Абак күзөтчү менен чогуу качкан түндүккореялык
- Author, Хуң Эун Ким
- Role, Би-Би-Си Корей кызматы
Ал бардык тоскоолдуктарды эске алган. Күзөт камералардын зымдарын кесип, түнү менен иште болуу үчүн ыктыярчы катары өзүн сунуштаган.
Күзөтчү эки баштык даярдап койгон. Анда тамак-аш, кийим, бычак, тапанча жана уу бар эле. Ким тапанчаны калтырып кой деп өтүнгөн, бирок Жеон ага макул болгон эмес.

Колго түшүп калса, алар өлүмгө даяр эле.
"Бир гана мүмкүнчүлүк болорун жакшы билгем. Эгерде ошол күнү качып кетпесек же бизди кармап алышса, анда өлүм жазасына тартылмакпыз",-дейт Жыйырма алтыдагы Жеон Ваң Жин.
Ошол түнү Жеон абакта отурган Ким менен чогуу качкан.
"Мени токтотушса, аларга ок атып, качабыз дедим. Чуркай албай калсам, өзүмдү атып өлтүрмөкмүн. Эгерде ок түгөнүп калган болсо, бычак сайып туруп, уу ичмекмин. Өлүмгө даяр экенимди сезгенден кийин эч нерседен коркпой калдым",-дейт Жеон.

Ким менен Жеон терезеден секирип түшүп, түрмөнүн стадионун кесип өтүшкөн. Андан кийин бийик дубалга чыгыш керек эле. Жымжырт, түн ортосунда баары уктап жаткан. Бир гана коркунуч - күзөттөгү иттер.
Алар эч кимге көрүнбөй дубалдан секирип өткөндөн кийин Туман дарыясындагы күзөтчүлөр коркунуч жараткан. Бул дарыяны сүзүп өтсө эле, эки жаш эркиндикке жетет.

Тобокелдикке карабастан, Ким менен Жеон Түндүк Кореядан чыгып кетүүнү каалаган. Себеби жакында Ким түрмөдөн эмгек лагерине жөнөтүлмөк. Ал жерден Ким аман кайтмак эмес.

Түрмөнүн күзөтчүсү менен абактагы кыздын достошуп калганы көптөрдү таң калтырат. Алар эки ай мурун, 2019-жылдын май айында таанышып калган.
Жеон Түндүк Кореянын түндүгүндө жайгашкан Онсоң абак борборунда күзөтчү болуп иштеген. Мындай кызматкерлер Ким сыяктуу камактагылардын сот иши жүрүп жатканда аларга 24 саат бою көз салып турат.
Ким жакшы кийимдери менен башкалардан өзгөчөлөнүп турган. Жеон Ким эмне себептен кармалып жатканын дароо түшүнгөн. Ким Түндүк Кореядан качып кетүүгө аракеттенгендерге жардам берип, ортомчу катары акча алчу. Ал өлкөдөн качып чыгууга жетишкен кишилерди Түндүк Кореяда калган жакындары менен байланыштырып, акча которулганда ээсине жеткирип турган.
Түндүк Кореяда бул чоң бизнес. Мисалы, Түндүк Кореядагы жакындарына акча жөнөтүлсө, Ким сумманын 30 пайызын өзүнө алып калып, 70 пайызын ээсине жеткирип берген. Соңку изилдөөлөргө ылайык, Түндүк Кореяга бир жолу орточо эсеп менен алганда 2.8 миллион вон же 2300 АКШ доллары жөнөтүлөт.
Ал эми Жеон болсо Түндүк Кореянын коммунисттик идеологиясына сугарылган аскер эле. Ал армияга өз ыктыяры менен барып, 10 жыл бою кызмат өтөгөн.
Ага карабастан эки жаштын турмушу бири-бирине абдан окшош эле. Экөө тең Түндүк Кореядан качып кетүү керек экенин түшүнүшкөн.
Ким убактылуу абак борборуна биринчи жолу келген эмес. Ошондуктан экинчи жолу камалганы олуттуу коркунуч жаратарын билген. Биринчи жолу Ким өлкөдөн Кытайга качып чыгууга жардам бергени үчүн түрмөгө түшкөн. Кызыгы, Жеон менен Ким дал ошол ыкма менен өздөрү качты.
"Армияда тааныштарың болбосо мындай ишке аралаша албайсың",-дейт Ким. Ал алты жыл бою армия офицерлерине акча берип, Түндүк Кореядан чыгып кетүүнү каалагандарга жардам берип келген. Ким өлкөдөн чыгып кеткен ар бир кишиден 149 АКШ долларын алганын айтат. Ошондо бир кишини мамлекеттен чыгарып, Ким түндүккореялыктардын бир жылдык маянасын алган.
Убакыт өткөн сайын ага иштегенге мүмкүнчүлүк түзгөн расмийлер Кимге каршы көрсөтмө беришкен. Ким беш жылга кесилген.
Ал түрмөдөн чыккандан кийин күйөөсү башкага үйлөнгөнүн билди. Күйөөсү эки кызы менен жолуктарбай койгон. Жан багуу үчүн Ким мурдагы тааныштары аркылуу өлкөдөн качып чыккандарды жакындары менен байланыштырып, кээде акча жеткирип турган. Бул иш абдан кооптуу экени талашсыз.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы, 1
Түндүк Кореяда эл аралык чалууларды кабыл алууга тыюу салынат. Кимдин колунда Кытайдан уурдалып келген уюлдук телефон бар болчу. Ал ушул номур аркылуу чет өлкөдө жашагандар менен Түндүк Кореяда калган үй-бүлө өкүлдөрүн байланыштырып турчу. Бирок атайын кызматтар муну дагы билип калышкан. Ким Түштүк Кореяга качып чыккан аялды баласы менен байланыштыруу үчүн тоого барган, аны атайын кызмат аңдып, артынан келиптир.
"Акча берем, мени кое бергиле деп жалындым. Бирок алар кылмышың билинип калды, баары билет, аны жашыра албайбыз дешти",-дейт Ким.
Түндүк Кореяда "душман" деп аталган Түштүк Корея, Жапония же АКШ менен байланышта болгон адамды киши өлтүрүүдөн да катаал жаза күтөт. Ошондуктан Ким өмүрүнө коркунуч жаралганын түшүнгөн.
Жеондун өмүрүнө эч кандай коркунуч жаралбаса дагы турмушуна кыжырданып келген. Ал жаш кезинен бери полиция офицери болууну кыялданган. Бойго жеткенде армияга ыктыярчы катары барып, 10 жыл бою кызмат өтөгөн. Жеон Түндүк Кореянын мурдагы лидеринин айкелин кайтарган, дыйкандарга жардам берүү үчүн чөп чапкан. Кыязы, армиядагы кызматы жөн эле өтүп жаткандай сезилген.
Бир күнү Жеондун атасы "уулум сендей үй-бүлөдө туулуп-өскөн балдар офицер" болбойт деп айткан экен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жеондун ата-энеси дыйканчылык менен алектенет.
"Түндүк Кореяда өсүү үчүн акча керек. Жыл өткөн сайын абал начарлап бара жатат. Университетти жыйынтыктоо үчүн профессорго акча бербесең, начар баа коюшат",-дейт Жеон.
Жогорку окуу жайды мыкты аяктагандар дагы жумуш таба албай кыйналат. Ишке орношуу үчүн баягы эле акча төлөшүң керек.
"Университетти мыкты баа алып бүткөн акылдуу баланы билем. Ал жумуш таба албай, базарда жасалма эт сатып, жан багат",-дейт ал.
Полиция кызматына чакырылбай турганын түшүнгөн Жеон башка жолдор жөнүндө ойлого баштаган. Дал ошол учурда Жеон Кимге кезигип калган экен.

Эки жаштын мамилеси абдан кызык. Түндүк Кореяда күзөтчү менен камалгандар сүйлөшпөйт. Алар "жер менен асмандай" дейт Жеон.
Ким менен Жеон негизинен абакта отурганда шыбырашкан.
"Күзөт камералар бар, бирок электр жарыгы көп өчөт",-дейт Жеон.
Ким менен Жеон эки ай бою шыбырап сүйлөшүп, бири-бирине жакындаган. Бул мөөнөттүн ичинде Кимдин соттук иши жыйынтыкталып, ал төрт жылга Чонгори эмгек лагерине кесилген. Бул жерден Ким аман чыкпай каларын билген.
"Эмне кыларымды билбей калдым. Өзүмдүн жанымды кыйсамбы деп дагы ойлодум. Ыйлап эле жаттым. Чонгори лагерине баргандар адам катары каралбайт. Жада калса жаныбардын укугу бийик каралат",-дейт Ким.

Сүрөттүн булагы, DigitalGlobe/ScapeWare3d
Мына лагерге жөнөтүлөт деп жатканда Жеон Кимге өмүрүн өзгөрткөн сөздөрдү шыбырап айткан:
"Эжеке, мен сага жардам бергим келет. Лагерде сен өлөсүң. Бул жерден качып гана кутула аласың".
Бирок башка түндүккореялыктар сыяктуу эле Ким эч кимге ишенбей калган. Башында ал Жеон алдап, кылмышка түртүп жатат деп ойлогон.
"Мен андан ачык эле сурадым. Сен тыңчысыңбы дедим. Мындан сен кандай пайда көрөсүң, баары бир өлөмүн дедим. Ал жок, тыңчы эмесмин деп айта берди",-дейт ал.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы, 2
Ошондо Жеон өзү дагы Түштүк Кореяга качып кеткиси келгенин ачык айткан. Көрсө, Жеондун Түштүк Кореяда туугандары бар экен. Дал ошол себептен аны офицер катары ишке эч ким алмак эмес.
Жеондо Түштүк Кореядагы туугандары жашаган үйдүн дареги дагы бар эле. Ал ата-энесинин үйүнөн сүрөттөрдү уурдап чыгып, Кимге көрсөткөн.
"Мен Жеонго ишене баштадым. Бирок абдан корктум. Себеби тарыхта абак күзөтчү менен түрмөдө кармалган адам чогуу качкан мисал жок болсо керек",-дейт Ким.
Өткөн жылы 12-июлда түрмөдөн качып чыгууга убакыт келген. Себеби жакында Ким лагерге которулмак. Ал эми Жеондун жетекчиси ал күнү ишке келбей калган. Түн ортосунда эки жаш абактын бийик дубалдарына чыгып, күрүч талааларын кесип өтүп, Туман дарыясына жеткен.
Ошондо 50 метр аралыкта жайгашкан чек ара бекетинде жарык күйдү.

"Бизди түрмөдөн качып чыкканыбыз билинип калып, чек арадагы күзөт күчөтүлүп жатыптыр деп ойлодум. Шашпай, алардын сөзүн уктук. Көрсө күзөт алмашып жатыптыр. 30 мүнөттөй жылбай жаттык, жарык өчтү. Дарыянын боюна барып, сууну кечтик. Дарыяга бир нече жолу баргам, дайыма аны тайыз деп ойлочумун. Көрсө абдан терең экен. Колумда баштык болбосо оңой эле сүзүп өтмөкмүн. Болгону дагы баштыкта тапанча бар эле. Ал суу болсо иштебей калмак. Ошондуктан баштыкты суу кылбай өтүүгө аракеттендим",-дейт Жеон.
Андан дагы орчундуусу, Ким сууда сүзгөндү билбейт экен. Жеон бир колуна тапанчасы бар баштыкты кармап, экинчи колу менен Кимди тарткан.
"Дарыянын ортосуна жеткенде дем ала албай кыйналдым. Башым суунун алдында калып, эчтеке көрүнбөй калды",-дейт Ким.
Ал Жеонду артка кетели деп суранган.
"Артка барсак өлөбүз. Түшүнүп жатасыңбы, өлөбүз деп айттым. Бирок ушунчалык чарчап, сүзө албай калдым. Ушинтип сууга чөгүп өлөт экенмин деген ой келди",-дейт Жеон.
Бирок алар аракеттене берип, дарыянын аркы жээгине жетишкен. Ал жерде Кытай менен чек ара тикенек зым менен тосулуп турган. Бирок Кытайга өткөн түндүккореялык дагы деле коркунучта.
Эки жаш үч күн бою тоолордо жашынып, жергиликтүү кишиден телефон чалып алууга суранган. Ким мурда чогуу иштешкен кишиге байланышкан. Ал Түндүк Корея Кытайга полиция кызматкерлерин жөнөтүп, аларды издеп жатышканын айткан.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы, 3
Кимдин тааныштарынын жардамы менен алар жылып отуруп, Кытайдан үчүнчү өлкөгө чыгып кетишкен. Үчүнчү өлкөдөн Ким менен Жеон Түштүк Кореяга өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк алган. Алардын бул чечими Түндүк Кореяда калган жакындарына коркунуч жаратат. Бирок Жеон качып кеткен учурда армияда кызмат өтөп жатканы, ал эми Ким мурдагы күйөөсү, кыздары менен байланышы үзүлгөнү үчүн жакындарына катаал чара көрүшпөйт деп ишенет.
"Айрым учурда жашагым келип, качып чыкканыма күнөөлүү сезем",-дейт Ким.
Жеондун дагы ошондой сезимдери бар. Ал Түштүк Корея эмес, АКШга барууну чечти.

"Мени менен АКШга барбайсыңбы?",-дейт Жеон.
"Жок, мен англис тилин билбейм. Өзүмө ишенбейм. Каякка барсаң дагы, мени унутпа",-деп жооп берди Ким.
Жеон англисче чогуу үйрөнөбүз деп көндүргөнүнө карабастан, Ким Түштүк Кореяны тандады.
Ал Түндүк Корея баш калаасы Пхеньянга барбай калганына өкүнөт. Ал көп жолу суранса дагы, бийлик уруксат бербей койгон.
"Көрсө биз түрмөдө жашаптырбыз. Бир шаардан экинчи шаарга баруу үчүн уруксат керек эле. Эми каалаганыбызды жасай алабыз",-дейт Ким.
"Түндүккореялыктардын көздөрү бар, бирок алар эч нерсени көрбөйт. Кулактары бар, бирок алар укпайт. Ооздору бар, бирок сүйлөй албайт",-дейт Жеон.
Абакта кармалган аялдын аты өзгөртүлгөн.












