Ким Чен Ындын өлгөнү жөнүндө ушак-айың кайдан чыгып жатат?

Сүрөттүн булагы, AFP
- Author, Кирилл Белянинов
- Role, Би-би-си, Вашингтон
Ким Чен Ын бир айдан бери элге көрүнө элек. Бул өз кезегинде дүйнөлүк ММКда ар кандай жоромол-божомолдорду, ушак-айыңды пайда кылды. КЭДРдин лидерине эмне болду? Кытай менен Түштүк Корея аны тирүү эле деп жатат.
Көптөн бери келаткан салттуу эрежелерге карабай, өлкөнүн лидери өзүнүн чоң атасы жана өлкөнүн негиздөөчүсү Ким Ир Сендин 15-апрелде белгиленүүчү туулган күнүн майрамдоого жеке өзү катышпады.
Салт боюнча бул күнү адатта ракеталык куралдын жаңы түрүн сынашчу, бирок бул жолу мамлекеттик ММКлар мамлекет башчысынын сыноо аянтындагы бир да сүрөтүн жарыялашпады.
Мунун баары дүйнөлүк басылмаларда КЭДРдин лидерине бир нерсе болгону жөнүндө ар кандай версиялардын жана жоромолдордун пайда болушуна алып келди. Бирөөлөрү 36 жаштагы Ким Чен Ын жүрөгүнө операция жасатты десе, башкалары анын ден соолугунда диабет менен ашыкча салмактын проблемасы бар экенин жазып чыгышты.
Америкалык чалгын кызматтары күтүүсүз жерден дүйнөдөгү эң жабык өлкөнүн лидеринин ден соолугу аларды да ойлонткон маселе экенин тастыктап, алар дагы маалыматты издөө, тактоонун үстүндө экенин билдирди.
КЭДРдин өзү эмне дейт?
Түндүк Кореянын массалык маалымат каражаттары дүйнөлүк ММКларда болуп жаткан жоромол-божомолдорду билмексенге салгандай көрүндү. Алар мурдакыдай эле экономиканын абалы жана башка проблемалар жөнүндө лидердин атынан билдирүүлөрдү жарыялап жатышат, бирок ошол билдирүүлөр кечигүү менен чыгып жатканына өздөрү көңүл бурбаган сыяктуу.

Сүрөттүн булагы, EPA
Америкалык эксперттердин пикиринде, бул жерде жаңы эч нерсе жок: убагында Швейцариядан билим алган Ким Чен Ын буга чейин деле ички иштер менен алек болуп, эл аралык ММКлардын дүрбүсүнөн чыгып калган учурлар болгон. Анын үстүнө жаш лидердин ден соолугунда мурдатан эле проблемалар бар эле.
Түндүк Кореянын азыркы лидерине арналган «Улуу мураскор» китебинин автору Анна Фифелддин айтканына караганда, Ким Чен Ындын бою 170 см ашыгыраак, ошол эле убакта анын салмагы 140 кг. Анын үстүнө ал тамеки чегет, подаградан жабыркайт жана батыш чалгын кызматтарынын божомолунда диабеттен дарыланып келатат.
Кимдин каршылаштары эмне дейт?
Ким Чен Ындын көрүнбөй калганы жөнүндө Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга барган качкындар чыгарып жаткан басылма биринчи кабарлады. Алардын кабарына караганда, жаш лидер жүрөгүнө олуттуу операция жасатып, азыркы учурда дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан убагы.
Эң көп суроолор өлкөдөгү эң чоң майрам - 15-апрелдеги, лидердин чоң атасына арналган Күн майрамында көрүнбөй калгандан кийин чыга баштады. Бул күнү адатта мамлекет башчы мурдакы башкаруучулардай болуп, френч кийип чыкчу эле.
«Ким Чен Ын 15-апрелде Камсусан Сарайына барбай кое албайт, бул акаарат келтиргенге барабар»,-деп билдирди New York Times гезитине Түштүк Кореядагы Сейджонг институнун эксперти Чен Сен-чанг.
20-апрелде Түндүк Кореядан чыккан качкындар жетектеп келаткан түштүккореялык басылма Км Чен Ын жүрөгүнө операция жасатканын кабарлады. Басылма өз кезегинде «көп сандаган булактарга» таянып жатканын белгилеп, азыркы учурда мамлекет башчы Пхенъяндын сырт жагында дарылануу курсун өтүп жатканын билдиришти.
Түштүк Кореянын ММКлары ошондон кийин жогоруда айтылган басылманын "көп сандаган булактары" болгон эместигин, алар бир гана булакты пайдаланышканын тактап жазып чыгышты. Ошондой болсо да дүйнөлүк ММКлар, анын ичинде Си-Эн-Эн жана Рейтер агенттиги "Ким оор абалда жатат" деген кабарды жарыялашты.
КЭДРдин лидеринин ден соолугу жөнүндө эч маалыматы жоктугун өткөн аптанын башында АКШ президенти Дональд Трамп дагы билдирди.
КЭДР лидерин эмне оорудан дарылашты?
Жапониянын "Сюкан Гэндай» апталыгынын кабарына караганда, Түндүк Кореянын лидери жакында эле жүрөгүнө операция жасатып, азыр сакайуу курсун өтүп жатат.
Макаланын авторунун айтканына караганда, төрага өлкөнүн региондорунун бирин кыдырып жүрүп, «кокустан кулап түшкөн». Ошондон кийин Пхеньянга жеткирилип, жүрөгүнө операция жасалган.
Өткөн аптанын аягында маалымат агенттиктери Кытайдын бийликтери Пхеньянга коммунисттик чоң кызмат өкүлү баштаган дарыгерлердин тобун жиберишкенин кабарлашты. Бул коронавирустун эпидемиясы менен байланыштуубу же өлкө лидерин дарылоо мененби, чындыгы белгисиз.
Гонконг менен Түштүк Кореянын бир нече ММК соңку аптада Ким Чен Ын «вегетативдик абалда» болгонун билдиришти. Бирок бул кабардын далилдери болгон жок. Ошондой эле Түндүк Кореянын лидери азыр Вонсан шаарында өкмөттүк резиденциялардын биринде деген маалымат да тактала элек. (КС)









