"Үч метр тосмону ашып түшкөн": Түндүк Кореядан өткөн качкын

Сүрөттүн булагы, AFP
Түндүк Корея жараны үч метр тосмону ашып өтүп, Түштүк Кореяга качып өткөнү жергиликтүү басылмалардагы негизги темалардын бирине айланды.
Ага чейин кандайдыр бир жол менен КЭДР аймагындагы эң бекем кайтарылган аймакка жеткен экен. Качып өткөн адам мурда гимнаст болгонун айтууда деп жазат басылмалар.
Рёнхап маалымат агенттиги жана Korean Herald басылмасынын маалыматына таянсак, качкын эки өлкө ортосундагы демилитаризацияланган алкакты 3-ноябрда кесип өтүп, чек арадан өткөндөн кийин 14 сааттан соң кармалган.
Түштүк Корея бийлиги качкындын жүйөсүн угуп, эмнеге качканын, анын себептерин сурап, текшерүүгө алууда. Анын айткандарынын чын-бышыгын билүү үчүн бийик тосмодон эки жолу секиртип көрүшкөн, деп жазды The Korean Herald.
Эгерде ал чындап эле ушул жол менен качып өткөнү ырас болсо, Түндүк Корея аскерлерине кантип байкалбай калды жана мина тааласынан кантип өтүп кетти деген суроолор коюлуп жатат. Тосмодон өткөндө датчиктер эмнеге иштеген эмес?
ЖМКлар жазгандай, Түштүк Корея бийлиги качып өткөн кишинин салмагын, мурда гимнастика менен машыкканын эске алып, мындай болушу мүмкүн деди. Азырынча качкындын жаш курагы 30 экени гана белгилүү. Башка эч кандай маалыматтар айтылган жок.

Сүрөттүн булагы, EPA
Түндүк кореялык качкын тууралуу коомчулукта бүйүр кызыткан талкуулар жүрүп жаткан маалда эмне үчүн демилитаризацияланган алкактагы көзөмөл системасы иштебеди деген суроо чыкты. Эмнеге качкын чек арадан өтүп кеткенден кийин көпкө чейин таба алышпады?
Мунун алдында эле Сеул чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү чечимин кабыл алган эле. Анткени коопсуздук системасы бир нече ирет бузулган. Коргоо министрлигинин өкүлү Рёнхап сенсорлордун иштешин текшерүүгө алышарын айтты.
Орточо эсеп менен алганда, бир жылда Түндүк Кореядан миңдей киши качып өтөт. Көпчүлүк учурда качкындар Кытай аркылуу өтөт. Өтө катаал тоо жолдорун жана дарыяларды кечип өтүшөт. Түштүк Кореяда качкындар үчүн атайын программалар иштейт. (AbA)















