Ким Чен Ынды орус бийлиги "Жеңиштин 75 жылдыгы" медалы менен сыйлады. Эмне салымы үчүн?

Сүрөттүн булагы, ALEXANDER ZEMLIANICHENKO
Түндүк Кореянын лидери "Жеңиштин 75 жылдыгы" медалы менен сыйланды. Сыйлык согуштан курман болгондордун атын түбөлүккө калтыруудагы салымы үчүн берилгени айтылат. Медалдын жобосунда бирок бул көрсөтүлгөн эмес.
КЭДР лидерин сыйлоо тууралуу Пхеньяндагы орус элчилиги кабарлаган. Алар Владимир Путиндин буйругуна шилтеме беришкен.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
36 жаштагы Ким Чен Ын сыйлыкты "согуштан курман болгондордун атын түбөлүккө калтыруудагы жана КЭДР аймагындагы советтик жарандардын сөөктөрүнүн калдыктарын көмүүдөгү салымы үчүн" берилгени айтылат. 5-май күнү орус элчиси Александр Мацегор медалды салтанаттуу түрдө КЭДР тышкы иштер министри Ли Сон Гвондун колуна бергени кабарланды.
"Улуу ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата мааракелик медалды негиздөө" тууралуу жарлыкка Путин өткөн жылдын 13-июнунда кол койгон эле. Орусияда бул медаль менен согуштун жана эмгектин ардагерлерин сыйлашты. Анын жобосунда согушка катыштыгы болгон, жеңишке салым кошкон кишилерди сыйлоо тууралуу айтылган. Ошондой эле концлагерлерде кармалган ошол маалдагы өспүрүмдөргө дагы медалды ыйгаруу жагы каралган.
Жобо менен алып караганда, Ким Чен Ын бир дагы көрсөтүлгөн категорияларга ылайык келбейт. Бирок ушундай эле Жеңиштин 65, 60, 50 жылдыгына чыгарылган медалдарды убагында анын атасы Ким Чен Ир дагы алган, деп белгилейт "Медиазона".

Сүрөттүн булагы, facebook.com/RusEmbDPRK
Өткөн жылдын апрелинде Ким Чен Ын менен Путин жолугуп, КЭДР жетекчилиги Владивостокко келип кеткен.
Орусия элчилигинин маалыматына караганда, КЭДР аймагында советтик жоокерлердин 11 көрүстөнү бар. Андан сырткары 1 375 советтик аскер кызматкеринин сөөгү коюлган өзүнчө 345 жай бар. 1945-жылы Кореядагы согушта 4,7 миң советтик аскер каза тапкан деп жазат ТАСС.



