Кокустан атылган ок: КЭДР менен Түштүк Кореянын чек арасындагы кырдаал

Түндүк-Түштүк Кореянын чек арасы

Сүрөттүн булагы, Getty

КЭДР менен Түштүк Кореянын аскер күчтөрү соңку үч жылдан бери биринчи ирет демилитаризация болгон аймакта ок атыша кетти. Сеулдун маалыматы боюнча Түндүк Корея тарабынан Чхорвон шаарындагы чек ара бекетине ок атуулар болгон.

Түштүк Корея бийлиги кабарлагандай, алардын куралдуу күчтөрү дагы жооп кылып, ок аткан. Андан кийин эскертүү жасашкан. Эки тарап тең жоготуулар тууралуу айткан жок.

Акыркы жолу бул сыяктуу ок атышуу 2017-жылы катталган. Анда Түндүк Корея жоокери качып чыгып, чек араны кесип өткөн учурда атышуу болгон.

Бул жолку окуянын себеби ачык айтыла элек. АКШнын мамдепартаментинин жетекчиси Майк Помпео КЭДР тарабынан ок атылышы кокустук болушу мүмкүн деп билдирди.

Түштүк Кореянын аскер күчтөрү дагы КЭДР тарабында чек арага топтошкон кандайдыр бир активдүүлүк байкалбаганын айтты.

Ок атышуу КЭДР лидери Ким Чен Ындын ден соолугу тууралуу ар кандай сөздөр айтылып жаткан маалга туш келди. Түндүк Корея лидеринин үч аптадай эл алдына чыкпай калганы талкууга түшкөн. Дүйнөлүк ЖМКлар жана коомдук сайттарда анын саламаттыгы тууралуу түрдүү айың кептер, ар кандай жоромолдор айтылды.

Үч аптадан бери коомчулуктун көзүнө түшө элек Ким Чен Ын заводдун салтанаттуу ачылышына катышты

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үч аптадан бери коомчулуктун көзүнө түшө элек Ким Чен Ын заводдун салтанаттуу ачылышына катышты

Сеулдагы Би-Би-Си кабарчысы Лора Бикердин айтымында, ок атышуудан бир сутка мурда Ким Чен Ын коомчулуктун алдына чыкты. Түндүк Корея лидери Сунчхондогу заводдун ачылыш салтанатында тасма кести. Сүрөттөрдө анын көп кишинин коштоосунда жылмайып турганын көрүүгө болот.

Түштүк Кореялык басылмалар Ким Чен Ын жүрөгүнөн операция болуп оор абалда жатканын жазып чыгышкан. 12-апрелден бери дайыны чыкпай калган КЭДР лидери биринчи жолу чоң атасы Ким Ир Сендин туулган күнүнө катышпай калганы дагы талкууну күчөткөн эле.

Сеулдагы саясий изилдөөлөр институтунун вице-президенти Чхве Кандын пикиринде, Түштүк Корея менен чек арадагы ок атышуу Ким Чен Ындын кайтып келишине байланыштуу атайын чагым болушу да мүмкүн. Чек арадагы кырдаал Түндүк Корея аскерлеринин духун көтөрүү максатында да болушу мүмкүн дейт айрым эксперттер.

Эки өлкөнүн чек арасындагы демилитаризациялык аймак Корей согушунан кийин 1953-жылы түзүлгөн. Акыркы жылдары эки өлкө тең чек арасын чычкан өткүс кылып бекемдеп салган. 2018-жылдагы Пхеньян саммитиндеги келишимдердин бири - чек арада чыңалууга жол бербөө тууралуу эле. (AbA)