Түндүк Корея бийлиги жаңы шаарды цивилизациянын үлгүсү атады

Түндүк Кореяда жаңы курулган Самчжиён шаарынын ачылыш салтанаты болду. Өлкө бийлиги шаарды заманбап цивилизациянын үлгүсү деп атады.

Самчжиён

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Самчжиёндо төрт миң үй-бүлөгө ылайыкталган көп кабаттуу үйлөр курулду

"Ура!",-деген катуу кыйкырыктардан кийин майрамдык салют атылып, Самчжиёндун асманын кызыл-тазыл түскө боеп, абага шарлар учурулду, деп жазды өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги.

Шаарды курган Аскердик курулуш дивизиясы салтанаттуу марш менен өттү. Борбордук телеграф агенттигинин маалыматына караганда, шаарга төрт миң үй-бүлөгө ылайыкталган көп кабаттуу үйлөр курулду. Ошондой эле лыжа тебе турган жол, стадион жана башка обьектилер салынды.

Салтанат аскердик парадсыз өткөн жок

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Салтанат аскердик парадсыз өткөн жок
Самджиён

Сүрөттүн булагы, EPA

Самджиён

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шаардын ачылыш салтанатына КЭДР лидери Ким Чен Ын катышты

Шаардын курулушун мамлекеттик ММКлар канчалык даңазалабасын өлкө калкынын көпчүлүгү жакыр жана кыйналып жашайт. Курулушка канча каражат сарпталганы белгисиз. Бирок шаардын курулушу өлкө катаал санкцияларды башынан кечирген жылдарга туш келди. Өлкө бийлиги бул долбоордон чоң үмүт кылганын ушундан билсе болот.

Самчжиён

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Самчжиён
Самджиён

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шаарда курулуш иштери дале уланууда
Салют

Сүрөттүн булагы, AFP

Шаардын дагы бир символикалуу мааниси - ыйык саналган Пэктусан тоосуна жакын жерде курулганы.

Бул тоодогу жашыруун партизандык лагерде өлкөнүн мурдакы лидери Ким Чен Ир туулган. Советтик жана кытайлык архивдерде Ким Чен Ир 1941-жылы Хабаровск крайында туулуп, балалыгы өткөнү айтылат. (AbA)

*