Ким Чен Ын бийлигин карындашына өткөрүп бердиби?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түштүк Кореянын чалгын кызматы КЭДР лидери Ким Чен Ын өзүнүн ыйгарым укуктарынын айрымдарын карындашы Ким Ё Чжонго өткөрүп бергенин ырастоодо.
Бийлик башында мурдакыдай эле Ким Чен Ын өзү турат. Бирок айрым мамлекеттик саясаттын багыттарына эми анын жакындары жооп берет, дейт Түштүк Кореянын чалгын кызматы. Бирок чалгын кызматы айрым учурда жаңылыш тыянак чыгарган учурлар болгонун эске сала кетели.
Түштүк Кореянын чалгын кызматы өз маалыматын Сеулда жабык эшик артында депутаттарга тааныштырды. Кийин парламентарийлер бул тууралуу журналисттерге жарыялап жиберген.
Ким Ё Чжон мындан ары Пхеньяндын сырткы саясатын, тагыраагы АКШ менен Түштүк Корея боюнча сүйлөшүүлөргө жооп берип, иш жүзүндө өлкөдөгү экинчи адамга айланды.
Айрым аналитиктер Түштүк Кореянын чалгын кызматынын тыянактарына макул эмес. NKNews порталы белгилегендей, августта Ким Чен Ындын карындашы эки маанилүү жыйынга катышкан жок. Ушундан кийин аны кызматынан төмөндөтүшкөнү тууралуу сөз болгон.
Ким Ё Чжон ким?
Ким Ё Чжондун саясий карьерасында 2014-жылдан тарта ташы өйдө кулап баштаган. Аны өлкөдөгү Ким Чен Ындан кийинки эле эң таасирдүү адам деп эсептешет.
Эки жыл мурун 30 жаштагы Ким Ё Чжон Эмгекчилер партиясынын саясий бюросунун мүчөсү болуп дайындалган. 2015-жылдан тарта Борбордук Комитеттин пропаганда жана үгүт бөлүмүнүн жетекчи орун басары болуп иштеп келүүдө.
Чжон КЭДРде адам укугунун бузулушуна катыштыгы бар деп, АКШнын санкциясындагы тизмеге илинген жагы бар.
Ким Ё Чжон 1987-жылы туулган деп айтылып жүрөт. Ал Ким Чен Ирдин эң кичүү кызы. Агасынан төрт жашка кичүү. Мектептеги билимин агасы сыяктуу эле Швейцариядан алган.
2015-жылы Ким Ё Чжон турмушка чыкканы кабарланган. Анын жолдошу Цой Сон өлкөдөгү таасирлүү саясатчылардын бири - Эмгекчилдер партиясынын катчысы Чхве Рён-Хэнин уулу.
2013-жылы Чхве Рён-Хэ Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Бээжинде жолуккан. Өткөн жылдын соңунда Түштүк Кореяга, андан соң Орусияга барды.
Эки жыл мурун Ким Ё Чжон КЭДР делегациясын жетектеп, Түштүк Кореяда өткөн Олимпиаданын ачылышына барган. Мунусу менен ал биринчи жолу Түштүк Кореяга келген Кимдердин династиясынын өкүлү болуп калды. КЭДРдин жогорку бийлик өкүлдөрүнүн бул сыяктуу иш сапары акыркы жолу 1953-жылы, корей согушунан кийин болгон экен.

Анализ
Лора Бикер, Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысы
Ким Ё Чжондун карьерасы улам өр тартып жатканына эч кандай күмөн жок. Ал март айында биринчи жолу билдирүү менен чыгып, Түштүк Кореяны катуу сынга алган. Ошондо эле бийликти ага "жогорку лидер, партия жана өкмөт" бергенин айтып өткөн.
Ким Ё Чжон өлкө лидери Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамптын экинчи саммити болжогондон кечирээк өтүп калышы мүмкүн экенин билдирген. КЭДРдин АКШга эч кандай коркунучу жок экенин дагы эскерте кеткен эле. Айрым аналитиктер мына ушул сөздөрү аркылуу эле аны мындан ары Пхеньян менен АКШ жана Түштүк Корея ортосундагы мамилеге Ким Ё Чжон жооп берет деп болжошкон. Бирок бул деген өлкөнүн кийинки лидери Ким Ё Чжон болот дегенди билдирбейт. Түндүк Кореянын саясатындагы тышкы жана ички саясаттын көп багыттарына жооп берген кишилер бар.

Түштүк Кореянын чалгын маалыматтары канчалык ишенимдүү?
Түндүк Корея дүйнөдөгү эң жабык өлкө. Ошондуктан Түштүк Кореяга көп маалыматтар демилитаризация тилкесинен келет. Бирок маалыматтар жаңылыш болуп, олуттуу катачалыкка жол берилген учурлар көп.
Маселен, 2016-жылды Түштүк Корея басылмалары чалгын кызматына шилтеме берип, Түндүк Кореяда Башкы штабдын жетекчиси Ли Ён Гиль өлүм жазасына тартылганын жазып чыгышкан. Үч айдан кийин Түштүк Корея өкмөтү анын тирүү экенин билдирип чыкты. (AbA)










