Алкынган ак боз ат минип, ыйык тоону карай чаптырган Ким Чен Ын

Сүрөттүн булагы, AFP/KCNA
- Author, Лаура Бейкер
- Role, Сеул
Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиги Ким Чен Ын жубайынын жана аскер башчыларынын коштоосунда ак боз аттарды минип, Пэктусан ыйык тоосун көздөй чаап баратышкан сүрөтүн жарыялашты.
ЦТАК Түндүк Кореянын лидери "революциялык салгылашуулар" болгон жерлерге арып, андан кийин тоого чыгууну чечкенин кабарлады.
Олчойгон санкциялар
Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөр план боюнча кеткен жок. Олчойгон экономикалык санкциялар алынган жок, Вашингтон азыркы түрүнө караганда ордунан козголчудай түрү жок. Пхеньян өз кезегинде ушул жылдын аягына чейин өзөктүк проблеманы чечүү боюнча ушул жылдын аягына чейин бир келишим түзүүнү өтүнүп жатат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ким Чен Ындын маанилүү чечими бар
Дональд Трамптын көңүлү калып калгандай. Ал керек болсо Түндүк Кореяга каршы аскердик жүрүш баштап жибериши мүмкүндүгүн, Пхеньяндын лидери менен "жакшы мамилесине" да карабай турганын айтып жатат.
Ушул жана келерки апталар АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы дипломатиялык алака үчүн абдан чечүүчү мааниге ээ болуп турат.
"Менин оюмча, 2020-жылы кайрадан кризиске кайтып барчудай иштин башталышын көрүп турабыз",-деди Би-Би-Сиге Окумуштуулардын америкалык федерациясындагы Түндүк Корея боюнча эксперт Анкит Панда.
"Биз мурда өзүбүз болжогондой эле сценарийди көрүп турабыз: баягы эле туталанган Трамп, ал өзүнүн Түндүк Корея менен болгон дипломатиясындагы реалити-шоунун реалдуулугу менен эсептешпей кое албайт".
Чыңалган нерв жана рождествонун алдындагы опуза
Трамп менен Кимдин саммити реалити-шоу мүнөзүндо өткөнү менен Түштүк Корея АКШ президентинин Ким Чен Ын менен жолугушканын "күчтүү чечим" деп атаган эле.
Анда Трамптын жүрүшү бөтөнчө болсо да баары башкача болот деген үмүт бар деп айтышкан.
15 ай мурун эле Түндүк менен Түштүктүн лидерлери корей маселесине чекит коебуз деп Пекту тоосунан кол алышпады беле. Эми андай үмүт жок.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Пхеньян Сеул менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн баш тартып жатат. Мурунку жумада Түндүк Корея Ким Чен Ындын талабы менен Түштүктүн чек арасынын жанында артиллериялык жаңы машыгууларды өткөрдү. Бул жүрүш өткөн жылы жетишилген аскердик келишимди бузду.
Түндүк Корея чек аранын жанында турганда, Түштүк Кореянын чочулай турганы жөндүү. 2010-жылы Түндүк Корея Йонпхен аралын көздөй 170 артиллериялык снаряд жана ракеталар менен сокку уруп, Түштүк Кореянын төрт жаранын өлтүргөн.

Сүрөттүн булагы, AFP
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын октябрь айында дагы ак боз ат минип, өлкө аймагында эң бийик тоого чыккан эле. Талдоочулар ошол убакта деңиз деңгээлинен 2750 метр бийиктиктеги Пэкту тоосуна лидер маанилүү кадам жасардын алдында гана бара турганын айтышкан.
Ким Чен Ын өзүнүн башкаруучу партиясынын жыйынын чакырып жатканы белгилүү. Түндүк Кореядагы эң күчтүү саясий комитет декабрдын аягында чогулуп, эң орчундуу маселелерди карап, чечимдерди кабыл алмакчы болууда. Андан жакшылык күтпөй эле койсо болот дешет. Анткени, Ким АКШ менен сүйлөшүүлөр анын оюндагыдай болбой калгандан кийин опузалык жаңы жүрүштөргө даярданууда. (КС)








