Кальмар оюну: Netflix оюн аянтчасына өлүм алып келдиби?

Кальмар оюну

Сүрөттүн булагы, NETFLIX

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Кальмар оюнунда” көз жоосун алган визуалдык эффекттер бар

Сериалды көрө элек болсоңор да, же интернетти каптаган мемдерге көзүңөр түшө элек болсо да, “Кальмар оюну” жөнүндө жок дегенде бир жолу уккан болсоңор керек.

Баары эле чектен ашкан зомбулук камтыган триллер жөнүндө сөз кылып жатышат. Аталган сериал эки апта мурда Netflix кино платформасында чыккандан бери аябай көп көрүлүүдө.

Чынында, Кореянын сериалы аёосуз өлтүрүүдөн аман калуу оюнуна негизделет. Ал Netflix платформасынын тарыхында эң ири оригиналдуу сериалга айланайын деп калды.

Сериалдын жанры жаңы деле эмес болгону менен анын көз жоосун алган визуалдык эффекттери жана адам табияты боюнча кыжырданткан изилдөө дүйнө жүзү боюнча өз аудиториясын таба алды.

Оюн аянтчасындагы өлүм

“Кальмар оюнунда” 456 адамдан турган топ болот. Алардын баары карызга баткан. Баары аман калуу үчүн жырткычтардай болуп ойноого аргасыз. Эгер алар алты баскычтан турган оюнда жеңип чыкса, анда 45,6 млрд вонага ($39 млн) ээ болушат.

Алар жашоосун чукул өзгөрткүсү келет. Бирок утулуп калса, жашоосу менен кош айтышат.

Оюндар өтө эле жөнөкөй. Алар оюнчулар бала кезинде ойногон эле оюндар. Ошол бейкапар жаш балдардын оюндарын аёосуз өлүмдөр менен күтүүсүз салыштыруу көрүүчүлөрдү экранга кадап салат.

Кальмар оюну

Сүрөттүн булагы, NETFLIX

“Үмүттөн кол үзгөн чоң эле кишилер жаш балдардын оюндарында жеңишке жетүү үчүн жашоосун тобокелге салып жаткандагы ирония адамдарды өзүнө тарат”, - дейт “Кальмар оюнунун” режиссеру Хван Дон-хёк курган маегинде.

“Оюндар оңой жана жөнөкөй эле. Ошондуктан көрүүчүлөр оюндун татаал эрежелерине эмес, ар бир каарманга көбүрөөк көңүл бура алышат”.

Ошондой эле, тасмада ностальгия элементи да бар. Мисалы, үчүнчү эпизоддогу таймаш кореялыктардын көпчүлүгү бала кезде ойногон оюндардын бири.

Ал таймашта оюнчулар барактай ичке момпосуйду ийненин жардамы менен өтө кылдаттык менен кесиши керек болот. Эгерде форманы ойлонуштурбаса, анда момпосуй сынып калат да, утуласың.

Сен экөөбүздөй эле каармандар

Эксперттер сериалдын ийгилигинин артында анын каармандары турарын айтышат. Анткени, каармандардын көпчүлүгү коомдун жолбун мүчөлөрү.

Алардын баарында акчага байланыштуу чоң көйгөлөр болсо да, алар коомдун ар кайсы катмарынан чыгышкан.

Мисалы, башкы каармандардын бири кумар оюндарына берилген жумушсуз эркек киши. Ал өз үй-бүлөсүнүн сыйына татыктуу болуш үчүн аракет кылып келет. Оюн учурунда ал Түндүк Кореядан качкан, өтмүшү оор киши жана жумушта жетекчилеринин начар мамилесине туш болгон пакистандык кызматчы менен жолугуп калат.

Саңмюң университетинин глобалдык маданият боюнча профессору Ким Пхен Ган Би-Би-Сиге төмөнкүчө билдирди:

“Чыныгы жашоодо жектөөдөн жана кыжырдануудан жабыр тарткан адамдар, өзгөчө жашыраак муун, каармандарга оң көз карашта болгондой”.

Кальмар оюну

Сүрөттүн булагы, NETFLIX

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көрүүчүлөрдүн айтымында, каармандардын көпчүлүгү коомдун жолбун мүчөлөрү

Өзүнүн Чыгыш Азиядагы коңшулары сыяктуу эле Түштүк Кореянын коомунун кумарга ашыкча жакын мүнөзү көпчүлүктү иренжиткен. Катуу иштегенине карабастан ар бир эле адам алдыңкы университеттерге же жакшы жумуштарга кире албашы мүмкүн.

Сериалдагы оюн канчалык аёосуз болсо да, калыс оюнга негизделгендей альтернативдик дүйнөнү сунуштайт.

Тасмадагы оюн тармагындагы аткаминер айткандай:

“Оюнда бардык катышуучулар бирдей. Сырттагы дүйнөдө бирдей эмес мамиледен жана басмырлоодон жабыр тарткан адамдарга, калыс таймашып жеңүүгө соңку мүмкүнчүлүктү беребиз”.

Кызыл жарык, жашыл жарык

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Батыштагы маалымат каражаттары “Кальмар оюну” менен 2019-жылы “Оскар” сыйлыгына ээ болгон Кореянын “Мите” тасмасын салыштырып көрүшкөн. “Митеде” дагы коомдогу адилетсиздик жана байлык-жокчулук темалары көтөрүлгөн болчу.

Бирок Чыгыш Азиядагы көрүүчүлөр бул сериал менен 2014-жылы чыккан Жапониянын “Кудай каалагандай” (As The Gods Will) тасмасынын ортосундагы окшоштуктарга көңүл бурушкан. Тасма жогорку класстын окуучуларына негизделип, бирок окуянын өнүгүүсү окшошуп кетет. Мындан улам, айрымдар “Кальмар оюнун” плагиат кылды деп айтып чыккан.

Мисалы, “Кудай каалагандай” тасмасында дагы жаш балдардын салттуу “Кызыл жарык, жашыл жарык” оюну бар.

Бирок сериалдын режиссеру Хван айыптоолорду четке кагып, эки тасманын ортосунда “эч кандай байланыш жок” экенин айткан жана окшоштук сериалдын жанрынан улам гана болушу мүмкүн экенин билдирди.

“Мен сериалды 2008-жылы пландап, сценарийин 2009-жылы жаза баштагам… айтылган окшоштуктар толугу менен кокустук жана эч жактан көчүрүп алуу болгон эмес”, - деди ал.

Кандай болсо да сериалдын айланасындагы хайптын баары анын экинчи сезонун чыгарууну өтүнүп жаткандай. Бирок ал үчүн күйөрмандар көбүрөөк күтүшү керек болуп калышы мүмкүн.

“Сериалдын экинчи сезону боюнча жакшы иштелип чыккан планым жок. Ал жөнүндө ойлонуунун өзү эле мени чарчатып коёт”, - деген Хван “Variety” басылмасына. (EA)