Түндүк Корея: Кимдин дайыны табылды

Ким Чен Ын коомчулук алдына чыкпаганына 25 күн болгон

Сүрөттүн булагы, KCNA/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким Чен Ын коомчулук алдына чыкпаганына 25 күн болгон

Бир айдан бери дайыны чыкпаган Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын кооомчулуктун алдына чыкты. Ал Эмгекчилер партиясынын Борбордук Комитеттинин жыйынын өткөрдү.

Бул тууралуу Түштүк Корея басылмалары КЭДРдин Борбордук телеграф агенттигине шилтеме берип жазып чыгышты. Акыркы жолу Ким Чен Ынды 22-октябрда Корей согушунда курман болгон кытайлык ыктыярчылардын көрүстөнүндөгү эскерүү иш-чарасында көрүшкөн.

КЭДР бийлиги өлкө аймагында коронавирустун бир дагы учуру катталбаганын айтууда. Бирок Борбордук Комитеттин саясий бюросунун жыйынында Түндүк Корея лидери өтө жогорку даярдыкта турууга тапшырма берди.

Түштүк Кореянын чалгын кызматы кабарлагандай, коронавируска байланышкан кырдаалда Түндүк Корея диктатору Ким Чен Ын катаал чараларга барууда.

Кытайдан коронавирус жуктургандар өтүп келбесин деген кооптонуудан улам Түндүк Корея чек арасына мина койгон. Бирок христиандык кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү Түндүк Кореяда жашыруун карантин лагерлери бар экенин айтып келет. Маалыматтарда айтылгандай, лагерлер Кытайга жакын чек арага жайгашып, бейтаптарга жетиштүү медициналык жардам жок. Ал тургай көпчүлүгү ачкачылыктын азабын тартып жатканы айтылууда. Айрым тургундар болсо коронавирус белгилерин жашырып, үйүндө эле дарыланууда деген кабарлар айтылып жатат.