"Саткындар, тыңчылар": Корей согушундагы аскер туткундары, балдарынын тагдыры

Атасы менен агасын атып салган окуядан кийин эмне болгонун Ли эстей албайт. Бул мындан 30 жыл мурун болгон эле. Анда Ли дагы 30 жаштагы кези. Ага чейин эмне болгону анын эсинде.
Түндүк Кореянын алыскы Аоди кыштагында коопсуздук кызматында иштеген кишилер аны стадионго алып барышкан. Жыгачтан жасалган көпүрөнүн жанына тургузуп коюшту. Эмне болорун билбей эле күтүп олтурду. Чогулгандар жарыла бергенде, жүк тарткан унаа келгенин көрдү. Андан эки кишини - атасы менен агасын алып түштү. Жакындарын жазага тартып жаткан учурду карап турган кыздын абалын сөз менен сүрөттөп бериш кыйын.
"Аларды мамыга таңып, саткындар, тыңчылар, реакционерлер аташты", -деп айтып берди Ли Би-Би-Сиге интервьюсунда.
Мына ушул жерден анын эскерүүлөрү чорт үзүлөт. "Кыйкырсам керек, жаагым чыгып кетиптир",-деди ал. Коңшусу эсин жоготуп, оозу кыйшайып калган кызды үйүнө алып кеткен.

Сүрөттүн булагы, ICRC / HANDOUT
Унутулган туткундар
Линин атасы согуштан кийин Түндүк Кореяда кармалып турган 50 миң туткундун бири эле. КЭДР согуш маалында аларды күчкө салып түрдүү аскер бөлүктөрүндөгү курулушта, кен казуу сыяктуу оор жумуштарда иштеткен.
1953-жылы 27-июнда жарашуу тууралуу келишим кабыл алынгандан кийин "туткундарды алмашуу болуп, үйүбүзгө кетебиз" деген үмүт болгон. Бирок келишимге кол коюлардан бир ай алдын Түштүк Корея президенти Ли Сынман бир тараптуу чечими менен 25 миң түндүккореялык туткунду бошотуп жиберет.

Сүрөттүн булагы, AFP
Ал БУУнун күчтөрү өлкөнү бир туунун алдына бириктирүүгө жардам беришин каалаган. Көптөр дал ушул кадам түштүккореялык туткундардын үйүнө кайтышына бөгөт болду деген ойдо. Кийин Түштүк Корея болсо өз жоокерлерин унутуп салды. Акыркы жылдарда үч президент Түндүк Корея лидери менен бетме-бет жолугуп, бирок бирөө дагы аскер туткундарынын тагдыры тууралуу сөз козгогон эмес.
Түндүк Кореяда аскер туткунундагы Линин бүлөсү элден чыккан деп саналчу. Линин атасы Түштүктө төрөлүп, Корей согушу маалында БУУнун тынчтык күчтөрү менен чогуу Түндүк Корея армиясына каршы согушкан. Бул анын жакындары үчүн кара так болуп калды.
Анын бүлөсү өлбөстүн күнүн көрүп жашады. Линин атасы кайсыл бир учурда үйүнө кайтып баруу тууралуу кыялданчу. Оор жумуштан келгенден кийин жаштыгын эскерип, балдарын Түштүккө качып кетүүгө үндөп келген. "Мага медаль берип, силдерди болсо баатырдын балдары катары кабыл алышат",-дечү атасы.
Бир жолу Линин агасы арак ичип алып, атасынын кептери тууралуу досторуна айтып салат. Алардын бири бийлик өкүлдөрүнө жеткирип, көп өтпөй бул атасы менен агасынын түбүнө жетти.

2004-жылы Ли Түштүк Кореяга качып өттү. Бул жакка келгенден кийин Ли атасы куру бекер эле ишенип жүргөнүн билди. Атасын баатыр катары санаган эч ким жок. Аскер туткундарын мекенине кайтарып келүү тууралуу эч качан маселе болбоптур. Ал эми Түндүк Кореяда калган аскер туткундары адам катарынан чыгып калган. Алардын балдарына дагы ошондой мамиле жасалган. Жогорку билим алууга укугу жок жана кесибин өздөрү тандай алышпайт.
"Сөөгүм ата-журтумда көмүлсө"
Сон Мен Хва 40 жыл мурун атасынын айткан сөзү дагы деле кулагында экенин айтып берди.
"Эгерде Түштүк Кореяга өтүүгө мүмкүн болсо, менин сөөгүмдү казып кеткиле дагы, туулуп өскөн жериме койгула",-деген экен атасы.
Сондун атасы Пусандан 18 чакырым аралыктагы Кимхэден эле. Түндүктө ондогон жылдар оор жумуштарда иштөөгө аргасыз болгон. Ал Рак илдетинен каза болуп калган. Көзү өтөөрдөн он күн мурун гана мекенине кайтып кетүүгө уруксат беришкен экен. Бирок үлгүргөн эмес. Сондун айтымында өкүнүчү, өксүгү өзү менен кошо кетти.
Сон 2005-жылы Түштүк Кореяга качып өткөн. Сегиз жылдан кийин гана атасынын керээзин аткарууга мүмкүн болду. Ал жакта калган бир туугандарынын жардамы менен кытайлык ортомчу аркылуу сөөктү алдырган. Өзү баш сөөгүн алып өткөн.
2015-жылы гана ал атасын жоокер катары таанытып, улуттук көрүстөнгө сөөгүн кайра койдурду.

Сон кыз башы менен атасынын керээзин аткардым деп эсептейт. Бирок мунун кесепети оор болду. Түндүк Кореяда калган үй-бүлөсү саясий туткун катары түрмөгө камалган. Учурда Сон Корей согушундагы аскер туткундарынын бирикмесин жетектейт. Ал ушу тапта 110 чамалуу аскер туткундун үй-бүлөсүнүн укугу үчүн күрөшүүдө.
Сон ДНК анализи аркылуу ким экенин далилдеп, атасына төлөнбөй калган эмгек акыларын кайтарып алууга аракет кылууда. Түштүк Кореяга качып өтсө дагы, бийлик аларды аскер туткундарынын бүлөсү экенин тааныбай жатат. Атасын болсо дайынсыз жоголгондордун тизмесине кошуп коюшкан.

Сүрөттүн булагы, Son Myeong-hwa
Түштүк Кореяга качып өткөн аскер туткундарынын аз гана бөлүгү төлөнбөй калган эмгек акыларын кайра төлөткөн. Бирок эч кандай кенемте жөнүндө сөз жок.

Сүрөттүн булагы, Yonhap
Январда Сон жанан анын адвокаты Конституциялык сотко арыз менен кайрылып, Түндүк Кореяда аскер туткунунда жүрүп каза тапкандардын бүлөсүн кайтарып келүү тууралуу өкмөт бир дагы чара көрбөгөнүнө даттанды. Буга өкмөт жоопкер деди Сон:
"Эгерде биз аталарыбыздын ар-намысын тикелебесек, аскер туткундарынын көргөн ит жашоосу, алардын балдары көргөн кордук унутулат". (AbA)
Макаладагы каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү. Дэвиса Суриянын иллюстрациясы









