Ким Чен Ын тирүүбү? Жабык өлкөдө эмне болуп жатат?

Ким Чен Ын

Сүрөттүн булагы, EPA

Түндүк Кореянын лидери эки аптадан бери коомчулуктун көзүнө түшпөй калды. Өлкөдөгү маалымат каражаттары 11-апрелден бери анын бир дагы жаңы сүрөтүн же видеосун жарыялаган жок.

15-апрелде КЭДР негиздөөчүсү чоң атасы Ким Ир Сендин туулган күнүн майрамдоого - Күн майрамына катышкан жок.

Түштүк Корея жана жапон ЖМКлары, коомдук сайттар анын ооруга чалдыкканын, ал тургай каза тапканын жазып жиберишти.

2014-жылы Ким Чен Ын бир айдан ашуун коомчулукка чыкпай калганда дагы ушундай айың кептер желдей тараган эле. Дүйнөнүн эң жабык өлкөсүндө эмне болуп жатат? Түндүк Кореядан келип жаткан маалыматтардын чын-бышыгын кантип билебиз? Фейк маалыматтарды кантип ажырата алабыз?

Би-Би-Синин суроолоруна Лондон университетинин корей маданияты боюнча адиси, "Улуу лидерлер үчүн ырлар" деген китептин автору Кит Хауэрд жана Сеулдагы Кунмин университетинин илимий кызматкери Федор Тертицкий, Орусиянын Ыраакы Чыгыш институтунун корей борборунун илимий кызматкери Константин Асмолов жооп берет.

Ким Чен Ынга эмне болду?

Ким Чен Ын

Сүрөттүн булагы, Reuters

Кит Хауэрд: Эки Кореянын чек арасында эмне болуп жатканын байкоого алуу өтө маанилүү. Эгерде КЭДР аскерлеринин саны көбөйүп жатса, анда бир мандем бар. Азырынча мындай байкалган жок. Экинчи жагынан, чоң атасынын туулган күнүнө карата белгиленип келген майрамга Кимдин катышпаганы өтө кызык иш болду. Анын имиджи - Ким Ир Сендин ишин улантуучу эмеспи. Ал өзүн чоң атасы сыяктуу алып жүрөт. Маселен, ак боз ат минип ыйык Пэктусан тоосуна чыкканда.

Мурдатан эле анын көп майрамдарга катышпай калган учурлары болгон. Бирок чоң атасынын туулган күнүн калтырчу эмес. Ошондуктан "ооруп калды", "оор операциядан соң өзүнө келип жатат" деген кептерди дагы жокко чыгарууга болбойт. Эгерде кырдаал олуттуу болгондо, биз аны байкамакпыз. Айталы, Пхеньянда коопсуздук чаралары күчөтүлмөк. Азыр мындай жок.

Константин Асмолов: Анын диабет менен ооруганын, тамеки чеккенин жана нерв чыңалган абалда иштегенин эске алганда, ооруп калды деп болжоого болот. Экинчи жагы, анын абалы тууралуу ушак кептер анонимдүү же болбосо антипхеньяндык булактар аркылуу тарап жатат. Биз некролог көрмөйүн Ким тирүү деп эсептейбиз. Ал эми анын жаңы сүрөтү же видеосу чыкканча, Кимге бир нерсе болгон окшойт деп ойлой беребиз.

Федор Тертицкий: Кимдин тегерегинде эмне болуп жатканын эч ким билбейт. Акыркы жолу Түндүк Кореянын "Нодон Синмун" басылмасы Кимдин ТАР президентине жолдогон телеграммасы тууралуу жазды. Бул документте КЭДР лидеринин колу коюлган. Демек, аны тирүү деп айтууга болот. Адатта жол башчылардын өлүмү тууралуу каңшаар кептер тез эле ачыкка чыгат. Сталиндин өлүмү тууралуу дароо кабарлашкан.

Ошол эле КЭДРдин өзүндө Ким Ир Сендин өлгөнү тууралуу маалыматты эртеси эле жарыялашкан. Ким Чен Ирдин каза тапканын бир күндөн кийин кабарлашкан. Эгерде Ким Чен Ын кайтыш болгон болсо, биз аны тез эле угабыз.

Түндүк Корея тууралуу кандай маалыматтарга ишенсе болот?

Ким Чен Ын

Сүрөттүн булагы, KCNA via AFP

Константин Асмолов: Эгерде анонимдүү булактарга шилтеме берген маалыматтарды көрсөк, ишенүүгө негиз жок. Алар КЭДРден качып келген кайсыл бир качкынга же жашыруун маалымат берген булагына шилтеме бериши мүмкүн. Бирок маалыматты ырастаган башка далилдерди келтире албайт. Демек, мындай маалымат кезектеги "беш өрдөгүн учурган" кабар деп билсек болот.

Федор Тертицкий: Түндүк Корея расмий маалымат таратканга чейин башка кабарларга ишенмек эмесмин. 2011-жылы Ким Чен Ир каза табат деп эч ким күткөн эмес. ЖМК арасында ишенимге татыктуулары бар. Маселен, Түштүк Кореянын Daily NK басылмасын айта алам. 2000-жылдардын орто ченинде алар Түндүк Кореяда өздөрүнүн "тыңчылар" түйүнүн түзө алган.

Кит Хауэрд: ЖМК жазып жатканы өзүнчө маселе, ал эми Түштүк Кореянын өкмөтүн өзүнчө карашыбыз керек. Алар болуп жаткан окуяларга байкоо салып турат. Ушундай эле мамиле жапондорго да мүнөздүү. Алардын дагы ишенимдүү булактары бар. Кеп бул жерде маалымат каражаттары эмес, өкмөт тууралуу жүрүп жатат. Ошондуктан эгерде Сеул же Токио ырастабаса, басылмалардагы маалыматтарга ишенүүнүн кажети жок.

Мураскер ким?

Ким Ё Чжон

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким Ё Чжон КЭДР саясатындагы маанилүү кишилердин бири

Кит Хауэрд: Акыркы күндөрү Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжондун ролун байкап жатабыз. Ал эми анын бир тууган агасы Ким Чен Чхолдо бийликке умтулган эч кандай амбиция жок. Басылмаларда Ким Чен Ындын атасынын бир тууганы Ким Пхен Иле тууралуу жазып жатышат. Ал узак жылдары бою Европада дипломат болуп иштеген. Бирок ал бийликтен, саясаттан кетип жаткан муундун өкүлдөрүнө кирет.

2011-жылы Ким Чен Ын атасынын ордун алмаштырганда, аны көпкө чейин даярдашкан. Атасы Ким Чен Ир 2008-жылы эле инсультка кабылат. 2009-жылы эле мураскер тууралуу биринчи ыр чыккан. Башкача айтканда, мураскерди даярдоого эки жыл кеткен. Эгерде КЭДРде кырдаал өзгөрүп кетсе, демилгени саясий бюро өзүнө алат. Ким Чен Ын аскер кишилери мүмкүнчүлүк берген үчүн бийликте турат. Ал аскер жетекчилеринин арасында тазалоо жүргүзгөнү менен алар эмнеге жөндөмдүү экенин толук баалай элек. 1994-жылы КЭДР лидерлигин Ким Ир Сенден кийин Ким Чен Ир алганда, аскер жетекчилери арасында нааразылыктар болгон. Ошондуктан жаңы лидер чыныгы кол башчыга айлануу үчүн эки жыл убактысын сарптаган. Бул учурда Түндүк Корея маданиятында көптөгөн элдик ырлар пайда болгон. Эл кимди алкашын билген эмес: атасынбы, уулунбу же аскерлердиби? (AbA)