичинде ар кылы болот экен. Телегейи тегиз эл-журтту көрө элекмин деги. Дүйнө деген аралаш нерсе. Анткен менен, тенденциялуу көпчүлүктүн агымы, максаты болуш керек да. Ошол жетпей жатат бизге. Эл өкүлү болсо да, пенде өзүнүн керт башын ойлоп атат, эми бул адамдагы болгон карама-каршылык. Аны менен далилдеп күрөшүш керек. Мына ошонун ортосунда жашап келе жаткан элбиз. Башкалар деле ушундай. Муну менен ким бирөөнү актайын деген ниетим жок. Болгону чындыктын көзү менен кароо туурадыр. Балким, ушул башаламан учурду кээ бирөөлөр абдан кара ниеттик менен пайдаланып атышы мүмкүн. Бул, арийне, жоопсуздук, уятсыздык, биротоло өтүшүп кеткен жол.

Эми кол тийбестик укук тууралуу. Менимче депутаттарда мындай укуктун калганы эле дурус го. Анткени бул формалдуу нерсе. Эгер далилденген күнөөсү болсо, эч ким карап турбайт да. Андыктан ыйманы жокторду цивилизациялуу, мыйзам жолу менен эл өкүлдүгүнөн алып коюуга жетишкен оң.

-Сиздин жеке турмушуңузга байланышкан маалыматтар кээде чыга, айтыла калып жүрөт. Ушул жагдайда эмне үчүн бир-эки ооз сөздү өзүңүздөн ускак болбойт. "Миң уккандан бир көргөн" дейбиз го?

-Эми, эгерде ошондой бир маселе болсо айтып берейин. Менин жашыра турган эч нерсем жок.

-Эл сүйгөн Чыкем байбы? Ал эми сүйүүгөчү?.. Маселен, Айтматовдун рухий байлыгы мол экендиги элге белгилүү, ошону менен катар материалдык байлыгы да кем калышпайт дешет. Сиз бул соңку "байлыгыңыз" жөнүндө айтып бере аласызбы?..

-Менин эмне, фабрикам бар беле, же бир нерсе иштетип жатат дейсиңби. Эгер менин анча-мынча тыңыраак жагдайым бар болсо - бул өзүмдүн ар кай жакта, чет элде чыгып аткан китептеримдин аркасында бирдеме чогулуп келип, бир оокатка жарап атат. Башка менин күткөн чарбам жок. Мисалы, жанагы эле Виктор Гюгонун сыйлыгынын аркасында, албетте, бир нерсеси болот. Быйыл өзгөчө Германия, Австралия, Португалия, Франция, Голландия, Норвегия өлкөлөрүндө китептерим чоң нускада жарык көрдү. Мына ушулардан бир нерсе колго тиет. Ошону менен оокат кылып атабыз. Ал эми сен четин кылтыйткан байлыкка жетиш үчүн Голливудга жетиш керек. Голливудда бир сценарий жазып берсең, миллиондогон доллар киреше, гонорар аласын. Анын жолу башка, өзүнүн чөйрөсү бар, алар көрүнгөн киши менен эле иштей беришпейт. Булардын жасаганы элди кызыктырганы менен, жалпы дүйнөгө жарамсыз.

Мен өзүм анча жактыра бербейм андай агымды. Анткени алар көбүнчө адам баласынын кандайдыр төмөнкү сезимдерин пайдаланышат. Бу, айбан менен адамдын ортосундагы чоң жакындык, анан айрыма бар тура. Биология жагынан адам деле бир жан, ал эми руханий, акыл-эс жагынан алсак, албетте, адам кудайдын бир жасап койгон керемети. Инсан. Эми ошол Голливуд бери жагын көбүрөөк ойлоп койгон. Адамдарга тегиз тиешелүү инстинкттер - коркуу, коркутуу, жек көрүү, өзгөчө сүйүүнүн терс жагын көрсөтүү, зордук-зомбулук. Булар илгертен келе жаткан нерселер да. Ал эми маданияттын эң негизги максаты - адамды улам барган сайын ушул айбандыктан качырып, алыстатуу болуп саналат. Маданият кыйраса эле адам баласы эки күндө айбан болуп чыгат. Аң-сезим, урмат-сый, ыймандуулук, дин, толуп жаткан башка асылдыктар күм-жам болот. Демек, тынбай аракеттенүү, адам рухунун тынбай өнүгүшү, мыкталышы, көздөлгөн башкы максат болуп кала бериши абзел. Улуттук идеологиянын түпкү маңызы - маданият болуусу керек. Албетте, улут маданиятынын өзгөчөлүгү бар - тили, көркөмү дегендей. Бирок анын эң негизги ой-максаты - жалпы адам баласына тиешелүү улуу жайга, бийиктикке алып баруудур.

-Чыңгыз Төрөкулович, тилекке каршы басма сөздө сиздин жеке турмушуңуз тууралуу, маселен "Айтматовдун айымдары", же дагы башка малыматтар таркап кеткен учурлар кездешет. Сиздин ушул жагдайда, болбосо деги эле адам баласынын улуу сезимдеринин бири - махабат, эки адамдын ысык мамилеси жөнүндө оюңузду, кабылдооңузду уксак деген ниет бар?..

-Мен бул китепти ушул күнгө чейин колума кармап да, окуп да көргөнүм жок. Угам, ар түрдүү кишилерден, антип жазыптыр, минтип жазыптыр деп. Бирок таң калам: бул кимге, эмне максатта керек. Албетте, мен да кишимин, менин да өзүмдүн башымдан өткөн тагдырым, өмүр жолум бар. Адам болгон соң, ар ким өзүнүн замандаштары менен мамилелешет, көңүлү бирге болуп, махабат жагдайы да орун алып калышы мүмкүн. Бирок аны менен адамдарды күнөөлөгөнгө болобу, мунун эмнеси таң каларлык экен? Ал ар кимге берилчү тагдыр. Эми ошону кеп-сөз кылып, бурмалаштын эмне максаты бар. Мен ушуга түшүнбөйм. Эгерде ким бирөө атайы, коомдук пикир жаратуу үчүн мени кемсинтип, уят кылуу аракетин көрсө, мунун жөнү башка. Айтып койчу жагдай - андай фактылар турмушта болгон эмес. Андыктан мен кеп жүргөн китепчени өз эсебиме албайм. Ушул күнгө чейин бул жөнүндө эч нерсе деген да эмес элем. Биринчи жолу сага айтып отурам, анткени өзүбүздүн гезитибиз бул тууралуу кеп козгосо жөнсүз, орунсуз болбостур. Бу жекече турмуштун өзөгүнө сырттан кирип, аны эзмелеп, элге таңуулаштын кызыкчылыгы жок деп ойлойм.

Эгерде чоң даражадан алып, махабат деген эмне, ушул аркылуу адам баласы өз ордун таап өнүгөөрүн айтсак, анын жөнү башка. Анткени - бул өзү табигый нерсе, адам баласына берилген чоң касиет. Ар бир адамга жол ачык бул жагынан. Ошол касиетке кээде жетип, кээде жетпей, кандайдыр бир маңызын сезе билүү - ошол сүйүүгө жатат. Бул өтө татаал - эки тараптын, сүйүшкөн кишилердин руханий мүмкүнчүлүгүнө, койгон максатына байланыштуу нерсе. Анын идеалы болот. Мисалы, өзүбүздүн эле Манасты, Айчүрөктү алып карасак, анда эмне деген чоң жалындуу бийик сезимдер, олуттуу максаттар жатат. Же Тамерланды алалы. Карап отурсак, Тамерлан өз убагында ар кыл турмуштук баалуулуктарды мыйзам кылып айтып кетиптир да. Бир жерде ал гарем боюнча өзүнүн көз карашын айтат: "Гаремдеги бир аялга колумдан келишинче өзгөчө көңүл буруп, кунт коюп атам" дейт. Гаремдеги көп аялдын эле бир аялы. Ким экени белгисиз. Ошондой деле турмуш, убакыттар баштан өткөн экен. Демек, ар түркүн болушу мүмкүн, бирок идеал, ой-санаанын жетип турган жери - албетте, улуу ойчул акын - жазуучуларда ийине жеткириле берилген, өзүнчө, олуттуу нерсе. Демек, интим маселесин, аял-эркек ортосундагы жакындык мамилени көп эле сырттан туруп алып шыкаалап, аркы-берки кеп жүргүзүүнүн өзү, менимче, маданияттулук эмес. Бул биздин гезиттердин бир жагдайы - уят-сыйытты жыйып таштап, ар кимди түрткүлөп, көшөгөсүн ачып дегендей жүрүш... Мунун өзүнүн бир ыгы, тартиби болуш керек да.Ченемсиз кете берчү эч нерсе жок. Жакында "Спид-инфо" деген газета колума тийип калды. Мүмкүн сыртта жүрүп байкабай калсам керек. Гезиттин аталышынын өзү эле мен үчүн терс, жат нерсе болду. Анан ичин аралап карадым. Бул - айтууга чама жок, билбейм, кандайдыр терс дүйнөнүн көрүнүшү го?.. Спид - адам баласынын башына түшкөн каргаша. Эми ошону гезиттин наамы катары алып жүрүүнүн өзү кандайдыр бир уятсыздык. Көрсө, ошол жакка кетип калыптырбыз да. Бүтүндөй ошол өңүткө сүңгүп, анан гезиттин тиражын 4 миллиондон ашырып, саны жагынан калгандарынан озуп кетиптир. Муну өзү адам менен айбандын ортосундагы жиги анча алыстай элек сапаттарды эксплуатациялоо болуп саналат.

-А бул жагдай - биздин бүгүнкү турмушубуздун кайсы биркырынан чагылдырып турган күзгүсү эмеспи?

-Күзгүсү десек да болот. Бирок, кечиресиң, ар бир күзгүдөн эле көрүнө берсек, кантээр экенбиз. Адамдын көөдөнүндө кээ бир катылуу нерселер бар, аны менен өзүнөн башка эч кимдин жумушу жок. Аны ортого салып, талкуулоонун, ага шилекейин агызып, даамдап олтуруунун өзү аморалдуулук. Эмне үчүн илгертен аксакалдарыбыз, диний башчыларыбыз ошондойго барган эмес. Албетте, ал кезде деле гаремдер, тигил-бул нерселер болгон, бирок ошону көпчүлүккө жайып, эч ким пропагандалаган эмес. Айыл жеринде уят-сыйыт деген бар эле, келин кайнагасына шаңкылдап күлүп, артыкбаш бир нерсе айтуудан айбыкчу, баары ыгы менен өтчү. Айтайын дегеним, жогорудагы учурлар биздин менталитетке эч туура да келбейт, демек, алысыраак болушубуз оң. Андан эч нерсебиз кемип кетпейт. Мен япондорду байкап калам, аларда деле ар кандай жагдай болсо керек, мен баарын көрүп-билип койдум дебейм, бирок жалпы көз караш менен алганда, алар абдан сый-сыпаттуу, сыпайгерчилиги керемет эл. Артыкбаш сүйлөмөй, жеңи-желпи маданиятсыздыкты байкоо кыйын. Болгону, колун көкүрөгүнө тийгизип, эңкейип, жылуу ой-пикирин билдиргенге таптанып турушат. Бизде болсо - тетиринче, телевидение баштап баарын бузуп атат.

Түбөлүктүүлүк тегерегиндеги сөз

Орусиянын баш калаасы Москвада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын баш калаасы Москвада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды

-Чыңгыз Төрөкулович, "Аккан арыктан суу агат" экен. Бирок суунун ар бир тамчысы табигаттын өзүнчө кайталангыс жашоо, кыймылына ээ. Адам, мезгил жана жашоо. Деңиз толкуну да кайталангыс бир толкуп алат да, ошону менен жашоосу тұгөнөт, артка кайтып келбейт. Ал эми анын ордун дагы бир кайталангыс өркөчтөнгөн кийинки толкун басат. ушунун сыңарындай, бүгүн Айтматов-дүйнөлүк таанымдагы инсан, ишмер. Бирок анын балдарычы? Алар атасынын ушул жүгүн андан ары тартып кете алышты бекен. Балким, сизде кооптонуу бардыр же көңүлүңүз жайдарыбы?

-Бул кеп бекеринен айтылбаган чыгаар. Анткени үй-бүлөнүн тарбиясы, шарты адамдын келечегине, акыл-мүнөзүнүн калыптанышына чоң таасир берет. Эми менин балдарым жетилип, өздөрү менен өздөрү болуп калышты. Жаман эмес го... Эл катары билимдүү, илимдүү, чет тилдерди билишет, өз кызматтарын, иштерин аткарып атышат.

-Ар бир инсан турмушта түбөлүктүү бир нерсе жасап калсам деп түйшүктөнөт. Сиз түбөлүктүүлүк деп эмнени түшүнөсүз. Бул эмне өзү? Атак даңкпы, байлыкпы же жакшы чыгарма жазуубу?

-Түбөлүктүүлүк - философиялык түшүнүк. Муну ар ким кабылдоосуна жараша түшүнөт. Эмненин түбөлүктүүлүгү? А мен үчүн музыка түбөлүктүү иш. Муну мен "Кассандра Тамгасында" айтууга аракеттенгем. Музыка, менимче, күндүн шооласынан келип жаралган. Ал күндүн шооласынын бир түрү. Эгерде күн болбосо, музыка эч убакта келип чыкмак эмес. Ал адам аркылуу, анын аң-сезими менен келип чыккан укмуштуу өнөр. Тээ Египеттеги фараондордун тушундагы музыканы ушу бүгүн уксаң дагы абдан таасирленесиң. Анан, албетте адам баласына сөз бүткөн. Сөздүн өзү түбөлүктүү нерсе. Бизден мурункулар кеткен, биз кетебиз, бизден кийинкилер келет-кетет, бирок, сөз биринен бирине жалгашкан, түгөнгүс өнөр болуп кала берет. Адам баласы жер жүзүндө турганда сөз өлбөйт, түгөнбөйт. Сөз өнөрү чексиз, кылымдан-кылымга өтүп, улам өзгөрүп, өнүгүп, байып, тазарып жүрүп отураар. Анткени электроника, информатика доору өкүм сүрүүдө, эртең мындан да татаал дүйнө башталат. Үчүнчү түбөлүктүү нерсе - бул адамзаттын келечектен, жакшылыктан үмүтү, улам улам жакшылыкка умтулушудур...

Туура, адам баласынын же болбосо маданият көркөм өнөрүнүн бири адабият. Көркөм өнөр, арийне, түбөлүктүү, бир гана муунга же белгилүү бир гана адамга тиешелүү эмес түбөлүктүүлүк. Ал дагы нечен-нечен кылым өткөндөн кийин улам эскирип, улам четке чыгып, архаикага айланып кете берет. Бирок ошонун ортосунда улам башка, кошумча жаңы күчтөр пайда болуп, алар да жолду нары жакка, бийиктикке сүрөйт. Ушул жагы түбөлүктүү. Кээ бирлерибиз ойлойбуз: бир нерсени жазып койсок эле, ал кылымдан кылымга, миңдеген жылдарга өтүп, кала берет деп. Андай болбойт, калса да элеси гана калат. Бирок ал чыгарма, эмгек өз заманына кызмат кылууга жарайт.

-Сиздин китептериңиз дүйнөнүн төрт бурчунда басылып жатат. Мүмкүн статистика үчүн маалымат иретинде айтарсыз. Деги баарын чогултканда, китептериңиздин тиражы канчага чыкты экен?

-Ой, ушуну ойлобоптурмун. Негизи, тактап коюш керек го. Ал эми чыгармачылыкта - баштап, теңме-теңинен ашырып койгон ишим бар, ошону улантышым керек. Же повесть болобу, же романга айланып кетеби билбейм. "Кассандрадан" кийин кайрадан өзүбүздүн чөйрөгө, өзүбүздүн журтка, каармандарга кайрылып келүүдөмүн. Мындан башка ойлоп койгон максаттар да жок эмес. Билбейм, ага өмүр жетеби, же жокпу...

-Алдыда күтүлгөн дүйнөлүк таанымдагы "Ысык-Көл" форумунун кезектеги жыйыны кандай максатта өткөрүлүп жатат жана анын ушул таптагы зарылчылыгы эмнеде?

-Жыйын эмдиги жылы апрелде ЮНЕСКОнун жетекчилиги менен өтмөй болду. Максатыбыз - жыйналган замандаштар дүйнөлүк үчүнчү согуштун чыгып кетпөөсүнө аракеттерди, эскертүүлөрдү жасоо үчүн өз көз караштарыбызды айтсак дейбиз. Муну уккан угат, укпаган укпайт, бирок айтылган нерсе жерде калбайт деп түшүнөбүз. Катышуучулар негизинен- баягы эле эски курам, эми буга жаштардан кошсок деген да ойлор бар.

Азимжан Ибраимов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен маек курган журналист Азимжан Ибраимов

Космополиттик - жаман эмес

-Эгерде коомчулукта "Айтматов-космополит" деген түшүнүк жашаса же келип чыкса, буга кандай карамакчысыз?

-Анын эч кандай жамандыгы жок. Айтматов-космополит, ошол эле учурда анын өз улутчулдугу да болушу ыктымал. Адам баласы түпкүлүгүндө көп түрдүү, көп кырдуу. Мисалы, мен Европага барсам космополит болушум, ал эми Кыргызстанда өз улутум, элимдин максатына артыкчылык беришим ыктымал, башка жерде дагы башкача болушу мүмкүн. Демек, бир эле багытта катып калгандай догматик эмеспиз го...

*