Дүйнө назарында ак боз ат минген Ким Чен Ын

Сүрөттүн булагы, AFP
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын ак боз ат минип, өлкө аймагында эң бийик тоого чыкканын мамлекеттик медиа жазып чыкты. Талдоочулар деңиз деңгээлинен 2750 метр бийиктиктеги Пэктусан тоосуна лидер маанилүү кадам жасардын алдында гана бара турганын айтып жатышат.
Лидердин ак карлуу тоодо ат чаптырып бараткан сүрөттөрүн борбордук маалымат агенттиги жарыялады.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, AFP
Бул тоонун корей эли үчүн өзгөчө орду бар. Биринчиден, өлкөнүн символу жана Ким Чен Ындын атасынын кичи мекени.
2017-жылы дагы мамлекеттик басылмалар Ким Чен Ындын Пэктусан тоосуна баргандагы сүрөттөрүн жарыялаган. Ушундан кийин КЭДР лидери кайрылуу жасап, Түштүк Корея менен мамилесин жакшыртуу тууралуу айткан эле.

Өзүнө көңүл бурдуруу аракетиби?

Адегенде бул укмуш сүрөттөрдү талдайлычы.
Кыштын алгачкы кары жаап жаткан Корея жарым аралындагы ыйык жерлерди аралап ат минип бараткан лидердин келбети таасирлүү көрүнөт. Бул сүрөт "Пэкту канын" улаган Ким тукумунун күч-кубатын даңазалоону көздөсө керек. Бирок Түндүк Корея лидеринин жеке басар бийлиги менен ат минген өнөрү ансыз деле элге белгилүү эмеспи.
Бирок медиадагы лидерди даңазалаган прозанын айрым сүйлөмдөрү бизди да ойго түртөт. Өзгөчө соңку сапка көз чаптыралы. Анда "Ким мырза менен барган расмийлер дүйнөнү таң калтыра турган операция болот деп ишенгени" жөнүндө айтылат.
Демейде Ким Чен Ын олуттуу чечим кабыл алар алдында Пэктусан тоосуна келип кетчү. Бул жолу Ким узак аралыкка уча турган ракеталар менен өзөктүк курал сынактарын токтотом деген убадасын кайра карап чыгабы деген күдүк ойлор айтылууда.
АКШ менен сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелди. Дональд Трамп айрым ички жана тышкы маселелерге алагды болуп турат. Түндүк Кореянын лидери тоонун таза абасынан кере дем алып, Трапм администрациясынын көңүлүн өзүнө тартуу амалын ойлоп жаткандыр.
Пхеньнян АКШга өзөктүк программасын токтотуу боюнча келишимди иштеп чыгуу үчүн жыл соңуна чейин убакыт сураган. Ким өзөктүк программаны жок кылуудан мурун санкцияны жеңилдетүү керектигин бир канча ирет билдирди. Бирок Вашингтонду ынандыра алган эмес. Балким дагы бир нече сынак өткөрүп, кысымды күчөткүсү келет. Балким Түндүк Кореянын лидери жөн гана алгачкы карда сергип келүүнү эңсегендир?








